МИРЗАТ МУКАНОВ МЕНЕН АЙЗУУРА ИМАНАЛИЕВАНЫН ҮЛПӨТ ТОЮ КАРАКОЛДО ӨТТҮ

3-декабрь күнү Каракол шаарында диктор Мирзат Муканов менен таланттуу үй-бүлөнүн тун кызы Айзуура Иманалиеванын үлпөт тою болду.
"3-декабрды тандап алганыбыздын себеби – менден улуу агам 16 жыл мурда ушул күнү үйлөнгөн. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, агам менен жеңем 7 балалуу болушту. Биз дагы алардын жолун жолдойлу деп ниет кылдык”,- деген Мирзат той тууралуу төмөнкүлөрдү кошумчалады.
– Тойду Караколдо өткөргөнүбүздүн себеби көп. Биринчиден, меймандардын 80 пайызы Көлдө болгондуктан 20 пайызды борбордон чакыруу ыңгайлуу болду. Экинчиден, тойдон кийин кайын журтумду үйгө чакырып эшик төрүбүздү көрсөтүп, "Ак-Суу” курортуна алып барып сый-урматыбызды көрсөттүк. Тайларым казак болгондуктан Казакстандан да коноктор келишти. 300 адамдын башын бириктирген тойго ырымдап ак боз бээ сойдук.


star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
lolo.1
2016-12-14 10:44:39
Сонун парасынар коз тийбесин бактылуу болгула Мирзат Айзуура!
+3
Guliii
2016-12-14 12:27:58
Бактылуу болгула, көөөөп балалуу болгула!
+2
omka100514
2016-12-14 13:19:03
Мирзат Муканов, Чынар Капарова эң сонун дикторлор эле неге буларды Илим Карыпбеков КТРКдан кетирген түшүнбөдүм
+2
marya91
2016-12-14 13:43:04
Куш боонор бек болсун
0
VIK
2016-12-14 17:15:21
Бактылуу болушсун!
0
Umarbalapanym
2016-12-14 17:41:25
Мирзат сонун диктор.
0
Kroxa
2016-12-14 18:32:28
Бактылуу болгула Каракодо откону сонун болуптур,кышкы Каракол озгочо го баа жеткис...
+2
kaisarbek
2016-12-14 19:16:51
Булардын тою болду эле го?
-1
Ramina-malina
2016-12-14 20:32:33
Kyrgyzcha kylyp alyp ketken bolchu,zamanbap toyu emi boldu
-1
admin_superstan
2016-12-15 10:58:55
ABDISHkg87, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
aitieva00
2016-12-15 18:39:16
Бактылуу болушсун!!!Мирзат Муканов жакшы диктор
+1
jama9210
2016-12-16 01:21:20
Айзуура апасынын кочурмосуго
-1
Shirin_N88
2016-12-17 23:11:11
Адашпасам Муканов 2008же2009 Ошко КВНде ойногон эле же башкабы....?
-1
Bols
2016-12-18 11:10:27
Бактылуу болгула!
+1
admin_superstan
2016-12-21 09:41:29
nurgul991, жарнама жана коммерциялык маалыматтарды "Коммерциялык жарыялар" аттуу бөлүмгө гана калтырууга уруксат берилет. Мааниси бирдей бир нече билдирүүнү ар жерге калтыра берүүгө да тыюу салынган. Эскертилгенине карабай жаза бергениңиз үчүн 15 күнгө БАН!
0
№ 736, 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан