КЫЛМЫШКЕРДЕН ГОЛЛИВУД ЖЫЛДЫЗЫНА АЙЛАНГАН ДЭННИ ТРЕХО

Адатта биз мындай окуяны угабыз. Голливудду багындырган актёр же актриса манчыркап көөп кетет, ичип кетет, баңгизатын колдонуп акыры түрмөгө отурат. А Дэнни Треходо баары тескерисинче. Ал адегенде баңги болуп, түрмөгө отуруп чыккан, эми болсо Голливуд жылдызы.

ТАРТЫЛГАН ТАСМАЛАРЫ –

"Күүгүмдөн таңга чейин"
("От заката до рассвета"),
"Анаконда",
"Асман түрмөсү"
("Воздушная тюрьма"),
"Шпион балдары"
("Дети шпионов"),
"Мачете", "Мачете өлтүрүүдө" жана башкалар

"НОКАУТ" АТКА КОНГОН ДЭННИ ТРЕХО

Бир далай Голливуд кинолорунда терс каармандын ролундагы бул актёрдун ысымын эстей албасаңыз да, анын жүзүн сөзсүз эстейсиз. Ал абдан сүрдүү. Трехонун катаал жашоону баштан кечиргени анын сүрүнө сүр кошуп тургандай.
Дэнни 1944-жылы Лос-Анжелесте туулган. Керээли кечке көчөдө самсаалап, уурулук кылып, ар кайсы унааны айдай качып, анан полиция бөлүмүндө кезерип отурмай Дэнни үчүн кадыресе көрүнүшкө айланган. Кыскача айтканда, ал эч ким эмес эле. Анда акча да, кадыр-барк да жок болчу.
Дэнни жакшы жасай алган жумуш бул мушташуу болчу. Анын таамай соккуларынан көчөдөгү далай душманы сестенип турушкан. Бекеринен ага балалыгында "Нокаут" деген каймана ат жабышпаса керек. Ал бокс чемпиону болгусу келчү, бирок бул кыялы ишке ашкан жок. Бой жетип калганда баңгизатын сатууга жана тоноочулукка шектелип түрмөгө кесилип кеткен.

ТЕМИР ТОР АРТЫНДАГЫ 12 ЖЫЛ

Темир тор артында да жөн жүрбөгөн Трехо полиция кызматкерине кол салып жиберип, качууга аракет кылып өзүнүн мөөнөтүн 12 жылга узартып алган.
Түрмөдөгү турмушу тууралуу анын: "Абакта камалгандар жырткычтар жана байкуштар болуп бөлүнүшөт. Жырткыч болосуңбу же байкуш болосуңбу аны өзүң чечишиң керек. Мен жырткыч болуп кеттим. Жырткыч болгон соң адамдарга азап бергенге аргасыз болосуң. Мен далай азап бергем. Жашоом артка кайтса ушул нерсени өзгөртөт элем",- деп айтканы бар.
Холмсбург түрмөсүндө жатып Дэнни Трехо орто жана оор салмакта абактагылар арасында бокс чемпиону болууга жетишкен. Ошол эле убакта ал баңгизатынан арылууга бел байлап эркиндикке чыккан.

ГОЛЛИВУДДАГЫ №1-ЗЭК

Ал тасма жаатына кантип келип калганын мындайча баяндап берген:
Киного капыстан келип калдым. Мен баңгизатынан арылууну каалагандарга жардам берип жүрчүмүн. Бир жигит чалып, "Дэнни, бул жакта баары кокс (кокаин) жыттап жүрүшөт. Кармана албай каламбы деп коркуп жатам. Мага келип дем берип турчу" деди. Келсем кино тартылып жатыптыр, зэктердин кийимин кийген, денесине жасалма сүрөт чектирген адамдар жүрөт. Мени чакырган киши "зэктин ролун массовкада ойноп кой" деп сунуштады. Боорум эзилет. Мен АКШнын бардык түрмөлөрүндө отуруп койгом да. Денемдеги сүрөттөрдү көрүп баарынын оозу ачылды. Ошентип турсам түрмөдө чогуу отурган Эдди Банкер келип калды. Көрсө, киного сценарийди Эдди жазыптыр. Мени көрө сала "сен түрмөдө чемпион эмес белең, бул жакта бир актёрго боксту үйрөтүү керек" деди. Акысы канча болорун сурасам 320 доллар экен. 320 доллар үчүн мен годзилла менен деле мушташмакмын. Ошентип Эрик Робертске боксту үйрөтүп баштадым. Эрик менден коркчу. Айтканымды кылат. Андан мурун ал режиссёр Андрон Кончаловскийди укпай мазасын алган экен. Муну көргөн режиссёр "сени да киного тартам, Эрикти сабайсың" деп кошуп алды. Ошону менен башталып кетти. 5 жыл массовкаларда зэктин ролун ойноп жүрдүм. Бир эле "Өлтүр аларды!" деген сөздү айтчумун.
Бир жолу бир режиссёр колума мылтык берип, "эшикти талкалай тээп киресиң, калганын өзүң ойлоп тап" деди. Сценарий боюнча эшиктин арткы тарабында бир нече адам покер ойноп отурмак. Эшикти сындыра тээп кирдим. Алдыма бирөө келип калыптыр, мылтык менен башка чаптым. Бир кыз кыйкырды, анын чекесине мылтык такадым. Режиссёрдун оозу ачылып калыптыр. "Дэнни, сен муну кайдан үйрөнгөнсүң?" дейт. "Таак, эстейинчи, "Vons" деген супермаркетти тоногом. Андан кийин "Safeway", "Thrifty Mart" дүкөндөрүн тоногом. Кыскасы, тажрыйбам бар болчу" дегем.

АТАКТУУЛУК АЛЫП КЕЛГЕН "МАЧЕТЕ"

Дэнни биринчи тартылган "Качкын поезд" ("Поезд-беглец") Андрон Кончаловскийдин тасмасы болчу. Учурда ал тартылган тасмалардын саны 200дөн ашат. Көрөрмандардын эсинде ал "Шпион балдары" тасмасындагы Исидор "Мачете" Кортестин жана "Мачете", "Мачете өлтүрүүдө" тасмаларындагы Мачетенин ролунан кийин абдан таанылганын танып болбойт. "Мачете" тасмасы абдан кандуу кино жана анда Дэнни биринчи башкы ролун ойнойт. Ал тасма жарык көргөндө актёрдун: "Мен 83 жаштагы апамды бул киного барбай эле коюңуз деп сурандым. "Ал жакта зордук-зомбулук көп. Анын үстүнө бассейнде мен эки жылаңач кыз менен өбүшөм. Кыздардын бири Линдси Лохан" деп айттым. Апам мени укпай койду. Кино ага жагыптыр",- деп айтканы бар.
Учурда Дэнни киного тартылууну улантып келе жатат. Баарынан кызыгы, ал сунуштардын дээрлик бардыгына макул болуп, кинолордун көбүнө ылгабай тартыла берет. Бир гана талабы бар, тасманын аягында терс каарман өлүшү керек. Муну менен ал жамандыктын жолу кыска болорун көрсөткүсү келет.

"ЖАШООМ ТҮШ ЭМЕСПИ ДЕП ТАҢ КАЛАМ"

Дэнни үй-бүлөсү тууралуу көп кеп козгобойт. Айрым маалыматтарга караганда, анын биринчи никесинен Дэнни Бой аттуу уулу бар. Экинчи аялы Дэббиден 2 уул, 1 кыздуу болгон. Мындан сырткары башка айымдардан да 1 уул, 1 кызы бар экени айтылып жүрөт.
Өзү тууралуу ал: "Кана, мага эң жаман адамды көрсөткүлө, мен аны жакшылыкка алып барам" дегенсип, Кудай мени башкаларга мисал катары көрсөткөндөй туюлат. Муну менен Кудай таптакыр караңгыда калган адамда да мүмкүнчүлүк бар экенин эске салгансыйт". "Мен азыркы жашоом түш эмеспи деп дале таң калып келем. Бир күнү кимдир бирөө "эй, тур ордуңдан, сен дагы эле түрмөдөсүң!" деп түн ичинде ойготуп жибереби деп корком",- дейт.

Актёр темир тор артында "жырткычтардын" катарында болчу.


"Күүгүмдөн таңга чейин" тасмасында Дэнни ойногон вампир Чарли көпчүлүктүн эсинде калган.


Ал жубайы Дэбби менен 12 жыл бирге өмүр сүрүп ажырашып кеткен.


Мирлан Өмүралиев
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Patriot...kg
2016-12-07 11:37:03
Аа жакшы жакшы
+3
AykaMer
2016-12-07 18:22:15
Мен суйгон актёр.. Дискини табалбай 3 ай издедим го чиркин. Акыры таап конулум тынчыган
+2
mamatmusakuzuraziya
2016-12-09 00:38:17
ммммм дааааааа ойлондуручуууу актер экен......
-2
Ajara_13
2016-12-09 12:55:17
От заката до рассвета кинододон кийин тааныйм,молодец терс каармандын ролунда коп ойнойт го лицо ошого тура келсе керек да
+1
№ 735, 02-декабрь-08-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан