СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

Эми кош бойлуу болуп калганымды Бактиярга кантип жеткирип, кантип айтарымды билбей айлам кетти. Андан башка эч кимге, жан адамга айта албайт болчумун. Какаганга-муштагансып, “Бактияр айылындагы бир кызга үйлөнүп жатыптыр” деген кабар келди. Досторун издей баштадым. Аскарды шаардан таба албаган соң “Дордой” базарында иштеген Надирге барууга туура келди. Анын чоң базардын кайсы жеринде иштегенин так билбесем да, издеп бардым. Ар бир контейнерди тытып издеп, бирок таба алган жокмун. Үчүнчү күнү гана араң таап, Бактиярдын зарыл экендигин айттым. Ал ар кайсы тааныштарына байланышып, жардам берүүгө аракет кылды.
– Кеткенден бери кабарлаша алдыңбы?- деп сурадым.
– Өзү менен сүйлөшө алган жокмун. Бирок чоң атасынын каза болгону жалган экен,- деди Надир.
– Эмне, ушундай да жалган болчу беле?!
– Жездеси мага ушундай деп түшүндүргөн. Апасы Бактиярды келбей коёт деген го, жалган айтып чакыртыптыр,-деди желкесин куушуруп.
Мен ого бетер санаага батып, ичимден сыздап кеттим. Демек, бул – Бактияр экөөбүздү алыстатуунун, ажыратуунун айласы болгон. Эми эмне кылам?.. Бактияр айласы куруп айылда отуруп калган окшойт. Болбосо, окуусунун башталганына бир жума болду, эмне үчүн келбейт? Чын эле үйлөнүп алган болсочу?..
– Надир, эми Бактиярды издетпей эле кой. Сага чоң рахмат!- дедим коштошуп.
– Маселең эмне болот?- деди кабатырланып.
– Кайсы маселе?!
Мен сырымды байкабай айтып алдымбы деп чочуп кеттим.
– Билбесем, өзүң Бактияр экөөбүз чече турган олуттуу маселе бар деп айттың го,- деди таңыркап.
– А-а, эми аны өзүм барып таппасам болбой калды!
– Каякка барасың?
– Бактиярга жолугушум керек.
– Барсаң салам айтып кой. Биздин айылыбызды көрүп, таанышып келесиң. Жардамым керек болсо тартынба,- деди коштошуп жатып.
Мына, жигиттин сөзү! Ичинде арамдыгы, кытмырлыгы жок достун сөзү!
Эртеси эртең менен жолго чыгып, кечинде Бактиярдын айылына жеттим. Барарын барып алып, эмнеге келдим деп бушайман боло баштадым. Өзүмдү-өзүм тилдеп, кайра артка кайтуунун айласы калбаган соң Бактияр айткан дарек боюнча үйүн таптым. Мавлян аттуу иниси Бактиярдын бадага мал кошкону кеткенин айтып, мени Бактиярдын карындашы Толгонайга алпарды.
Толгонай мени көргөндө кубанып кетти.
– Малика, кантип таап кел­диңиз?
Экөөбүз кучакташып, сагынышкан курбулардай амандаштык. Анын жумушун­да кечки иңирге чейин сүйлө­шүп отурдук. “Бактиярды үйлөнтөбүз. Болбосо, шаардагы кызына кетип калат” деп апасынын келин издегенин жашырбады. Анын сөзүнөн улам уккандарым ушак эмес, чындык экенине ынандым.
– Бактияр агам тоого мал кошкону кетиптир, кечинде келет. Ал келгенче экөөбүз кафеден тамактанып келели,- деп ой-боюма койбой кафеге алпарды.
– Апаң башка келин издеп жатса, анда жеңең болбой калат экенмин да, Толгонай,- дедим тамактанып жатып.
– Аянычтуу, сизди жакшы көрөм. Чынын айтсам, апамдан коркуп эч нерсе айта албай койдум. Канча жолу сизге жан тартууга аракет кылсам да, колумдан келбеди. Унчуга албадым. Сизге жардам бере албаганым үчүн кечирип коюңуз,- деди күнөөлүүдөй.
– Сенден улуу, колунан иш келген чоңдор да мага жардам бере алган эмес. Алтургай жардамдашууну да каалабады. Сен капа болбо, биз эже-сиңди бойдон калабыз. Андан көрө тааныштарың болсо чакырбайсыңбы, экөөбүздү айылга алпарып келсин,- дедим, аны жоошутуп.
– Мен бул жерден эч кимди тааныбаймын, тааныш балдарым да жок... И-и, баса, бирөөнү чакырсам, эч кимге айтпайсызбы, Бактияр агама да?
– Кимди?
– Эсиңиздеби, шаарда жүр­гөнүмдө сиздин телефону­ңуздан бир жигит менен сүйлөшүп калчу элем го, ошол жигит мени сүйүп жүрөт. Айтсам жок дебейт,- деди да, менин чөнтөк телефонум менен сүйлөшүп, аны чакырды. Айтканындай эле арадан жарым саат өтпөй, анысы машина айдатып келип калды. Жанында үч жигит бар экен. Таанышып, ал-жай сураштык.
– Жакшылык, күйөө бала­ңыз болом десем да жарашат,- деп орто бойлуу, жүзү жарык, токтоо жигит өзүн тааныштырды.
– Малика жеңе дей бер, сен да,- деп өзүнө жараша тамашалай жооп узаттым. Калган жигиттердин аты эсимде калган жок. Бир досун жанына алып, үчөөбүз машина менен Бактиярга жөнөдүк.
– Толгонай, сен барбай­сыңбы?- деди Жакшылык андан күдөрүн үзбөй.
– Ал барса болбойт! Бактиярга эмне деп айтмак элек? Мен такси жалдап келдим деп коёмун, келиштикпи?!
– Келиштик, азыртан же­ңеме “подход” жасап туралы,-деди тамашалап.
Жол ката “Бактияр мени кантип күтүп алар экен?..” деп ойлонуп бараттым. Ичимден жакшы кабыл албай тургандыгын сезип турдум. Ошентсе да, барышым керек эле. Мүмкүн жакында ата болорун укса кубанат. “Эгиз экен, экөө тең уул деп алдасамбы?..” деген да ой келип, кайра бул оюмдан кайттым.
– Жеңе, силер азамат экен­сиңер, эй... Тойду тездеткиле, силерди күтүп калдык,- деди Жакшылык оюмду бузуп.
– Толгонайды чындап сүйөсүңбү?! Анын тамчы жашын агызууга акың жок! Эгер, аны түбөлүк бактылуу кылууга сөз берсең, кезекти берип да коё беребиз!- дедим олуттуу.
– Буга Толгонай макул болбойт. Агасы үйлөнгөндөн кийин гана турмушка чыгам деп жатат.
– Айтор, капа кыла көрбө. Сүйсөң, күтүшүң керек. Акылдуу, токтоо кыз. Ал менин бир тууганымдай болуп калган.
– Ал да сизди жакшы көрүп, сыйлайт. Бардык жеңе-кайын сиңди силердей болсо дүйнө тез эле оңолот эле.

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Nuray
2010-04-01 15:55:21
Бул чыгарманын толук вариантын чыгарып койсонуздар жакшы болмок. П.С.Авторы ким?
0
Bemulya
2010-04-04 23:06:49
ulandysy ka4an bolot ????
0
№ 386, 26-март - 1-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА