БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо: "АР БИР БАЛА ТАЛАНТТУУ, АНЫ ӨРКҮНДӨТҮҮГӨ МҮМКҮНЧҮЛҮК БЕРИШИБИЗ КЕРЕК"

Балдар биздин келечегибиз. Бирок көпчүлүгүбүз балага кайсы убакта өзгөчө көңүл буруу керектигин, ички дүйнөсүн ачууга шарт түзүп берүүнү биле бербейбиз. БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо өз тажрыйбалары жана ЮНИСЕФтин дүйнө жүзүндөгү балдарга жана энелерге тийгизген таасири тууралуу ой бөлүшөт.

ЮНИСЕФ КЫРГЫЗСТАНДА

  • БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) 1992-жылдан бери Кыргызстанда өз ишин жүргүзүп келет.
  • 1994-жылы Кыргыз Өкмөтү менен ЮНИСЕФ кызматташуу боюнча келишимге кол коюшкан.
  • 2010-жылы ЮНИСЕФ Ош шаарына гуманитардык жардам көрсөтүү максатында аймактык кеңсесин ачкан.

ЮНИСЕФтин Кыргыз Өкмөтү менен бирге жетишкен ийгиликтери:

  • Кыргызстан БУУнун балдар укугу боюнча конвенциясын ратификациялаган.
  • 2006-жылы 7-августта ЮНИСЕФ тарабынан «Балдар тууралуу» кодекс иштелип чыгып, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
  • Баланы эмчек эмизип багуу, тузду йоддоштуруу, унду азыктандыруу боюнча мыйзамдар кабыл алынган.
  • Жакырчылыкта жашаган балдардын саны 2010-жылы 6,5 пайызды, ал эми 2015-жылы 1,6 пайызды түзгөн.
  • 5 жашка чейинки балдардын өлүмүнүн саны азайган. 1990-жылы төрөлгөн 1000 баланын ичинен 65 өлүм катталса, 2014-жылы бул көрсөткүч 29ду түзгөн.
  • Улуттук биринчи канал менен биргеликте үйрөтүп-таанытуучу «Керемет көч» мультфильми тартылып, 2006-жылдан бери балдарга анын 503 сериясы көрсөтүлгөн. 2011-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө 3-6 жаштагы балдардын 98 пайызы аталган мультфильмди көрүп, Актан менен Акылайды жакшы көрүшөрүн айтышкан.

– Юкиэ Мокуо айым, алгач Кыргызстан тууралуу айта кетсеңиз?
– Японияда төрөлүп, 28 жашка чейин ошол өлкөдө жашадым. Азыр да мекеним менин жүрөгүмдө. 2014-жылдан бери Кыргызстанда жашап, иштеп келем. Япон тилинде сүйлөгөн, япон өлкөсүн баалаган кыргызстандыктарды көрүп абдан кубандым. Кыргыз тилин үйрөнүүгө аракеттенип жатам. Кыргызстанга келгенге чейин Украинада, Тажикстанда, Балкан аралдарында, Косоводо, Черногорияда иштедим.

– Угушумча, Японияда 5 жаштагы балдарга каалаган нерсесин кылууга уруксат берилген. Кызыңызды кандай ыкма менен тарбиялайсыз?
– Бул эми чоң жомок, албетте, андай эмес (күлүп). Мен БУУнун Балдар фондунда 20 жылдан бери иштеп келе жатам, ал эми эне болгонума 8 гана жыл болду. Балдар тууралуу баарын билем деп ойлочумун. Көрсө, биле элек нерселерим көп экен. Эне болгондон кийин теориядагы нерсени күнүмдүк турмушта колдонуу, баланы тарбиялоо оңой иш эмес экенин түшүндүм. Бир жолу кызым шымына сийип койду эле, "эми муну ким жууйт?" деп сурасам, "кир жуучу машина" десе болобу?! Бул 2 жаштагы баланын жообу. Көрсө, балдар биз ойлогондон да жогору ой жүгүртүшөт экен. Алардын жеке ою, кабыл алуулары бар экен. Андыктан бала төрөлгөндөн кийин эле жеке инсан катары кабыл алып, мамиле жасаганыбыз туура. Жасаган мамилебизден алардын келечеги түзүлөрүн эске алышыбыз шарт.

– Сиздин көз карашыңыз боюнча кыргыз эли балага кандай мамиле жасайт экен?
– Балдарды абдан жакшы көрүшөт экен. Бирок мени өлкөдөгү баланы уруп-сабап, коркутуп тарбиялоо тынчсыздандырууда. Бул нерсени кадимки көрүнүштөй кабыл алышат экен. Японияда уруп-сабап тарбиялоону жоюу үчүн ар кандай ыкмалар иштелип чыккан, мындай факты катталса кылмыш иши козголот. Менин оюмча, баланы позитивдүү ыкмалар менен тарбиялоо туура. Эне катары айтсам, чынында балаң сени дайыма эле уга бербейт, бирок сен ошонун жолун табышың керек. Кагуу жеп чоңойгон бала кийин каардуу адамга айланары турган кеп.

– Балдардын эрте жашында өнүгүп-өсүүсү боюнча да айтып берсеңиз...
– Бала төрөлгөндөн баштап 3 жашка чейинки мезгилинде мээси бат өөрчүйт, потенциалы абдан жогору болот. Андыктан бала колуна оюнчук кармап, дүйнөнү тааный баштагандан тартып келечегине жол ачуубуз керек. Бирок биз, ата-энелер, балам азырынча кичинекей, эч нерсени түшүнбөйт дегендей мамиле жасайбыз. Ата-энелик жоопкерчиликти сезебиз, бирок баланын сезимин, дүйнөнү кабылдоосун унутуп коёбуз.

– Кайсы бир маегиңизде баланы эмизүү маанилүү экендигин айткан элеңиз...
– Мен дайыма эмчек эмизүүнү сунуштап келем. Өз тажрыйбама таянып айтсам, төрөгөндөн кийин сүтүм чыкпай, дарыгерлердин кеңеши менен кызыма кошумча тамак берүүгө мажбур болдум. Бирок сүтүм чыкпаса да кызымды эмизе бердим. 3 айынан кийин сүтүм толду. Негизи эмчек эмизүүдө бала менен эненин ортосунда өзгөчө мамиле түзүлөт. Кызымды 2 жашына чейин эмиздим, кийин бул көз ирмемдерди канча сагынып жүрдүм.

– Балдар фондунун жүргүзгөн ишинин негизинде ата-энелер балдардын эрте өнүгүп-өсүшүнө көңүл бура башташты. Сиз кайсы конкреттүү жыйынтыктарды айта аласыз?
– ЮНИСЕФ коомдук бала бакчаларды жайылтып келет. Тилекке каршы, Кыргызстандын облустарында бала бакчалар жетишсиз. Эгемендүүлүктү алгандан кийин саясий, экономикалык, социалдык жагдайлардан улам өлкөдө мектепке чейинки мекемелерди каржылоо аксап, билим берүүнүн деңгээли дароо төмөндөп кеткен эле. Былтыр гана ЮНИСЕФ мамлекеттик өнөктөштөр менен биргеликте алыскы айылдарга 17 бала бакча ачып, 1000дей бала тарбияланып жатат. Бул бала бакчаларда балдардын билим алуусуна, талантын баамдап, аны өөрчүтүүгө шарттар түзүлгөн. Мындай мекемелерге азыр талап жогору болууда.

– Аялзаты үчүн жетекчилик кызматты аркалоо кыйын эмеспи?
– Мен күчтүү, тажрыйбалуу айымдарды көп жолуктурам жана аларга ишенем. Гендерлик теңсиздик жаралбашы үчүн эркек балага, кыз балага да бирдей тарбия, билим берип, башкаруучулук сапатын өстүрүшүбүз керек.

– Бирөөнүн жашоосун өзгөртө аларыңызды качан билдиңиз?
– Чындыгында, мекенимден сырткары ЮНИСЕФте, адам укугун коргоо тармагында иштеп калам деп эч ойлогон эмесмин. Өзүм чыгармачыл адаммын, сүрөтчүмүн. Кичинекей аралга волонтёр катары барып, ал жактан бай-кедей болуп бөлүнүүчүлүктү, шаар-кыштак болуп урушкандарды көрдүм. Ал кезде англис тилин да жакшы билчү эмесмин. Бирок ага карабай эл аралык мамилелер тууралуу көп нерсе билгим келип АКШга окуганы барып, ЮНИСЕФте иштеп калгам.

– Маегиңизге чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик!

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 736, 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан