"МОНИКА БЕЛЛУЧЧИ" КАЙРАДАН САХНАДА

"Тамашоу" долбоорунун күйөрмандары үчүн жакшы жаңылык. 5-сезондун чемпиону аталган "Моника Беллуччи" командасынын өзгөчө тамашаларын сагынгандар көп болсо керек? Аталган команда "мындан ары ойнобойбуз" дешкенде "Тамашоуну" аларсыз элестетүү кыйын болгон. Бирок топтун "фишкасы" болгон Жеңиш, Бакыт дагы деле элден алыстабай, кино талаасында ийгилик жаратып келишет. Бир кезде "Сулуулук дүйнөнү сактайт" деген девиз менен чыккан команда кайра биригип, элге күлкү тартуулоо үчүн камынып жүрүшөт. Бул боюнча команданын капитаны Бакыт Осмонканов: "Моника Беллуччи" чемпион болгондо коштошуу концертин өткөрөлү деген кыялыбыз бар болчу. Бирок ар кандай себептерден улам оюбуз ишке ашпай калган. Арадан бир нече жыл өтсө да ошол кыялыбыз оюбуздан кеткен жок. Андыктан топтун толук курамы чогулуп, концерт берели деп чечтик. Ошону менен эле тарап кетпей, киностудия ачып, чет өлкөлөр менен иштешүү пландарыбыз бар",- дейт.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
ainura220888
2016-12-07 14:47:41
Кыйратасынар.
-4
engel
2016-12-07 15:10:26
ainura220888,emnege kyiratasynar???!! Iygilik!! Bolsun! Tileginer, plandarynar ishke ashsyn
0
aijan.borkoshova
2016-12-07 16:48:05
Жеңиш менен Бакыт аябай жагатда...Аябай таланттуу балдар.Чыгармачылык ийгилик!
0
Surgut777
2016-12-07 23:19:26
Ийгилик
0
Jamalym
2016-12-08 00:28:11
Бакыт,ийгилик!
0
SerDastanKanjarson
2016-12-09 23:51:25
Биртууганчиктерге ийгтлик
0
12katya21
2016-12-13 02:50:07
Ийгилик
0
ilana
2016-12-15 13:47:04
Азиз дегени жакшы кулдурот.. ийгилик
0
ilana
2016-12-15 13:47:19
Азиз дегени жакшы кулдурот.. ийгилик
0
№ 735, 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан