2016-жылдын 27-ноябрь күнү Сузак РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун 43-чакырымында бейтааныш аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Көп өтпөй ал аялдын өлүмүнө шектелип таксист кармалды.
ОКУЯНЫН ЧОО-ЖАЙЫ
Маалымат боюнча Сузак районунун Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Таран-Базар айылына барышкан ыкчам иликтөө кызматкерлери кан жолдун боюндагы аңдын ичинен болжол менен 25-28 жаштардагы аялдын жансыз денесин көрүшкөн. Маркумдун денесин кароо учурунда бетинен жана башынан жаракаттар табылып, анын киши колдуу болуп каза тапкандыгы аныкталган. Көп өтпөй каза болгон аялдын ким экендиги такталып, ал 1990-жылы Майлуу-Суу шаарчасында туулган А.Д. экени белгилүү болгон. Бул окуя боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө маркумду өлтүрүүгө шектелип 1989-жылы Жалал-Абад шаарында туулган И.А. аттуу жаран кармалган.
"КЫЗДЫ ЫРГЫТЫП ЖАТКАНДА ТИРҮҮ БОЛЧУ"
Кылмышка шектүү тергөө учурунда күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, бул кадамга эмне себептен баргандыгын төмөнкүчө түшүндүргөн:
– Өзүм Жалал-Абад шаарындагы такси кызматтарынын биринде Хонда Фит үлгүсүндөгү унаам менен таксист болуп иштечүмүн. Бойдокмун. 26-ноябрдан 27-ноябрга караган түнү иштеп жүрсөм, шаардын борборунан бир кыз мас абалында токтотту. Ал менден шаардын Спутник кичи районуна жеткирип коюуну суранды. Айткан дарегине жеткирдим. Жеткен соң ал "байке, унааңызда бир аз отуруп арак ичип алайынчы" деп суранды. Колунда 1 бөтөлкө арак, 1 бөтөлкө чалап суусундугу бар экен. Мен "жок, үйгө кетишим керек" десем, "2 эле стакан ичип алып түшөм" деди. Мен макул болдум. Ошентип экөөбүз таанышып, анын арагын чогуу ичтик. Арак түгөнүп калганда мен дагы арак алып келип, аны да ичтик. Мен да мас болуп калдым. Көп өтпөй ал кыз мага тийишип, асыла баштаганда экөөбүз анын каалоосу менен унаанын ичинде жыныстык катнашта болдук. Бир убакта ал телефонун алып чыгып "мени зордуктады деп милиция кызматкерлерине билдирем" деп чыр чыгара баштады. Анын бул кылганына жиним келип ошол жерден эшикке алып чыгып 2-3 жолу бетке урдум. Ал жерге жыгылып, эсин жоготуп койду. Аны унаамдын багажнигине салып, өзүм унаамда отуруп уктап калыптырмын. Түндө үшүгөнүмдөн ойгонуп, багажникте кыз бар экенин эстеп, таң атып кете электе кылмышты жашыруу максатында унаамды Таран-Базар деген айыл тарапка айдап барып, кызды жол жээгиндеги аңга ыргытып кетип калдым. Кызды ыргытып жаткан маалда ал тирүү болчу, жакшы эле сүйлөп, дем алып жаткан. Аны бирөө-жарым көрсө "Тез жардам" чакырат болуш керек деген ойдо шаардан алысыраак таштап кетип калгам.
"МАРКУМ МУРДА АПАСЫНА БЫЧАК САЙГАНДЫГЫ ҮЧҮН СОТТОЛГОН"Бул окуя боюнча Сузак РИИБинин жетекчиси Нурбек Жаныбеков төмөнкүдөй маалымат берди:
– Бул кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарында таксист болуп иштеген жаран кармалып, Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Биздин кызматкерлер текшеришкенде, анын унаасынын багажнигинен кандын тактары табылган. Ал кандарды жууп, тазалоого аракет кылган экен. Кылмыш кылгандын эртеси жумушуна чыкпай, изин жашырып Орусияга кетип калууну көздөптүр. Бирок ал биздин кызматкерлердин ыкчам аракетинин негизинде кармалды. Учурда анын үстүнөн "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүрүүдө.
Маркум жөнүндө айтсам, ал Майлуу-Суу шаарынын тургуну болгону менен, Сузак районунда сиңдисинин үйүндө убактылуу жашап жүргөн. Турмушка чыга элек, балдары жок. Мурда өз апасына бычак сайгандыгы үчүн соттолгон экен.
Маркумдун сиңдисинин көрсөтмөсүнө караганда ал мурда дагы "тиги зордуктап койду, бул зордуктап койду" деп ар кимге жалаа жаап, арыз жазып акча өндүрүп жүргөн. Бул фактылар азыр такталууда. Анын мындай жоруктарынын айынан маркумдун сиңдиси "мени элге уят кылдың" деп эжеси менен уруша кетип, маркум Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда батирде жашап жүргөн.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg