Сузак районунда 31 жаштагы жаран аялы менен кайната-кайненесин бычактап өлтүрүп, андан кийин үйүнө барып өз жанын кыйган. Бул үрөй учурган окуяга кичинекей балдар да күбө болушкан.
КЫЛМЫШКЕР ҮЧӨӨНҮ ӨЛТҮРҮП, ИЗ ЖАШЫРГАН
Ушул жылдын 6-декабрынан 7сине караган түнү Жалал-Абад облусундагы Сузак
РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аталган районго караштуу Барпы айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылында киши өлтүрүү болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Кылмыш болгон жерге барган оперативдүү-тергөө тобу киши колдуу болуп өлтүрүлгөн 3 кишинин сөөгүн көрүшкөн. Алар: 1938-жылы туулган үй ээси Токур Рустамов, анын байбичеси 1944-жылы туулган Орунбү Рустамова жана алардын кызы 1987-жылы туулган Рахима Рустамова экендиги аныкталган. Үчөөнүн тең көкүрөк тушуна бычак сайылган жаракаттар болгон. Ал эми бул оор кылмышты жасаган адам изин суутуп кеткен. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышты жасаган адам Рахима Рустамованын күйөөсү, Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ана-Кызыл айылында 1985-жылы туулган, кийин Орусиянын жарандыгын алган Замирбек Ташиев экендиги аныкталган.
"МЕН СИЛЕРДИ ӨЛТҮРГӨНҮ КЕЛДИМ!"
Иликтөөдө белгилүү болгондой, 3 кишини бычактап өлтүргөн Замирбек Ташиев маркум Рахима Рустамованын күйөөсү. Экөө тең мурун Орусияда иштеп жүрүшкөн. 1 жылдай экөө таарынышып жүрүшкөн экен, Рахима Рустамова бул убакта ата-энесинин үйүндө жашап турган. Экөөнүн ортосунда 3 бала бар, Рустамованын мурунку турмушунан да бир кызы бар. Кылмыш болгон убакта үйдө 8 киши, анын бешөө кичинекей балдар болгон. Анын төртөө маркум Рахима Рустамованын балдары болсо, бирөө анын агасынын уулу. Бул балдардын ичинен экөө кандуу окуяга күбө болушкан, калган үчөө уктап жатышкан.
Маркум Рахима Рустамованын окуяга күбө болгон 9 жаштагы кызы өзүнүн өгөй атасы Замирбек Ташиев колуна бычак көтөрүп келип бычактаганын милиция кызматкерлерине айтып берген. Анын айтымына караганда, мас абалдагы өгөй атасы түнкү саат 11 жарым чамасында үйдүн эшигин бузуп кирип келген. Тура калып "эмнеге келдиң?" деген кайненесине "мен силерди өлтүргөнү келдим!" деп Замирбек Ташиев кайненесинин, аялынын жүрөк тушуна бычак урган. Коркуп калган кыз уктап жаткан таятасын ойготкон. Замирбек Ташиев туруп келген 78 жаштагы кайнатасына да жүрөк тушка бычак сайган.
Андан соң үйдөн чыгып кайнатасынын кошунасы 27 жаштагы Болотбек Калбаевдин үйүнө кирип, ага Хундай Портер үлгүсүндөгү унаасын айдатып алып Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылына барган. Айдоочуга "азыр агамдан акча алып жол киреңди төлөп берем" дейт да, агасына жолугат. Агасына өзү жасаган кылмышын айтып берип, Замирбек Ташиев өзүнө да бычак сайган. Алган жаракатынан улам ал Өзгөн райондук ооруканасына жетпей каза болгон.
"ЭМНЕ ҮЧҮН ӨЛТҮРГӨНҮ АЗЫРЫНЧА БЕЛГИСИЗ"Бул кылмыш тууралуу ИИМдин маалымат кызматкери Эрнис Осмонбаев төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул кылмыш боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (2 же андан ашык адамды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Топтолгон материалдар Сузак РИИБинин тергөө бөлүмүндө катталып, каза болгон адамдарга карата соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.
Кечээ, 7-декабрда каза болгондордун баары жерге берилди. Балдар коркуп, чочуп калышкан, алар психологиялык жардамга муктаж. Учурда апасынын туугандарынын колунда. Замирбек Ташиевдин эмне үчүн бул кадамга барганы азырынча белгисиз, тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg