Сиз көргөн ар бир сериалда келбети же аткаруу чеберчилиги менен өзгөчөлөнгөн каармандар бар. Бүгүн биз сиз сүйүп көргөн сериалдардагы эсте калган каармандарды тизмектеп көрүп, назарыңыздарга сунуштоону туура көрдүк. Арасында сизге жаккан мырза болсо «лайк» басып өтүңүз.
ЗАВОДДО ИШТӨӨГӨ ДАЯР ТАУЕКЕЛ МУСИЛИМ
Казакстандык телеалпаруучу, модель, актёр Тауекел Мусилим шоу-бизнесте жүргөнүнө аз убакыт болгонуна карабастан түрдүү басылмалардын сурамжылоосунда «Эң келишимдүү», «Эң сүйкүмдүү» деген наамдарга татып келет. Казак кыздарынын сүймөнчүгү карьерасын моделдиктен баштап, учурда өзүн чыгармачылыктын түрдүү багытында сынап жүргөн кези. Бул жигит менен "Супер сулуу- 2009" сынагынын жеңүүчүсү Жамиля Ишенбаева кыз-жигитпиз, кээде доспуз деп калышкан жайы бар.
Тауекел өзүнүн дареметине туура баа бергенди билет. Ал: «Чыгармачылыкты тандаган жокмун, чыгармачылык мени тандады. Мага түрдүү долбоорлордон сунуштар түшө баштаганда заводдо инженер болуп иштегенге караганда чыгармачылык жакын экенин түшүндүм. Өзүмдү таланттуумун деп эсептебейм. Талант – бул Мухтар Ауэзов, Абай. Ал эми мен жумушумду чын дилимден аткарган адаммын. Кудай мага 1 пайыз талант берген, калганын өзүм эмгектенип жатам. Эгер чыгармачылыкта жолум болбой калса, кайра заводго барып иштөөгө даярмын»,- дейт.
ГОЛЛИВУД ЖЫЛДЫЗЫН «ЧААП АЛГАН» ПАВЕЛ ПРИЛУЧНЫЙ
Орусияда жаңы муундагы актёрлордун популярдуусу, 29 жаштагы Павел Прилучный көпчүлүккө «Жабык мектеп» сериалындагы Максим Морозовдун ролу менен белгилүү. Актёр Казакстандын Шымкент шаарында төрөлгөн. Атасы мушкер, апасы хореограф. Атасынын жолун жолдойм деп бокс менен машыккан өспүрүм спорттон көп жаракат алгандыктан аны таштоого мажбур болот. Андан тышкары бий, вокал боюнча сабак алган Павел 14 жашында атасы каза болгондон кийин үйүндөгү каржы тартыштыгынан улам өзү жалгыз Орусиянын Новосибирск шаарына окуганы жол тартат. Актёр Новосибирсктеги театралдык училищеге тапшырып, жергиликтүү театрда бир нече спектаклде роль аткарганга жетишкен. Ал эми кинодогу дебюттук ролун «Оюнда» сериалында аткарган. 2011-жылы тартылган «Жабык мектеп» сериалынан Прилучный атактуулук эле албастан, учурдагы сүйүктүү жубайы Агатаны да тапкан. Агата Муцениеце аталган сериалда Дарья Старкованын ролу менен таанымал. Шайыр жигит Агатанын колун биринчи жолугушууда эле сураганын айтат. 1 айдан кийин Павел сүйүктүүсүнөн «макул» деген жооп алып, 2011-жылы жашыруун үйлөнгөн. Учурда Агата экөө уулу Тимофей менен кызы Мияны тарбиялап келишет.
2006-жылы Павел Константин Райкиндин сахна мектебинде билим алып жатып ал жакка келген Голливуд жылдызы – азыркы «Күүгүм» тасмасында Розали Хейлдин ролун аткарган Никки Рид менен таанышып, сүйүү мамилесин курган деген кептер бар. Ага далил катары Никки Рид билегине «Прилучный» деген татуировка тарттырганын айтышат.
ӨЗГӨЧӨ НАЗИК ЛИ ЧОН СОК
Түштүк кореялык модель, актёр Ли Чон Соктун сүйкүмдүү жүзүн, өспүрүм сыяктуу келбетин көрүп 27 жашта деп эч ким ойлобойт. Актёрдук карьерасында 10го жакын тасмада роль аткарган Ли Чон Сок мектепте окуп жүргөндө эле өзүнчө жашоону баштаган. Анын: «Мен жогорку класста окугандан тарта эле модель болуп иштеп баштагам. Өзүмчө акча тапканга да эрте көндүм»,- деп эскергени бар. Дизайнерлер арасында өтө жогору бааланган Ли Чон Сок өзүнүн келбетин катардагы адамдардай эле деп эсептейт. «Менин келбетим тасмадагы каарманымдын образына жараша гана өзгөрүп турушу мүмкүн. Балким, жүзүмдөгү табигый нерсени өзгөчөлүк катары көргөндөр бар»,- дейт. Ли Чон Сок 2005-жылы «Тилектештик» деген кыска даректүү тасмада роль аткарып, тушоосун кескен. Көпчүлүккө «Мектеп 2013», «Пиноккио», «Мен сени угам», «W-эки дүйнө» сериалдары менен белгилүү актёр жакында эле Ли Мин Хонун сүйүктүүсү Сюзи менен кытайлар тарткан сериалда чогуу роль аткарары белгилүү болду.
СЫМБАТТУУ «КАН СОРГУЧ» ИЭН СОМЕРХОЛДЕР
37 жаштагы америкалык актёр Иэн Сомерхолдер көпчүлүккө «Тирүү калуу» телесериалындагы Бун Карлайл менен «Кан соргучтун күндөлүктөрү» сериалындагы Дэймон Сальваторенин ролунан жакшы тааныш. Иэн чыгармачылыгын моделдиктен баштаган. Өзгөчө келбеттүү актёр моделдик кесибинин артынан Париж, Милан, Лондон шаарларында көргөзмөлөргө катышып, мыкты европалык модель болууга аракеттенген. 17 жашында Сомерхолдер актёр болом деп Нью-Йоркко келе берет. Кинодо жүрүп көп ролдорду жаратканына карабастан актёрго ийгилик жылмайган эмес. Иэндин чыгармачылыгында ачылыш жасаган «Кан соргучтун күндөлүктөрү» сериалындагы кан соргучтун ролу болгон. Жеке жашоосунда Пэрис Хилтондун сиңдиси Ники Хилтон, актриса Мэгги Грейс, Меган Олд, Нина Добрев менен мамиле курганы айтылат. Актёр өзүнө жубай тандоодо жаңылган эмес көрүнөт, дегенибиз, анын жубайы Никки Рид да белгилүү «Күүгүм» тасмасында кан соргучтун ролун аткарат.
"ООРУЛУУ СҮЙҮҮСҮ" МЕНЕН ЭСТЕ КАЛГАН КААН УРГАНЖЫОГЛУ
Түрктөрдүн «Түбөлүктүү сүйүү» («Kara sevda») cериалында Эмир Козжуоглунун ролун аткарган таланттуу актёр Каан Урганжыоглуну сериал сүйүүчүлөрдүн бир бөлүгү жек көрсө, дагы бир бөлүгү жакшы көрөт. Чынында сүйүүсү үчүн түрдүү амалдарды жасаган каармандын образын Каан Урганжыоглу келиштире аткарганын эч ким танбаса керек. Көрөрмандын жек көрүүсү менен сүйүүсүнө бирдей татыган 35 жаштагы актёр Измир шаарында туулган. Кичинесинен эле ата-энеси менен Америкага жер которуп көчүп кеткен каарманыбыз 2000-жылы өз мекени Түркияга кайтып келет. Алгачкы жолу 2002-жылы продюсер Абдуллах Өгүздүн сунушу менен тарыхый тасмага тартылып, актёрлук тушоосун кескен. Каан баш-аягы 30га жакын тасмада роль жараткан. Жеке жашоосунда 2012-жылы шаан-шөкөттүү кечелердин ханышасы Дерин деген айым менен мамиле курганы айтылат. Жакында эле актёрдун турмушунда жагымдуу кабар орун алды. Ал 2 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн сүйүктүүсү, фотограф Зейнеп Оймак аттуу айымга баш кошорун жар салган. Үлпөт той 2017-жылдын жай айларында өтөрү белгиленүүдө.
Лунара Бекиева
star@super.kg