"КЫРГЫЗТЕЛЕКОМДУН" ЖЕТЕКЧИСИНЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ

"Кыргызтелеком" ААКсынын башкармалык кеңешинин төрагасы Эмил Ешеналиевге Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Премьер-министр бир апта мурда "Кыргызтелеком" ишканасынын жетекчилигинин ишмердүүлүгүн текшерип чыгууну Башкы прокуратурага тапшырган болчу. Буга аталган ишкана Казакстандык интернет провайдерлери менен тымызын сүйлөшүүгө барып, бааны көтөргөн болушу мүмкүн деген божомол себеп болгон. 2016-жылдын 29-июль жана 1-август күндөрү "Кыргызтелеком" ишканасынын жетекчилиги "G.К.S.G" компаниясы менен секундасына 1 мегабит интернетти 30 доллардан сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Натыйжада өлкө казынасына 275 миң доллар зыян келген. Аталган иш өкмөт алдындагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматына өткөрүп берилди. Ага ылайык, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчилигине Эмил Ешеналиевди кызматтан алуу боюнча тапшырма берди.
Эске салсак, интернеттин баасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу атайын депутаттык комиссия түзүлүп, алар "Кыргызтелеком" ишканасын айыптаган корутунду чыгарып беришкен. Ал эми мекеменин башкармалыгы мындай корутундуга макул эместигин айтып, келишимге аргасыздан кол койгону боюнча билдирүү тараткан. "Бааны көтөрүү боюнча келишимге кол койбой койсок, казак тарап интернетти үзүп салмак. Натыйжада УКМК, аэропорттор, банктар, ооруканалар жана ушул сыяктуу стратегиялык мааниге ээ мекемелер интернетсиз калмак. Бул чоң тобокелчилик эле",- деп айтылат билдирүүдө. Бир нече жолку сүйлөшүүлөрдөн кийин учурда казак тарап секундасына 1 мегабит интернетти 15 долларга чейин сатууда.
Баанын жогорулашына байланыштуу Кытайдан сатып алуу боюнча сунуштар айтылып, бирок эксперттер интернет арзан болгону менен, ылдамдыгы начар болорун эскертишкен. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков ноябрдын аягында Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа менен болгон жолугушуусунда интернетти Кытайдан ташуу маселесин талкуулаганы белгилүү болду.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 735, 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан