Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

№386 26-март - 1-апрель, 2010-ж.


(Башы өткөн сандарыбызда)

Балбылдаган сулуу көздө­рү ичтен сызып, купуя кайгысы бар адамдай муңаят. Уулунун башкаларга окшобогон бул мүнөзүнөн Зина кадыресе чочулап кетчү. «Ай, Кудай ай, мынчалык тоң мүнөздү кайдан алган, бул бала? Турмуш анча-мынча ийилбегенди сындырып коёт эмеспи, абайласа экен...» деп безилдеп алчу ичинен. Азыр да уулунун көңүлүн көтөрүп, алаксыткысы келди.
Бутунун учу менен уулунун бөлмө­сүнө кирди. Чөк түшүп отуруп алып берилип ойноп жаткан Рустамды көрүп, жүрөгү тилине түштү. Так эле Имандын отурушу. Имандын кыл кыяк кармашы. Алтургай толкун кара чачтары, музыканын ыргагы менен кошо бирде жазылып, бирде серпиле түшкөн каштары, балбылдаган көздөрү, бардыгы атасынын өзү болчу. Башын эшикке жөлөп, уулунан көзүн албай кыяктын күүсүнө көшүлүп тура берди. Апасын эми байкаган Рустам ойногонун токтото суроолуу карады.
Айша уулуна шыбырай сүй­лөдү.
– Рустам...
– Эмне болду, апа?
– Кечир, балакай, жана ачуум келгенинен...
– Мен эмне, жаш бала белем? Ай, апам ай, ошого капа болуп эмне?
Эне-бала бири-бирин аяй карап алышты. Ортолорундагы дубалды бузуп өткөнсүп, экөө тең жеңил дем ала күнүмдүк турмушту сүйлөшүп отурушту.
– Эртең үйгө эртерээк кел­сең, Айнураны дагы ала кел. Тамак жасашты үйрөтөйүн,- деди Айша тамашалай.
– Макул, апа. Лекциядан кийин түптүз үйгө келем. Келин балаңды азыртан катуу кармабасаң болбойт.
Рустам апасынын тамашасын коштой кетти. Экөө тең күлүп калышты. Ошентсе да, эне-бала өздөрүн кыйнаган ойлорду бири-бирине айта алышпай, тымызын санаага батып отурушкан эле.
– Эми укта, кулунум. Түнүң бейпил болсун!
– Апа...
– О-у...
– Мени да кечирип коюңуз, ээ?
– Тентек десе, эмнеңди кечи­рейин?
Айша муңайым жылмая уулу­нун эшигин акырын жаап коюп, өз бөлмөсүнө кирди да, төшөгүнө жыгылды. Ушул калыбында көпкө жатты. Көз алдынан канча жыл өтсө да, эскирбеген элестер чууруй берди.
Аттиң дүйнө, ушуга чейин Имандын атын көөдөнүнөн сызып сала албай келет. Эч бир адамды аны сүйгөндөй сүйө албады, эч бир адамдан өзүн багындырган Имандыкындай күчтү таба албады. Ошентип жүрүп өмүрү кандай өткөнүн билбей калган экен. Эми ушунча жылдан кийин көңүл жарасы кайра ачылып турганын көр. Түйшөлүп уктай албай койгонунан акырын туруп, терезеге көз чаптырды. Жылдыздарды кусалуу тиктеген Айша ушул түнү так ушул учурда Иман да тамекисинин күлүн көккө үйлөп, ал да жылдыздарды күйүттүү тиктеп, өткөн күндөрдү эстеп жатканын билген жок.
Ооба, бул эки адамдын тагдыры бир кезде бириккен эле. Азыр ушул жылдыздуу түндө эмнегедир экөө тең өз баскан жолдоруна саресеп салып, кайрылууга аргасыз болушту.

***

Мединституттун жанында бирөөнү көзү менен издеп, чыдамсыздык менен күтүп турган Иманды көргөн Айзада Айшаны колтукка түрттү.
– Карасаң, карап кой, «кү­зөтчүң» өз постунда турат.
Айша артына жалт карап сүйгөнүн көрө койду да, бактылуу жылмайып алды.
– Тим кой, караба, кичине жүрөгү күйүп күтө түшсүн!
Аңгыча көздөрү чагыла түшүп, экөө тең күлүп жиберишти да, бири-бирине шаша утурлап жөнөштү.
– Көпкө күттүңбү?
– Сизди өмүр бою күткөнгө даярмын!- деди Иман жылмая.
– Чынбы?
– Чын.
Айшанын апакай жүзү нурдана сүйүнүп кетти.
Имандын балбылдаган сыйкырдуу каректерин карап, кыз жүрөгү сүйүүгө чалкып турду.
– Кечинде бошсуңбу?
– Бошмун, бирок...
Айша аркасын айта албай түй­шөлө түштү. Атасы Иман экөөнүн кездешүүсүнө тыюу салган болчу.
– Анда кечинде өзүбүздүн жерибизден жолугалы. Беш мүнөт кечиксеңиз...
Иман эркелете сөөмөйүн кезеп койду да, шашыла өөп алып, жүрүп бараткан троллейбуска секирип түштү.
Колун булгалап узап бараткан Иманды Айша узатып кала берди. Өмүрүндө мындан жакын, мындан ысык адамы болбосо керек. Айша ошол учурда бул ширин сүйүүнүн артында шору да жатканын билген эмес. Ошол күнү шаардын сыртындагы Айшалардын үйүндө чуулдаган меймандардын үнү бир далайга чейин басылган жок.
Башаламан тост айтышкан аял-эркектер. Бүгүн Айшага атасынын жакын досу келип, сөйкө салып жаткан эле. Бирок эч кимиси Айшанын көңүлү барбы же жокпу, сурап да коюшкан жок.
– Айша менен Султан келечекте биздин ордубузду басып...
– Айша, тура гой, Султан менен бийлеп жиберчи.
– Эх, чиркин жашоо, кандай көңүлдүү!
– Ошону айтсаң.
– Ха-ха-ха...
Айша суз гана отура берди. Ал азыр бул чөйрөдөн өтө алыс эле. Жан дүйнөсү да, акыл туюму да бул арак жыттанган тар чөйрөдөн качып, Имандын күүлөрүндөгү тазалыкка талпынып жатты. Ушул тапта атасы мактаган Султанды да, башкасын да көргүсү келбей, тек Имандын бажырайган элеси менен сүйлөшүп отура берди. Күпүлдөгөн конокторду араң узатып, өз бөлмөсүнө келип эми гана жатайын деп камынып жатканда сыбызгыган күү кулагына шак дей түштү. Бул кларнетте ойноп жаткан Иман болчу. «Келген экен да». Айшанын жүрөгү кубангандан тыпырай түштү. Көмөкөйдөн сызылган обон айланага толуп, тазалыктын, аруулуктун дүйнөсүнө чакырып жаткандай. Күү сүйүү чачып жатты. Айша бир аз тыңшап турду да, терезени ачып, элпек секирип түштү. Коркууну да унутуп, Иманды көздөй чуркап жөнөдү. Калың бактын ортосунда Иман күү чертип отурган экен.
Жакын келип ийинине колун коё жалооруп жиберди.
– Таарындыңбы?
Иман үн каткан жок.
– Кечирип койчу, атам... Билесиң го, мүнөзүн. Сен экөөбүздү билгенден бери таптакыр эле чыгарбай калды.
Иман шуу үшкүрүп жиберип, үң­күйүп отуруп калды.
– Койчу эми, келчи, көзүңдөн өөп алайын.
Айша дирилдеген эриндери менен Имандын көздөрүнөн узакка сүйүп турду.
– Эмне, дагы эле «думанаңа» бар­байсың деп жатабы?
Иман ызалуу күңк этти.
– Ошентти, бирок мен сенден башка эч бир адамга жүрөгүм жибибесин түшүнбөйт окшойт. Мен бул жашоого сен үчүн келгем, алтыным! Мейли, уруксат бербесе деле окуумду бүтөрүм менен сага качып кетем. Эмне күлөсүң?! Көрөсүң го, ошентем!
Иман Айшанын кымча белинен бурай кармап, жүзүнөн, көздөрүнөн өпкүлөп жиберди.
– Мен сени эч кимге бербейм, периштем!
– Мен сенсиз жашай албайм, Иман!
Бири-бирине ысык шыбырай көк шиберге сунала түшүштү.
Эки жүрөк үн алыша бардыгына баш байлап турушту. Асмандагы ай, жыбыраган жылдыздар гана алардын сырларын өз ичине катып кала беришти.
Балкондо туңгуюкту тиктеп, тү­нөргөн күйөөсүнүн жанына акырын жылып келген аял аяп тиктеп турду да, колун Имандын далысына койду. Көзүндө аёо да, таарыныч да, кечирим да бар.
– Кечир!
– Кечирбегенге айлам барбы, Иман?
Аялы тагдырына баш ийип, мүңкүрөй сүйлөгөнү Имандын каңы­рыгын түтөтүп жиберди. Аялын бооруна кыса кучактап, көзүнөн аккан жашын сүртүп, жалынып жатты.
– Акылдуум менин, сулуум, сенсиз менде эмне жашоо?
Экөө кучакташып көпкө турушту.
– Иман?
– О-у.
– Мен сенден бир нерсе сурайын, аткарасыңбы?
– Колумдан келсе.
– Ушунча жыл бирге жашадык, ошол күндөрдү, сүйүүбүздү сыйласаң, мага баарын айтып берчи.

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: