30 ЖАШТАН АШКАН АЙЫМДАР ЭРКЕКТЕРДИН КӨЗҮ МЕНЕН

КҮЙӨӨЛҮҮ АЯЛ
Күйөөсү, бала-чакасы бар. Бир тартипке салынган үй шартында жашайт. Тойлорго жолдошу менен барганы болбосо, чогуу эс алууга өтө деле маани бербейт. Мындай айымдар жашоосундагы түрдүү көйгөйлөрдөн улам өзүн тез-тез ачууга алдырып, анын натыйжасында төшөккө салкын болуп калат. Көпчүлүк убакта ырахаттын туу чокусуна (оргазмга) жете албайт. Анткени, төшөк кумарынын кызуусуна келгенде, кайсы бир унутта калган иши оюна түшө калат.

БОЙ КӨТӨРМӨ ЗАЙЫП
Бардыгына бой көтөрүп, бийиктен карайт. Өз оюна койсоң, күйөөсүн баш кылып, балдарын төш кылып башкарып алмай жайы бар. Өкүмчүл айымдын төшөк оюнунда мүнөзү башкача. Кааласа ойношун ап-ачык эле үйүнө чакырып алат. Балдарына башка бөлмөдө ойноп турууга буйрук берип, “иштер боюнча сүйлөшүү” үчүн уктоочу бөлмөсүнө кирип кетет.

АЖЫРАШКАН АЖЫДААР АЙЫМ
Балдары жок. Күйөөсүнөн калган керемет үйдүн, төрт дөңгөлөктүү тулпардын, кымбат баалуу зергердик буюмдардын ээси. Эркектер тууралуу өтө жакшы билгендиктен, алардын чөнтөгүнө карап мамиле түзөт. Акча өндүрүп алуу үчүн бардык ишке барууга даяр. Маданий жайларда көңүл ачууну жактырат. Өнөктөшүнүн болгон байлыгын сыгып алганда гана өзүн бактылуу сезет.

АЖЫРАШКАН АЖАРЛУУ АЯЛ
Чыныгы романтикалуу сүйүүнүн бар экендигине өмүр бою ишенип келген аял. Түркүн-түркүн шляпаларды кийип, ага түспөлдөш моюн орогуч оронуп, көбүнчө күмүш шакектерди тагынып жүрүүнү жактырат. Мүнөзү токтоо болгону менен өз каалоосун иш жүзүнө ашырууда тартынбайт. Төшөктө өнөктөшү менен ырахаттын туу чокусуна жете алат. Кайра кийинки жолугушууга чейин ойго чөмүлүп, түнөргөн абалда жүрө берет.

КАРАДАЛЫ АЙЫМ
Мындай айым классикалык кийимдерди кийип, элден бөтөнчө болуп жүргөндү жактырат. Айрыкча, чоң апасынан калган баалуу белектерди баалайт. Күнүмдүк жашоосу менен алек болуп, жаштыгынын өтүп жатканына маани бербейт. Жалкоолукка берилип алгандыктан, карандай чай менен куурулган жумуртка жегенине ыраазы болуп жүрө берет. Бирок, ички дүйнөсү чыгармачылыкка бай. Мүнөзү шайыр болгондуктан, жанындагы жакын адамдарды эч зериктирбейт.


ЧЫНЫГЫ ЭРКЕК ҮЧҮН ЖҮРҮМ-ТУРУМ ЭРЕЖЕЛЕРИ

Кимде-ким бул эрежелердин бирин эле аткарбаса, анда өзүн чыныгы эркекмин деп айтууга укугу жок. Андыктан, түзөл! Бул эрежелерди окуп чык жана ушул эрежелер менен жүр!

  • Эч качан эки эркек бир кол чатырдын алдында баспайт.
  • Эгер сиз эркек киши менен жок дегенде 24 саат тааныш болсоңуз, анда анын карындашы же эжеси сиз үчүн өмүр бою кол тийбес адамга айланат.
  • Досуңуздун муздаткычында турган пивонун маркасына арызданууңузга катуу тыюу салынат. Бирок, пивонун ысык, муздактыгы тууралуу сөз кылууга уруксат берилет.
  • Бир да эркек досунун туулган күнүнө белек алууга милдеттүү эмес. Эгер сиз анын туулган күнүн эстеп жүргөн болсоңуз, мында “голубойлук” жыттанып турганын эскертебиз.
  • Досуңуздун мурунку кызы менен төшөктө болуунун алдында досуңуздан уруксат сурашыңыз кажет. Ал эми досуңуз сөзсүз түрдө макулдугун бериши керек.
  • Эгер досуңуздун алаасы ачылып калса, ал анын маселеси. Сиз эч нерсе көргөн жоксуз.
  • Жалпы эркектин добушу менен кабыл алынган эреже бар. Ал боюнча, жардам берген досуңузга ыраазычылык билдирүү, аны пивого чакыруу болуп эсептелет.
  • Көбүнчө айымдар ичүүчү ичимдикти сиз үч гана учурда ичсеңиз болот: эгер пляжда жатсаңыз... эгер сизге төшү ачык супермодель сунуп жатса... эгер ичимдик сиз отурган жайдын эсебинен болсо.
  • Теңтуштарыңыз менен отурган столдогу акыркы пивону же шишкебекти алгандан эч качан уялбаңыз, бирок, эч качан экөөнү тең алып албаңыз. Бул жоругуңуз сизди орой көрсөтүп коюшу мүмкүн.

Даярдаган Мээрим Келгинова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
kgjigit
2009-09-12 17:14:47
жакшы эрежелер экен!!!
0
Bekzat_word8383
2014-03-06 21:20:58
хиджапка отту динди котору керек ошондо ыйман ынсап болот эркектеда аялдада
-2
kubzero
2015-01-21 20:07:22
Эркектин эрежеси зынк го?
0
Troy2431
2017-02-10 21:26:22
Мм жакшы жакшы кенеш экен
0
tynchtyk--230899
2017-03-22 12:40:35
Ааа жакшы кенеш екен
0
№ 222, 2-8-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан