Олимпиада оюндарында кыргыз балбандары ийгиликке жетишпей калганы менен, эл аралык аренада ийгиликтерди багынтып келишет. Кезинде жаштар арасында Азиядагы көпчүлүк ири мелдештерди жеңип келген Каныбек Жолчубеков учурда мол тажрыйба топтогон спортчу. Өлкөбүздүн даремети күчтүү балбандардын бири акыркы багынткан ийгиликтери жана башка бизди кызыктырган суроолорго жооп берди.
КААРМАН ТУУРАЛУУ
Аты-жөнү – Жолчубеков Каныбек Байбекович
Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 8-октябрь
Туулган жери – Талас облусу, Бакай-Ата району, Миң-Булак айылы
Билими – Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин аяктаган. Учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын студенти
Жетишкендиктери – Студенттер арасында Дүйнө чемпиону (2008, 2014, 2016-жылдар), жаштар арасында Дүйнө чемпиону (2008-жыл), Азия чемпиону (2016-жыл), коло байге ээси (2010, 2012, 2013, 2014-жылдар), Азия оюндарынын күмүш медалы (2010-жыл)
– Салам! Быйылкы жыл да сапарын карытып барат. Сен үчүн 2016-жыл кандай жылдардан болду?
– Салам! 2016-жыл Олимпиадалык жыл болгондуктан спортчуларга өзгөчө көңүл бурулду десем болот. Бул жылы "Рио-2016" Олимпиадасына катыша албай калсам да, ири мелдештерде ийгилик жаратууга жетиштим. Алсак, жылдын башында Таиландда өткөн Азия чемпиондугунда алтын медаль тагындым. Ошондой эле октябрь айынын аягында студенттер арасында өткөн Дүйнөлүк биринчиликке жана Азербайжандын Баку шаарында өткөн "Golden Grand Prix-2016" мелдешине катыштым.
– "Олимпиаданы кой, ага лицензия алчу мелдештерге да катышкан жок" деп сага кызыккандар көп болду...
– Биринчиден, мен 2015-жылы өлкөбүздүн грек-рим күрөшү боюнча чемпиондугуна катышкан эмесмин. Экинчиден, бул убакыттарда жубайыма операция жасалды. Ошондой эле уулум төрөлүп, экинчи ирет ата болдум. Мен үчүн биринчи орунда Олимпиада эмес, үй-бүлөм турат. Ал эми "Токио-2020" Олимпиада оюндарына катышууга болгон аракетимди жумшайм.
– Буга карабай студенттер арасында өткөн Дүйнө биринчилигинде ийгилик жаратып, алтын медалды тагындың...
– Түркиянын Чорум шаарында өткөн студенттер арасындагы мелдешке мен окуп жаткан Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын атынан катыштым. Машыктыруучуларым колдоп, мага ишеним артып жөнөтүшкөн. Мелдеш жогорку деңгээлде өтүп, 59 килограммга чейинки салмак категориясында жалпы 4 атаандаш менен кезиктим. Грузия менен Молдова өлкөсүнүн балбандарын ири эсепте утуп, жарым финалда орус балбанын 5:3 упайында жеңдим. Финалда ирандык балбанга туш келип, анда да ийгилик мага жылмайды. Мындан тышкары ноябрда Азербайжандын Баку шаарында "Golden Grand Prix-2016" мелдеши болуп өттү. Аты аталгандай бул мелдеш жыйынтыктоочу болуп, ага ар бир континенттин алдыңкы 3 орунду ээлеген спортчулары катышат. Мен 2016-жылдын Азия чемпиону болгондуктан чакыруу келген. Студенттер биринчилигинен кийин эле дароо бул мелдешке катышкандыктан коло байге болуп калды деп ойлойм. Кичине жаракат да алып калгам.
– Бул ийгиликтерди жаратууда кимдин эмгеги чоң? Спортко кандайча келип калдың эле?
– Атам менен тайларым мени күрөшкө кызыктырышкан. Кичинекейимде төшөктөн "атаандаш" жасап берип коюп, аны менен күрөшүп ойноп жүрө берчү экенмин. Бул менин эң биринчи машыгууларым болсо керек. Таласта күрөш популярдуу да, окуучу кезимде атамдын иниси күрөш секциясына алып келген. Анда биринчи агайым Мажит Төрөкулов болду. 2004-жылдан тарта олимпиадалык резерв спорт мектебинде тарбияландым. Ири мелдештерде байгеге жеткенде өзгөчө алардын баары элеске тартылат. Канча тер кеткен машыгуулар, сага ишенген машыктыруучулар, өз үйүңдөй болуп калган машыгуу залы...
– Атыңды кээ бирлери Калыбек десе, кай биринде Каныбек деп жазылып жүрөт. Ошондо кайсынысы туура?
– Жарык дүйнөгө алып келген дарыгер төрөт үйүндө Калыбек деп койгон экен. Бирок кийинчерээк документ аларда Каныбек деп жазылып калган. Ошондон бери расмий мелдештерде Каныбек деп жазылып жүрсө, жакындарым үчүн Калыбек бойдон жүрөм.
– Үй-бүлөң тууралуу айта кетсең...
– 6 бир тууганмын. Менден улуу эжем жана 4 карындашым бар. Ата-энем айылда турушат. Үйлөнгөм, жубайым экөөбүз 2 баланы тарбиялап келебиз.
– Акыркы убакта кыргыз күрөшүндөгү Арсен Эралиев менен Каныбек Жолчубековдун эрөөлү күйөрмандарды кызыктырып келет. Атаандаштык болуп турганы канчалык маанилүү?
– Мурда 55 жана 60 килограмм салмак категориясы өзүнчө болуп, медалдар бөлөк ойнотулчу. Эми бул эки салмак биригип, 59 килограммга чейинки салмак категориясы болуп калды. Татыктуу атаандаштык болбосо спортчунун алдыга өсүүсү мүмкүн эмес. Арсен экөөбүз гана эмес, ар бир салмак категориясында 3-5 күчтүү спортчу болуусу керек деп ойлойм. Ошолордун арасынан өлкөнүн жеңүүчүсү аталса, демек, эл аралык деңгээлде да татыктуу көрсөткүч көрсөтө алат.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg