ЧЕТ ЖЕРДЕ БИЛИМ АЛГАН АТАКТУУНУН БАЛДАРЫ

Бүгүнкү биздин каармандардын аттары окшош. Бири белгилүү ырчы Асел Турдалиеванын кызы Бегайым Кытайда билим алып жатса, экинчиси таланттуу телеалпаруучу Гүлжан Кулмамбетованын кызы Бек-айым Түндүк Кипрде окуп жатат.

 

Асел Турдалиеванын кызы Бегайым: "КЫТАЙЛАР МЕНЕН ТЕҢ ТАЙЛАШЫП ОКУУ АБДАН КЫЙЫН"


БИЗНЕСВУМЕН БОЛГУСУ КЕЛГЕН БЕГАЙЫМ

Бегайым мен узаткан суроолорго жоопту машинадан, китепканадан диктофонго жаздырып, анан жиберип жатты. Кытайлар энергиялуу калк эмеспи, сүйлөгөндө үндөрү бийик чыгат. Бегайым жиберген аудиокаттарды укканымда суроолорума каарманым менен жарышып кытайлар да өз тилинде жооп берип жатышкандай туюлду.


Аты-жөнү – Өмүрканова Бегайым Сабырбековна
Туулган жылы, күнү – 1998-жыл, 24-июль
Туулган жери – Бишкек
Билими – Шанхай Жиа Тонг университетинин бизнес жана администрация факультетинин студенти
Билген тилдери – Кыргыз, орус, кытай, түрк, англис
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

– Кандайсың, Бегайым? Учурда Кытайда окуп жатыптырсың, бул өзүңдүн тандооңбу?
– Чынында бул менин тандоом эмес. Окуу жайга тапшыруу убагы келгенде апам "Кытайга да документтериңди жибер, ал жакта окусаң жакшы болот" деп багыт берди. Апамды угуп мен да көңүлдөнүп калдым. Анан кайсы окуу жай жакшы деп караштырып отуруп азыр мен окуп жаткан Шанхай Жиа Тонг университетине документтеримди жибердим. Бул Кытайдагы эң күчтүү делген окуу жайлардын бири. Арадан 3 ай өтүп "кабыл алабыз" деген жооп алдым. Аябай сүйүндүм, менден ашып апам сүйүндү.

– Кытай тилин Кыргызстандан үйрөнүп кеттиң беле?
– Саламдашканды эле билчүмүн. Барган жылы кытай тилин үйрөнүү менен гана алек болдум. Тил үйрөнүү абдан кыйын болду. Кытайларга теңелүү, алардын жашоо ыргагына кирүү андан да оор экен. Анткени булар өтө тырышчаак, чарчабаган, бир күндө бир нече иш бүтүргөн калк болот турбайбы. Студенттери эртеден кечке китепканадан чыгышпайт. Кыргыздар эрке келебиз, кааласак окуп же эс алгыбыз келсе ооруп жатат деген жалган маалымдама алмайыбыз бар, бул жакта тартип абдан катуу.

– Кайсы мектепте окудуң эле?
– 7-класска чейин Бишкектеги №61-мектепте, андан кийин кыргыз-түрк лицейинде окудум. Лицейди аяктаар жылы чет өлкөдө окуш үчүн экзамен тапшырып, документтеримди Кореяга, Кытайга, Түркияга жибергем. Жыйынтыгында мага Кытайдан бюджетке орун берилди. Учурда стипендия алып окуйм.

– Асел эже менен ырдап да калбадың беле...
– Бул жактан азыр деле ырдайм. Күнүгө китеп тиктеп эле отурбайбыз. Спорт залга барам, бийге катышам, концерттерде орусча, кыргызча, англисче, кытайча ырдайм.

– Бизде студент экзамен, зачёт тапшыра албай калса акча менен деле бүтүрүшү мүмкүн экендиги сыр эмес. Кытайда бул маселе кантип чечилет экен?
– Эгер студент бюджетте окуп тапшыра албай калса, дароо ордун жоготуп контракт бөлүмүнө которулат. Ал жактан тапшыра албай калса үйүнө жөнөйт экен. Акча алмай-бермейди уга элекмин. Ошондуктан бул жакта мен өзүмө гана ишенем. Буюрса, окуумду 2020-жылы аяктайм.

Гүлжан Кулмамбетованын кызы Бек-айым: "ТҮНДҮК КИПРДЕ ОКУЙМ ЖАНА БИЗНЕС МЕНЕН АЛЕКТЕНЕМ"

ТАСМАГА ТАРТЫЛГЫСЫ КЕЛГЕН БЕК-АЙЫМ

Бек-айым учурда өзү билим алып жаткан окуу жайдагы иш-чараларды алып барарын айтты. Аны келечекте тасмалардан да көрүп калышыбыз ыктымал.


Аты-жөнү – Темирбек кызы Бек-айым
Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 3-апрель
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Түндүк Кипрдеги Америка университетинин эл аралык мамилелер факультетинин магистранты
Билген тилдери – Кыргыз, түрк, англис, учурда француз тилин үйрөнүүдө
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

– Бек-айым, саламатсыңбы, окууларың кандай?
– Жакшы, рахмат. Учурда Түндүк Кипрдеги Америка университетинин магистратурасында бюджет бөлүмүндө билим алып жатам. Ага чейин ушул эле окуу жайды аяктагам. Кесибим дипломат. Бул кесипти өзүмдүн да, ата-энемдин да колдоосу менен тандап калгам.

– Ал жакта билим алуу тартиби кандай?
– Бул жерде ар кайсы өлкөдөн келген мугалимдер да, студенттер да көп. Мугалимдери күчтүү, талапты коё билген адамдар. Студент экзамен-зачёт тапшыра албай калса кичи сессияга калат.

– Бир жолу байланышканымда "азыр жумуштамын" дедиң, кошумча иштейсиңби?
– Магистратурада билим алгандар кечкисин окушат. Мага кечкисин окуган өтө ыңгайлуу. Анткени күндүз туристтик фирмалардын биринде иштейм, андан сырткары үй-бүлөмдүн жеке бизнеси менен да алектенем.

– Апаң Гүлжан Кулмамбетованын жолун жолдоп алып баруучу болгуң келеби?
– Апам менин байлыгым, таянар тоом, сырдашым, курбум. Албетте, ал кишинин жолун жолдоп, келечекте өзүмдү теледен сынап көргүм келет. Теледен эле эмес, тасмага тартылуу да менин кыялым. Учурда окуу жайдагы иш-чараларды 3 тилде алып барып калам.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
janet
2016-12-14 15:04:07
Чет жерде окуган жакшы, хочешь не хочешь мэжнди напрягать эттирип алдыга жыласын. А бизде болсо алфавит менен таблица умноженияны билбегендер да бар, вузда окуп журушот
+14
arzuuu
2016-12-14 18:20:04
Гулжандын кызы ошондо аскар салымбековдун кызы эмеско ээ фамилиясы болок го.хмммм
+1
barakcha
2016-12-14 23:35:44
arzuuu,жок.биринчи куйоосунон.
0
nagima92kg
2016-12-14 19:55:20
Азаматсыңар
+1
Imrana.01
2016-12-14 21:37:54
Азаматсынар! Суктанып кеттим.
+2
ZHaziko
2016-12-15 00:24:13
Бегайым азаматсын кытайдын тартибин уйронуп келип кыргыздарга уйротуп онуголу.
+7
Boldukan86
2016-12-15 09:23:21
Асел эженин кызы ачык жооп бериптир жакшы кыздар ийгилик окуунарга жана ишинерге. эх качан бизде ушундай тартип болуп калат же анегдоттогудай мээбиз свежий отуп кетебизби?
+3
Nur41
2016-12-15 14:28:10
Гулжан эженин кызы абдан акылдуу, жонокой, тарбия алган кыздардын катарын толуктайт. Азаматсын!
0
Imrana.01
2016-12-15 15:35:41
Суктандым! Азаматсынар!
+1
Ayka0696
2016-12-16 15:07:27
Ийгилик.
0
Ramina-malina
2016-12-17 02:04:02
Chet olko biyakta tursun,Politehti buto alvadym go kuyoogo chygyp,maga okwogongo Mechta bul
-1
Abubakir05
2016-12-17 07:25:54
Биздин балдарыбыз да аман эсен бой жетип ошондой чет олкодон жогору Билим алышса кандай соонун болмок ээ.Кудайым ошол кундорду насип кылсын ар бир инсанга.Иншаллах
+5
aida19
2016-12-17 19:18:37
Ийгилик силереге молоцы,кудайым биздин дагы балдарыбызга ушинтип чет олколордо окууганды насип етсин.
+2
baysuluu
2016-12-19 15:33:41
мен дагы тил уйронгум келип телефонумлу коюп англис китебин окусам окшойт.
+1
Adilet92
2016-12-19 22:49:51
Ммм
0
nurizaa
2016-12-20 03:16:40
Мен дагы балдарымды чет олкодо окутканы буткул кучумду жумшаймын!
+1
№ 736, 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан