– Саламатсызбы? Бакыт мырза, кыздуу болгон экенсиз, бешик бооңуз бек болсун!
– Саламатчылык! Чоң рахмат. Ооба, 30-ноябрь күнү Айчолпон аттуу кыздуу болдум. Ысымын апам өзү койду. Учурда эне-баланын абалы жакшы.
– Үйлөнгөнүңүз бизге жаңылык болду. Сөз кезегинде куттуктап өтөлү, куш бооңуз бек болсун! Жубайыңыз менен тааныштыра кетсеңиз...
– Рахмат. Жубайымдын аты Алия, Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Жеңиш айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча эсепчи. Экөөбүз өткөн жылы жайында Көлдөн таанышканбыз. 1 айдан кийин кыз-жигит катары мамиле кура баштадык. Ошентип жүрүп сүйгөнүмө үйлөнөлү деген сунуш киргиздим, "эртерээк эмеспи?" деп күмөн санап жатып макул болгон. Ата-энелерибиздин батасын алып, жазында 10-апрель күнү нике кыйдырганбыз.
– Ошондо үлпөт тоюңуздар өттүбү?
– Жок, тойду күзгө пландай баштаганыбызда Кудайдын кулагы сүйүнсүн, наристелүү боло турганыбызды билдик. Пландар өзгөрүп, жай айларында Алияны кайрадан кыргыздын салты менен калыңын төлөп, ата-энеси кыз узатуу тоюн беришип, үйүнөн расмий түрдө алып кеткем. Ар бир кыздын кыялында ак көйнөк кийүү деген бар эмеспи, буюрса, ал тилегин орундатып кызыбыз Айчолпонго бата алып, өзүбүз дагы үлпөт той өткөрөлү деп жатабыз.
– Бактылуу болуңуздар!