Эстрада ырчысы Нэна Чехияда өткөн "Diamond voice 2016” эл аралык сынагында экинчи орунду багынтты. Жалпысынан 12 өлкөдөн барган 15 катышуучунун арасынан Нэна байгелүү орунга ээ болуп гана тим болбостон, көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, атайын демөөрчүнүн сыйлыгына татыган. "Euro Gold Star” деген Прагадагы белгилүү зер буюмдар борбору тарабынан бриллиант таштары чегерилген асем буюмдарына ээ болдум. "Славян базары” фестивалына катышканымдан бери чакыруу жыл сайын келип жатып, быйыл гана сааты чыкты”,- дейт ырчы.
Ийгиликтер көп болсун демекчибиз, сыйлыгың кут болсун, Нэна!