ДҮЙНӨ ЖЫЛДЫЗДАРЫНДА ЭМНЕ КЕП?

ТОЛГАХАН СҮЙҮКТҮҮСҮНҮН КОЛУН СУРАДЫ



Түрктөрдүн "Кызгалдактар гүлдөгөн маалда" сериалынын баш каарманы актёр Толгахан Сайышман сүйүктүүсү актриса Алмеда Абазинин колун сурады. Ушул жылдын жай айынан баштап түрк папараццичилери таттуу түгөйлөрдү эс алуу жайынан, чогуу тамактануудан көп көрүп калышкан эле. Көрсө, түгөйлөр 2 жылдан бери кыз-жигит мамиледе экен. Жакында гана Толгахан менен Алмеданын ата-энеси бири-бири менен таанышып, эки жаштын алдыда боло турган үлпөт тою тууралуу сүйлөшүштү.

СЕЛЕНА ГОМЕС ИНСТАГРАМДЫН ЖЫЛДЫЗЫ

Инстаграм социалдык тармагынын басма сөз кызматынын маалыматында, 2016-жылы Инстаграмда эң көп окурманы бар деп ырчы Селена Гомес табылды. Ырчынын баракчасына 103 миллион окурман жазылган. Гомес бул жылы эң көп "лайк" белгиси коюлган сүрөттүн автору да болгон. Анын "Кока-Кола" компаниясынын жарнамасына түшүп берген сүрөтүнө 6 миллионго жакын "лайк" белгиси коюлган. Ал эми рейтинг боюнча Селенанын курбусу, ырчы Тейлор Свифт 93 миллиондон ашуун окурманы менен 2-орунду, 3-орунду 90 миллион окурманы менен ырчы Ариана Гранде камсыз кылган. Ошондой эле алдыңкы бештикке Бейонсе (89,3 миллион окурман) менен Ким Кардашьян (88,3 миллион окурман) кирген.

БУЗОВА ЖОЛДОШУ МЕНЕН АЖЫРАШАБЫ?



Орусиялык телеалпаруучу, ТНТ каналынын жылдызы Ольга Бузова 4 жылдан бери түтүн булатып келе жаткан жолдошу футболчу Дмитрий Тарасов менен араздашып жүрөт. Мындай күмөн кептер басылмаларда атактуу блондинка Инстаграмга жолдошу менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн жүктөбөй калгандан бери айтылып келет. Андан соң алпаруучу чачын кара түскө боёп имиджине өзгөртүү киргизген. Жакында эле Ольганын телефонуна хакерлер чабуул жасап, анын WhatsApp’тан пиар-директору Антон Богославский менен сүйлөшкөн аудиолорун интернетке жайып жиберишкен. Анда алпаруучунун пиар-директору: "Дмитрийдин жаракаты бар, командада жок, курамада жок. Келишими бар, бирок ал келишимдин ишке ашышына 100 пайыз сенин эмгегиң бар. "Локомотивдин" күйөрмандары сени жакшы көрүшөт. Ал сенден кетсе, баарынан куру калат",- деп айткан жери бар. Мындан улам көпчүлүк Ольганын никеси уроо алдында турат деген бүдөмүк ойдо калганы бышык.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
leilekstan_1987
2016-12-14 09:36:44
Э урдум ушу дуйно жылдыздарынын жеке жашоосун
+10
guljigit88
2016-12-14 10:45:33
Супер инфо жамааты РФнын актёру Кирилл Сафонов жонундо жазыныздарчы сураныч
+2
admin_superstan
2016-12-14 11:34:42
guljigit88, саламатсызбы? Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
0
ainura220888
2016-12-14 14:09:15
Ушу Ольга бузова везьде. Жадаты. Бакыт тынчтыкты суйот тынч жашай бербей Тарасов менен эмне кылса баарын жуктой берет эле мына таштап кетсин
+6
asia_92
2016-12-14 19:25:21
Бузова уже бесит баардык жерде Бузова болуп кетти.
+3
Suluu4a
2016-12-16 02:22:04
Бузова... Уффф....ал ажырашып бутту ужееее...ХХХ...вообще несерезная! ХХХ ХХХ ХХХ ...балким
+1
admin_superstan
2016-12-16 09:52:26
Suluu4a, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
№ 736, 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан