Кичинемден эле негедир кышты жаман көрөм. Шаарга келип студент болгондо да кышты жек көргөнүм өзгөрүп кеткен жок. Шаардын көчөлөрүндөгү көк жалтаң музу менин оюмду бекемдегендей эле болду. Эшикке чыксаң бири-бири менен шайыр-шаңдуу бет карашып сүйлөшкөн адамдарды көрбөйсүң. Кабактары түйүлө, сууктан бүт денесин тырыштыра бүкүрөйүп аярлай басышат. Коомдук транспортко түшсөң үйүңө жеткенче Кудайлап барасың, кайсы убакта дөңгөлөгү тайгаланып омкорулуп калар экенбиз деп.
Канчалык мен кышты жаман көргөн сайын ошончолук ушул мезгил мага эрте келгендей туюла берет. Студенттик доор бүтүп, эми жумуштун түбүнө түшчүдөй болуп жүрөм. Айланада болсо кайра эле кыш. Жумушум кеч бүтөт, анын үстүнө кечкисин жол тыгында үйгө жетиш дагы кошумча убакытты алат. Аялдамадан түшүп, эки тарабы бак-дарактар менен курчалган тротуар менен жөнөдүм. Кечки саат 10го чукулдап калыптыр, адамдардын ары-бери басканы токтоп, мен эле калгандай сезилди. Дагы деле кар жаап жатат, ар бир кадамымды аяр таштаган сайын тайгаланып эгер бирөө жарым көз салып байкап турса күлкүлүү эле көрүнсөм керек, сербелеңдеп. Жакшы эле басып бараткам, бир маалда кандай учуп кеткенимди байкабай калдым. Эки бутум асманга көтөрүлө жерге күп эле дей түштүм. Көзүмдөн жылдызыбы, чымчыгыбы, айтор, баары кошулуп учкандай болду. Жата бердим, кыймылдагым келген жок, өзүмө-өзүм ызалана буулугуп чыктым.
– Чоң кыз, эч нерсеңиз сынган жокпу? Катуу жыгылдыңыз да, абайлабайт белеңиз?- жаныма келген киши колуман тартты. Араң турган жаным:
– Эмне ишиңиз бар, жыгылгым келди, жыгылдым! Өз жолуңуз менен кете бериңиз!- деп бурк эттим.
– Мен жакшылык эле кааладым. Эмне, мен түртүп ийдимби сени?!
– Байке, кете бериңиз дейм, менден башка жумушуңуз жокпу?!
Киши дегеним жаш жигит эле экен, мени таңыркай карап, же ачууланарын билбей, же күлөрүн билбей бир аз турду да карды кыртылдата басып кетти. Айлана тыптынч эле, бетиме жумшак жааган кар мени сооротконсуп жаным жай ала түштү. Бет маңдайымда ажайып сулуулук турган. Бактардын бутактары кардан "артист көйнөк" кийгендей жылтылдашат тим эле, алардан жогорураакта анда-санда жымыңдаган жылдыздар, ай да толуп калыптыр, не деген сулуулук... Кырт-кырт-кырт... Тынчтыкты бузган үн. Мен карап турган сулуулукту тосуп алды караан, дагы каткырып коёт.
– Чоң кыз, ушинтип жата бересиңби? Тур, суук тиет.
– Тоспочу маңдайымды, сулуулуктун баарын жаап салдың,- маанайым ачылып калгангабы, урушкум келген жок.
– Сулуулукту?!- жогору караган ал бир саамга унчукпай турду да анан менин катарыма жата кетти. – Чын эле, керемет экен, э?
– Ооба, мен кышкысын ушундай сулуулук болорун билбептирмин. Мындай кереметти көрүш үчүн сөзсүз жыгылыш керек окшобойбу, ха-ха...
– Ар бир мезгилдин өзүнчө сулуулугу болот да, бирок биз көп учурда байкай бербейбиз.
– Балким. Негизгиси азыр эс ала түштүм. Эртеңкини көрө жатарбыз.
Ордунан шарт турган жигит мага кол сунду.
– Жүрү, сени узатып коёюн. Менин атым Айдар.
– Меники Асел. Рахмат, кайрылып келгениңе.
– Биринчи жообуңду укканда аябай жиним келген, сооп болуптур жыгылганы депчи... Анан кайра боорум ооруп кетти.
– Сооп болуптур дечи, ха-ха...
– Асел, телефонуңду бересиңби?
– Макул. 0555 ...
– Жаздым. Ушинтип бир сураганда эле берип коёсуңбу?
– Кыздар эмес, ушу эркектер өзүңөр бир кызыктай жансыңар да. Бербесең "эмне бааланып жатасың?" дейсиңер, берсең "оңой эле берип койдуң" дейсиңер. Деги эмне керек силерге?!
– Тамашалап койдум, таарынбасаң... Сен мага жактың.
– Бир көргөндө элеби, ха-ха...
Эки караан ушинтип божураша узап баратты. Кырт-кырт-кырт...
Баса, мен ушул кышта бактымды таптым. Бактылуумун! Кыш, мен эми сени жаман көрбөйм...
Асел