30-ноябрь күнү Парижде "Victoria’s Secret Fashion Show 2016" мода көргөзмөсү болуп өттү. Анда орусиялык модель Ирина Шейк 2 ирет подиумга чыккан. Ошондон кийин эле журналисттер анын кош бойлуу экендигин жар салышты. Бул маалыматты моделдин ишенимдүү өкүлү "E! News" басылмасына тастыктап, Иринанын 4 айлык боюнда бар экенин билдирген.