УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ КЫСКАРТУУГА УЧУРАДЫ

Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев курамдын 40 пайызга кыскарганын 15-ноябрда маалымдаган болчу. Ага ылайык, 4 вице-президенттик жана 9 илимий изилдөө институттары жоюлуп, башка тектеш институттарга бириктирилген. Эркебаев мындай кыскартуудан чочулоо керек эместигин эскертет. Анын айтымында, 2 жыл мурда Улуттук илимдер академиясын жоюп, институттарын жогорку окуу жайлардын карамагына өткөрүү демилгеленген. Бирок өкмөт академияны сактап, анын түзүмдөрүн өзгөртүү менен ишмердүүлүгүн жакшыртуу чечимине келген. "Мындай кыскартуу өкмөттүн 2014-жылдын 26-октябрындагы токтомунда кабыл алынган" деп билдирет академиянын президенти.
Аталган кыскартууларга нааразы болгон айрым институт кызматкерлери 28-ноябрда академиянын алдына чогулушту. Алар кыскартууну "жасалма реформа" катары баалашууда. Нааразы топтун билдиришинче, изилдөө аймагы туура келбеген институттар бириктирилген. "Биология жана топурак таануу институтуна тоо физиологиясы жана технология институттары кошулду. Буларды бириктирүү мүмкүн эмес" дейт нааразылар.
Коомдогу илимий чөйрө инсандарынын айтымында, Кыргызстанда учурда илимий иликтөө, ачылыштар жокко эсе. Бар же жок экени билинбеген айрым мекемелердин жоюлганы дурус дешет. Академиянын президенти Эркебаев аталган кадам мекемени жоюлуп кетүүдөн сактайт деп белгилейт. Эске салсак, Улуттук илимдер академиясы СССРдин Илимдер академиясынын филиалы катары 1943-жылы ачылган. 1990-жылдары 4000ден ашуун адам иштеген болсо, кыскарып отуруп учурда 1940 адам эмгектенет.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 735, 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан