Нуркан Турсунбаев, актёр: "АЙ БАРАТАТ" ДЕГЕН ЫРДЫ ТАТТЫБҮБҮНҮН ТУУЛГАН КҮНҮНӨ АРНАП ЧЫГАРГАМ"

Нуркан Турсунбаев көп кырдуу талант. Обончу, актёр, ырчы. Анын "Алтынчы күнү кечинде", "Ай баратат" аттуу обондорун билбегендер аз. "Мен мактанганды, жагалданганды билбейм. Эмгек сиңирген артист наамын жакында эле алдым",- деген каарманым кызыктуу маек курду.

"ӨНӨРЛҮҮ ҮЙ-БҮЛӨДӨ ӨСТҮМ"

– Чоң атам Турсунбай комузчу, дастанчы, манасчы болчу. Мен ошол кишинин колунда чоңойдум. Атам болсо Токтогул Сатылгановдун эң акыркы шакирттеринин бири эле. Ал комузчу, композитор, акын, дастанчы, ал эми апамдын колунан көөрү төгүлгөн чебер, ушунчалык сулуу аял болчу. Таттыбүбү (ред. Турсунбаева) апамды тарткан.
5 бир тууганбыз. Бешөөбүз тең түрдүү өнөрдүн ээсибиз. Улуу агам сатирик, экинчиси комузчу, эң кенже иним скульптор, карындашым Таттыбүбү болсо мыкты актриса эле болбостон жакшы ырдачу, бийлечү. Ал кичинесинде аябай тентек, эркек мүнөз эле. Ат минип, эркек балдар менен ойноп, бийиктикке, узундукка секирип, жеңил атлетика менен машыкчу. Бир туугандардын ичинен экөөбүз эгиз козудай ынак чоңойдук.
Мен 3 жашымдан тартып комуз чертип, ырдап баштагам. Мага музыкалык аспаптарда ойногонду эч ким үйрөткөн жок, өзүм эле кызыгып үйрөндүм. Байкелерим досторуна аккордеон, балалайка, гармошка черткенди үйрөтүп жатканда уурданып карап турчумун да, эч ким жокто өз алдымча ойночумун. Ошентип 14 аспапты өздөштүрүп, обон чыгара баштагам. Биринчи обонумду 13 жашымда апама арнагам.

"АЙ БАРАТАТ" КӨП ЫРЧЫГА ИЙГИЛИК АЛЫП КЕЛДИ"

– 1961-жылы 12-июлда бир тууганым 17 жашка толду. Ошол күнү такыр уктай албай койдум. Асманда аппак болуп ай тийип турат. Ошондо эргүү келип комуз менен обон чыгарып, туулган күнүнө белек кылгам. "Ай баратат" Таттыбүбү өлгөндөн кийин анын гимнине айланып кетти. Бул ыр көп ырчыга ийгилик алып келди. Ырыскелди Осмонкулов Түркияда өткөн сынакта аткарып, алтын медаль алды. Келгенден кийин эмгек сиңирген артист болду. Обонун чыгарган мен "Эмгек сиңирген артист" деген наамды жакында эле алдым, аны дагы кокусунан берип калышты. Осмонакун Ибраимов театрга келип менин сүрөтүмдүн алдындагы артист деген жазууну көрүп, жетекчиликке "биз Нуркан Турсунбаевдин обондору менен чоңойдук. Азыркыга чейин наам албаганы кандай?" деп айтыптыр. Анан документтеримди даярдап колума күбөлүгүн беришти, бирок төш белгисин азыр да ала элекмин.

"АЯЛЫМ МЕНДЕН 25 ЖАШ КИЧҮҮ"

– Биринчи жубайымдан 4 балам бар. Чыгармачыл адам үчүн үй-бүлө тынч болуш керек экен. Мамилебиз келишпей эки бөлөк жолго түштүк. Азыркы жубайым Жыпар менден 25 жаш кичүү. Кесиби дарыгер. Өзүнүн медициналык борбору бар. 2 кыздуу болгонбуз. Улуу кызым турмушка чыккан. Кичүүсүнүн кесиби экономист, жакшы да ырдайт. Жакында болчу концертимде талантына күбө болосуздар.

"ТАТТЫБҮБҮ ЭКӨӨБҮЗ БИР ТУУГАН, ТАЙПАЛАШ, КЕСИПТЕШ БОЛДУК"

– "Салиманын ыры" аттуу тасмага карындашым 16 жашында башкы ролго, мен эпизоддук ролго тартылып, экөөбүз тең чыгармачылыктын чоң жолуна 1960-жылы түштүк. Аталган тасмага тартылып жатканыбызда Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театрдан мугалимдер келишип бизди окууга чакырышты. Адегенде алардын сунушунан баш тарттык, анткени маданият министри Москвадагы П.И.Чайковский атындагы консерваторияга жолдомо берген эле. Келген мугалимдер "Москва алыс, Ташкентте окусаңар үйүңөргө тез-тез келип турасыңар" деп бал тилге салып жатып көндүрүштү. Окууну 1966-жылы бүтүп келип, Кыргыз драма театрына жумушка орноштук.
Театрда 50 жылдан бери 100дөн ашуун кыргыз улуттук классикасынан дүйнөлүк классикага чейинки каармандардын образдарын жогорку деңгээлде аткарып келем. Кинодо баш каарман, эпизоддук ролдор болуп 15тей тасмага тартылдым. 300дөн ашуун обонум бар. 200дөн ашуун лирикалык, эл-жер, Ата Мекенге арналган ырларды жаздым. Кыргыз цирк искусствосуна да салым кошком. 1962-жылы кыргыз циркинин эң алгачкы «Канаттагы комузчулар» аттуу программасынын автору жана машыктыруучусу болгом. Кыргыз цирки бул программа менен 60 жылдан бери дүйнөлүк аренага чыгып келет.

"Таттыбүбү 16, мен 20 жашымда. Опера-балет театрында өткөн республикалык кароо-сынакта экөөбүз тең байгелүү орунга илингенбиз".


"Киного караганда театрда көп роль жараттым".


"Жыпар менин бактыма жаралган аял. Чыгармачылыгымды колдоп келет. Ар дайым анын аман болушун тилейм".


Султан Төрөбеков
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Н.Турсунбаев: "50 жылдык өмүрүмдү театрга арнап, 300дөй обон жараттым"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
ziko_kt
2016-12-14 13:37:06
Бул кишинин биринчи аялынан кызын тааныйм, ал да Жыпар. Аябай сулуу эже, ото жаш корунот. Бирок атасына нааразы болуп журчу, катташпайт, сурашпайт деп...
+5
Rain000
2016-12-14 13:57:02
Туура айтты. Кечеки эле Жанета Бобкова эмгек синирген эл артиси болгонуна 3 4жыл болду. Турсунбаев качанкы киши
+9
Targarien
2016-12-14 18:46:25
Ошону бир тууганынан сурабапсыздар
+5
ainura220888
2016-12-14 22:18:28
Агай Таттыбубу Турсунбаеванын элеси менен жашап калыптыр.
+3
jama9210
2016-12-16 20:30:27
Таттыбубу эже жонундо жазгылачы кантип чонойгон кантип жашаган кантип оо дуйного кеткен. Аябай жагат тируу болсо жанында бир мунот турсам ошол мага бакыт болмок
+2
admin_superstan
2016-12-19 15:43:17
jama9210, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+2
№ 736, 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан