КҮТҮЛБӨГӨН БУРУЛУШ (фотороман)

Айбек борбордогу кафелердин биринде администратор болуп эмгектенет. Буга чейин бул кызматта иштеген жигит алган айлыгынан сырткары акча катып ала коюп жумушунан айдалган. Айбек "айлыктын өзү деле жаман эмес" деп таза иштегенге, кожоюнга жакканга, кол алдындагыларга калыс мамиле кылууга аракет кылчу. Бирок аны капилеттен келген сүйүү, таңгак-таңгак акча түз жолунан чыгарып, арам жолго азгырды.

1. Айтунук көптөн бери жумуш издеп жүрүп чарчаган эле. "Официант болуп иштегенге кыздар керек" деген жарнаманы окуп сүйүнүп кетти.


2. "Жумуш карап жүрдүм эле" деген Айтунукту башынан-аягына чейин караган Сезим администратор болуп иштеген Айбекке алып барды. Жумушка кандай кыз келбесин өзүнөн төмөн көрүп, Айбекти кызгана бермейи бар Сезим кызды сынай бир карап алды.


3. Айбек Айтунукту жакшы кабыл алды.


4. Кыздын жандалбастап чын ыкласынан иштегиси келип жатканын көргөн Айбек жумушка алмай болду. "1-2 күн кардар тейлебей кыздардан үйрөнүп туруңуз" деп, Сезимди чакырып Айтунукту табыштады.


5. Эртеси Айтунук жумушка кыздардан биринчи болуп келди. Түш оой кафенин дайымкы кардарлары адаттагыдай кызуу абалда кирип келишти. Сезим Айтунукту аларды тейлөөгө жөнөтүп жатып "чыргоо кардарлар, бирок биздин кожойкенин инилери. Анча-мынча "каприздерине" чыда, болбосо жумуштан айдаласың" деди.


6. Айтунуктун отуруп калганын көргөн Сезим дароо Айбекке жетип барды.


7. Айбек Айтунуктун ыймандуу кыз экенин байкап, көргөндө эле жактырып калган. Кардарлар менен отуруп алганына жини келип Айтунукту алардан өзү сууруп чыкты. Ага кафенин кызматкерлерине коюлган талаптарды түшүндүрүп берди.


8. Кардарларынын тамагын көтөрүп бара жаткан Айтунук Сезимдин жанынан өтүп баратып анын бутуна чалынып жыгылды. Айтунук Сезимдин чалып жибергенин билди. Бирок эмнеге эле бут тосуп жатканын түшүнгөн жок.


9. Айбек бул учурда кафенин кожойкеси менен бир маселени талкуулоо үчүн кабинетине барды. Кожойке жок экен. Столдогу акчаны көрүп, көздөрү жайнап өзүн жоготуп койду. Баарын чөнтөгүнө шаша-буша салып кирди.


10. Айбек шашкан бойдон сыртка жөнөдү. Кыздарга дайыма жаккан, кимге болбосун сылык мамиле жасап жардамын аябаган, ишин так аткарган жигитти уурулукка барат деп ким ойлоптур.


Эки кыздын кармашы эмнеге алып барат? Айбектин тагдыры кандай болот? Суроолордун жообун кийинки саныбыздан аласыз.

Сүйүн Кулматова
Алишер Алиев
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
saribaeva
2016-12-14 12:14:03
Кызыктуу экен
+2
omka100514
2016-12-14 13:12:54
Видеонаблюдениядан көрүнүп калатда
+2
dina-85
2016-12-14 14:17:23
Болгон окуябы?
0
ilgis1991
2016-12-14 17:49:15
Эх!!!акча!!!кимдерди гана азгырбайт.?!
+2
Kroxa
2016-12-14 18:53:06
Айтунуктан корот го куураган кыз,эмне кылаар экен..
+1
leilek_suluktu
2016-12-16 11:42:48
уландысын тезирээк чыкса
+2
Ayka0696
2016-12-16 15:02:14
Кызык экен
+1
Ayka0696
2016-12-16 15:02:47
Эми кпндай болор экен?
0
tashkan
2016-12-16 22:14:31
Кызыктуу экен кобурооктон жазгылачы?
+1
Talantbek1994
2016-12-16 22:30:02
Өз кабинетине камера койушу деле кыйын го. Айтунукту эле сен алдың деп шорлотпосо болду. Сезим дагы жаман кыз экен(((
+3
kirgizstan
2016-12-18 01:34:59
Мен жакында эле ушунун киносун кордумгоо. Жакшы эстей албай жатам
0
bantik
2016-12-20 09:21:59
Мага Сезим жакты, жакшынакай кыз экен. Озунун ролун сонун аткарыптыр.
+1
№ 736, 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан