ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТТҮҮ БОЛГОН ӨЗБЕКСТАН КАЙСЫ НУК МЕНЕН КЕТЕТ?

Өзбекстанды эгемендүүлүк алгандан бери башкарып келген тун президенти Ислам Каримов ушул жылдын 2-сентябрында инсульттан улам каза болгон. Мындан улам «Өзбекстанды башкаруу тизгини кимдин колуна өтөт?» деген суроо коомчулукта кызуу талкууга алынган. Өзбекстан парламенти премьер-министр Шавкат Мирзийоевди президенттин милдетин аткаруучу деп бекиткен. Өлкө башчыны шайлоо 4-декабрда өтүп, 4 талапкердин арасынан 88,6 пайыз добуш алып Шавкат Мирзийоев утуп чыкты.

МИРЗИЙОЕВ ТАЖИКПИ?

«Өзбекстандын мурунку президентинин учурунда да таасирдүү фигура катары таанылган Шавкат Мирзийоевдин саясаты Каримовдукунан анча деле айырмаланбайт» деп баа беришет серепчилер. Катаал мүнөздөгү Каримовдун көп жылдык башкаруусунан кийин өлкө тагдырын колуна ишенимдүү алган Мирзийоев быйыл 59 жашта. Расмий маалыматтарга караганда, ал 1957-жылы Өзбекстандын Жизак облусунун Заамин районунда дарыгердин үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Жаш кезинде апасы кургак учуктан каза болуп, атасы экинчи ирет үйлөнөт. Ошентип болочок президент 2 эжеси менен өгөй энесинин колунда чоңоёт.
Дагы бир маалыматтар боюнча Мирзийоев Тажикстандын Яхтан кыштагында туулуп, үй-бүлөсү 1960-жылдары Өзбекстанга көчүп келишкен. Ошондон улам көпчүлүк жалпыга маалымдоо каражаттары «Мирзийоев тажик улутунан» деп жазышууда.
Мектепти аяктаган соң Ташкенттеги Ирригация жана мелиорация институтуна тапшырып, 1981-жылы инженер-механик адистигине ээ болгон. 1981-жылы катардагы илимий кызматкерден баштап, 1990-жылдары аталган окуу жайдын биринчи проректорлугуна чейин жеткен.

ИСЛАМ КАРИМОВДУН КОЛДООСУ МЕНЕН...

1991-жылы Ташкенттин Мырза Улугбек районунун акими жана Өзбекстан парламентинин (Олий Мажлис) депутаты болуп 1996-жылга чейин кызмат кылып, саясатта тажрыйба топтогон. Кийин президент аны Жизак облусунун башчылыгына дайындаган. Ал эми 2001-жылдан баштап Каримов туулган Самарканд облусун башкарат. Ошентип жүрүп отуруп 2003-жылы премьер-министрлик кызматка дайындалган.

13 ЖЫЛГА СОЗУЛГАН ПРЕМЬЕРЛИК

Каримовдун колдоосу менен Мирзийоев 2003-2016-жылдары алмашкыс премьер-министр болуп келди. Каримовдун көңүлүнө жакканынын негизги себеби – анын темирдей тартипти кармаганы болгон. Ал премьер-министр болгондон баштап эле Өзбекстандын маанилүү айыл чарба секторуна катуу көңүл бурган. Пахтанын жана дандын планынын толтурулуусун жеке өзү көзөмөлдөгөн.

МИРЗИЙОЕВДИН ИЧКИ ЖАНА ТЫШКЫ САЯСАТЫ

Каримовдон кийин мамилеси салкындап кеткен Кыргыз өлкөсү сыяктуу мамлекеттер менен чек ара маселелерин сүйлөшө баштады. «Өлкөнүн аскердик-саясий блокторго кошулбоо саясаты улантылат» дегени менен, сентябрдагы Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда аскердик-техникалык кызматташуу боюнча сүйлөшүшкөн. Саясат таануучулар Мирзийоевди Орусияга ыктаган президент катары мүнөздөшөт. Ички саясатында куугунтукка алынгандардын кайтуусуна уруксат берилиши жана камактагыларга мунапыс жарыялоо сыяктуу иштерин эске албаганда мурунку «темир» саясаттын жүрүүсү уланууда.

ҮЙ-БҮЛӨСҮ

Мирзийоевдин үй-бүлөсү тууралуу коомчулукта маалымат аз. Аялы Зироатхон Хашимова Фергана облусунда туулган. Шахноза, Саида аттуу кыздары жана Даврон аттуу уулу бар.

Шавкат Мирзийоевдин үй-бүлө мүчөлөрүн дүйнө эли эле эмес, өзбек эли да шайлоо күнү алгачкы ирет көрдү. Мирзийоев аялы, уулу, кыздары, күйөө балдары жана неберелери менен.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 736, 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан