ИЗДЕЙМ СЕНИ

"ТАЯКЕЛЕРИБИЗДИ ИЗДЕЙБИЗ"

– Кыргыз элиндеги Чыныбай бий Тилекмат уулунун урпактары биздин улуу таякелерибиз болот. Тактап айтсам, мен Турумбек Ракымжан уулу Касенов казактардын жарты деген уруусунанмын. Азыркы учурда Кытай Республикасынын Текес айылында жашайм. Чоң атам Касен Байсын уулу 1916-жылы 13 жашында Чыныбай кызы Сайыпжамал менен баш кошкон экен. Чоң энем 1926-жылы менин атам Ракымжанды төрөп, көп узабай дүйнөдөн кайтат. 1962-жылы Байсындын балдары Казакстанга көчүп келип, Казакстандын Нарынкөл жеринде жашап калышат. Атам болсо башка себептерден улам Кытайда калып калат. Кийин Кыргызстандын Каракол шаарынан бир аксакал (атын унутуп калышкан) Нарынкөлдөгү туугандарды издеп келип, «биздин карындашыбыз менен жээндерибиз да келиштиби?» деп сураса, алар Сайыпжамалдын эрте каза болгонун, уулу Ракымжандын Кытайда калганын айтышат. Аксакал буга катуу таарынып, «атаганат, ошо жалгызды таштабай ала келсеңер болбойт беле» деп кайткан экен. Ошондон бери биз таякелерибиз менен катташпай келебиз. Чоң атам 1952-жылы, атам Ракымжан 1988-жылы каза болгон. Биздин улуу таякелерибиз Чыныбайдын урпактары азыр Ысык-Көлдүн Каракол, Түп жергесинде жашайт деп угабыз. Биз алар менен катташып көрүшөлү деген чоң үмүтүбүз бар. Эгерде кимде-ким көрүп, билип же угуп калса бизге байланышып коюуңуздарды суранабыз.

Урмат менен Турумбек Ракымжан уулу Касенов, тел: 18399063890,
0999-6621482, электордук дарек:
tlbk123@163.com

"АСЕИН САМУДИНОВ ИЗДЕЛЕТ"

– Мен байкемдин досу, 1952-жылы 9-майда туулган Асеин Самудиновду издейм. Ал Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылынан болот. Байкем экөө Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда чогуу окушкан. Касымбек деген байкеси жана Улан деген баласы бар болушу мүмкүн. Акыркы жолу 2002-жылы Ош шаарында бирге конок болушкан. Андан бери 14 жыл өттү. Байкем досуна аябай жолуккусу келип жүрөт. Өзүм көптөн бери Казакстанда жашайм. Таанып-билгендер мага байланышып коюуңуздарды өтүнөм.

Миташ, тел.: 89779378599, 87710579477

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
laki
2016-12-19 15:22:14
Турумбек байке, ийгилик каалайм! Текестеги казак манасчы ушул киши
0
№ 736, 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан