ЗАМША БУТ КИЙИМДЕРИН ҮЙ ШАРТЫНДА ТАЗАЛАЙБЫЗЗамша бут кийимдерин алгач бөлмө температурасында кургатып алуу керек. Бут кийим тазалоочу щётка жок болсо, тиш щёткасы же идиш жууган губка менен кургаган бут кийимди сүрсө чаң оңой эле тазаланат. Айрым учурда суу тийгенден кийин замша бут кийимдери агала болуп калат. Мындай тактарды тазалоо үчүн губканы же щётканы уксус (9 пайыз) менен нымдап, агала болгон жерлерди сүртүү зарыл. Андан кийин ным чүпүрөк менен бут кийимди сүртүп, бөлмө температурасында гана кургатуу кажет. Кургатууда эч качан жылыткычтарды колдонбоо керек.
БУТ КИЙИМДИ КУРГАТАБЫЗСуу болгон бут кийимдерди үй шартында тез кургатуу үчүн кадимки эле чач кургаткычты (фен) колдонсоңуз болот. Ошондой эле кагаз, гезит, салфеткаларды тоголоктоп бут кийимдин ичине салып коюңуз. Кагаздар нымды өзүнө сиңирип алат. Кагаздарды 2-3 жолу алмаштыруу керек.
Мындан тышкары аш тузун казанга ысытып, байпакка салабыз да, бут кийимдин ичине салып коёбуз.
Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg