Соңку учурда кардын калың жаашынан улам кээ бир коомдук жайларда бастырмалар кулап, бир топ чыгым алып келген. Буга окшогон окуялардын болуп жатышына кимдер күнөөлүү? Биз бул суроолорго жооп издеп көрөбүз.
КАРДЫ КӨТӨРӨ АЛБАЙ КАЛГАН
Ушул жылдын 26-ноябрь күнү Бишкек шаарынын четиндеги «Дордой» базарынын жанындагы «Алкан-Кербен» базарындагы бастырма кулап, соода кылып жүрүшкөн көптөгөн жарандарды жана 1 унааны басып калган. Бактыга жараша, адам өмүрү кыйылган эмес, бирок жаракат алгандар бар. Бул окуянын эртеси, тагыраак айтканда, 27-ноябрда түшкү саат 3 чамасында «Дордойдун» «Кербен» базарынын бастырмасы да кулаган. Соода кылып жаткан сатуучулар контейнерлерине качып кирүүгө үлгүрүшкөн. Буга чейин, тактап айтканда, 20-21-ноябрда Бишкектин четиндеги «Риом-авто» унаа базарында да бастырма кулап, бир топ унааны басып калган эле. Бастырмалардын кулашынын башкы себеби жааган кардын көптүгү.
«СООДАГЕРЛЕР 1 КҮН МУРДА ЭЛЕ ЭСКЕРТИШКЕН ЭКЕН»
Биз бул окуяны күбөлөрдүн өзүнөн угуп көрүүнү туура көрдүк. Бастырманын кулашы базар жетекчилигинин көңүл коштугунан улам болгондугун айткан Улан аттуу 36 жаштагы соодагер буларга токтоло кетти:
– Өзүм 10 жылдан бери «Дордой» базарында соода кылам. Ошол күнү жумушта болчумун. Жанымдагы балдардан «бастырма кулаптыр» дегенди угуп эле чуркап бардым. Бастырманын алдында 6 киши калып, аларды эл темирлердин алдынан чыгарып жатышкан экен. Калгандары бастырма сынып баштаганда эле чуру-чуу түшүп, жанындагы контейнерлерге кирип кеткенге жетишиптир. Жетишпей калгандары бастырманын алдында калган. Ошол жерде соода кылгандар «1 күн мурда эле базардын күзөтчүлөрүн ээрчитип келип «темирлердин ширеткен жерлери ажырап сынганы калды, ушуну карап койсоңор» деп көрсөткөнбүз» дешти. Күзөтчүлөр аларга «ой, бул темирлер калың, эч нерсе болбойт» деп укпай коюшуптур.
Базарда соодагерлер ар бир контейнерге айына 700дөн 1500 долларга чейин ижара акы төлөшөт. Ошого жараша сатуучуларга шарт түзүп беришсе жакшы болмок. Кар дагы жааса кайра эле кулашы мүмкүн. Эртеси күнү базар кызматкерлери «үстүндөгү карды күрөйбүз» дешти эле, күрөшкөн жок. «Күн жылып, кар эрип кетти» деп бейкапар жүрүшөт. «Бастырмаларды ширетип, дагы калыңдайбыз» дешкен, эч жерин жасашкан жок, ошол бойдон эле турат. Болгону өткөндө кулаган жерди оңдоп коюшту. Казакстандын маалымат булактарында да кайра-кайра ушул окуяны жазып жатышыптыр. Биздин кардарлардын көбү казактар да, алар «силердин базарда 2-3 жерде чатыр кулаган турбайбы, ошол үчүн кооптонуп келбей жатканбыз» деп айтып жатышат. Мындайча айтканда, бул окуя соодага да кедергисин тийгизүүдө. Базарга канчалаган адамдар келип соода кылышат, адам өмүрүнө да кооптуу болуп жатат.
«ЖООПКЕРЧИЛИКТИ ӨЗ МОЮНУБУЗГА АЛАБЫЗ»
30-ноябрда Бишкекте "Алкан" базарынын өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүп, базардын вице-президенти Чыңгыз Алканов бардык жоопкерчиликти базардын жетекчилиги өз моюнуна аларын билдирди:
– Бастырмаларды 8 жыл мурун алмаштырганбыз. Албетте, учурдун талабына ылайык курулуш материалдары менен жабылган. Биз бул материалдар бардык сыноолорго туруштук берет деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, ушундай окуя катталды. Биз кырсыкта жабыркагандарга дары-дармек алып берүү, алардын калыпка келүүсү, келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу боюнча жоопкерчилик алабыз.
«БИРӨӨНҮН АБАЛЫ ДАЛЕ ООР»Андан соң биз Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун башкы врачы Алмаз Кубатбековго кайрылып, жабыркагандардын абалын сурадык:
– Ошол күнү базардагы бастырманын алдында калган 6 жаран бизге жардам сурап кайрылган. Алардын төртөө жандандыруу бөлүмүнө, бирөө омурткалар бөлүмүнө жаткырылган, дагы бирөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө жандандыруу бөлүмүндө 1 бейтап калды, анын акыбалы оор бойдон калууда. Мээси катуу жабыркап, омурткасы, 8 кабыргасы сынган, көк боору жанчылган. Ага операция жасалган. Калгандарынын акыбалы жакшы болуп калгандыктан жандандыруу бөлүмүнөн чыгарып, жаракатына жараша бөлүмдөргө жаткырдык.
«МЭЭМ ЧАЙКАЛГАН ЭКЕН»
Кырсыктан жабыркагандардын бири Орозгүл Жалгауова учурда Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун нейрохирургия бөлүмүндө дарыланууда. Биз ага жолугуп, ал-абалын сурап, окуя тууралуу өз оозунан угуп кайттык:
– Өзүм Казакстандын Кордай айылынын тургунумун. 6-7 жылдан бери соода менен алектенем. «Дордой» базарына келип товар алып кетчүмүн. Ошол күнү да товарга келгем. Бастырмасы кулаган өтмөккө кирип, 5-6 метр басканда эле кулап, мени басып калды. Эч нерсени байкабай калдым. Эл темирлердин арасынан мени чыгарып, такси менен ооруканага жиберишти. Башыма темир тийип мээм чайкалып, башыма кан уюп калган экен. Дарыгерлер уюган канды алышты, Кудайга шүгүр, азыр жакшымын.
Базардын ээлери ооруканага жатканыма, дары-дармегиме жардам көрсөтүшүп, күн сайын келип «эмне керек?» деп сурап, жакшы карап жатышат. 4 балам бар. Алар да бул жакка келип менин абалымды сурап кетишти.
Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда бул окуя боюнча эч ким арыз жазбагандыгын, ошентсе да катталган окуянын негизинде «шалаакылык» беренеси боюнча базар жетекчилигине кылмыш иши козголгондугун билдиришти.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg