ДЕПУТАТТАР: "ТЕМИР САРИЕВ АДИЛЕТСИЗ ЖУМУШТАН КЕТКЕН"

Балыкчы-Корумду жолу боюнча чечимди тендердик комиссия кабыл алды, бирок жумуштан Темир Сариев алынып калды. Мындай оюн "Бир бол" фракциясынан депутат Кубанычбек Жумалиев Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 29-ноябрдагы отурумунда билдирди. Ал экс-премьер жолду каржылоону бюджетке убагында киргизген эмес деп сындалып, бирок жыйынтыгында жаңы дайындалган өкмөт башчы бюджетке киргизди, Жогорку Кеңеш аны колдоп берди деп эскерди. "Аталган жол 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюну учурунда курулду. Кызыгы, ошол эле тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө жаңы премьер-министр текшертип, жол курууну ишке ашырды. Эч нерсе өзгөргөн жок. Бир гана Темир Сариев отставкага кетүүгө аргасыз болду",- дейт депутат.
Эскерте кетсек, Балыкчы-Корумду унаа жолун салуу 2015-жылы экс-премьер-министр Темир Сариевдин демилгеси менен башталган. Бул жолду куруу Ысык-Көл облусунун жашоочуларына жана Ысык-Көлгө барчу туристтерге шарт түзүүгө максатталган. 2016-жылдын 11-апрелинде өкмөттүн жыйынында Темир Сариев премьер-министр кызматынан өз ыктыяры менен кетерин билдирген. Мындай чечимге келүүсүнүн себебин өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөр менен байланыштырган. Өткөн аптадагы Сариевдин көлдүктөр менен болгон жолугушуусунда жашоочулар аталган жол боюнча ыраазычылыктарын билдирген болчу.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 735, 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан