SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.
1-декабрь:
АТАМБАЕВ ТӨРӨБАЕВДИН ЧЫРАГЫНА МАЙ ТАМЫЗДЫБишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргыз мамлекетинин башчысы Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрдү. 4 саатка созулган жыйында президент 5 жыл ичинде аткарылган жана аткарылбай калган иштер, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал жана тышкы мамилелер жаатында жалпы 70тен ашык суроого жооп берди. Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктаарына туура 1 жыл калды. Президенттик шайлоого чейин коомчулуктун көңүлү эми президенттикке коюучу талапкерлерге бурулат. Бийлик сөзсүз түрдө өз талапкерин чыгарат. Бирок дайыма болуп келгендей, шайлоого жакын оппозициялык партиялардын колдоочулары өсүп, бийликчил партияга ишеним солгундашы мүмкүн. Бул оппозициядагы партиялардын элди ээрчитип кетүүгө жөндөмдүүлүгүнө жараша болот. Бүгүн Атамбаев "кийинки президент болуп калса таң калбайм" деп Жогорку Кеңештин оппозициясындагы Өмүрбек Бабановго кошо Бакыт Төрөбаевди атап, Төрөбаевдин амбициясына май тамызып койду. Төрөбаев жалпы республикалык лидер деңгээлине чыга элек болсо да, өз алдынча партия түзүп, парламентке "Ата Мекенден" жана "Бир болдон" көп орун менен келип элди ээрчите аларын далилдеген. Бабановдо Төрөбаевдикине салыштырмалуу президент болууга мүмкүнчүлүгү жогорураак. Бабановдун акыркы мезгилде бийликке да, оппозицияга да биротоло ыктабай ортодо кармалып турушу Атамбаевдин командасы менен тил табышуу үчүн каалганы ачык калтырганынан кабар берет...
2-декабрь:
УКМК ИНТЕРНЕТ КОЛДОНУУЧУЛАРЫНА "УУГА ЧЫКТЫ"
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактагы жазган билдирүүлөрү үчүн адамдарды куугунтуктоого кириштиби? SUPER.KG порталына бүгүн УКМК тарабынан кайра-кайра суракка чакырылып жатканын айтып Ысык-Көл облусунун тургуну кайрылды. Айтымында, УКМК аны социалдык тармактагы "Мурч" деп аталган баракчаны башкарасың деп шекшип жатыптыр. Аталган баракчада бийлик ачык сындалып келет, күлкүлүү коллаждар, айрым учурда мазактаган коллаждар дагы коомго жарыяланып турат. УКМК аталган баракчага жабырлануучумун деген адамдын үйүндөгү IP даректен сүрөт жүктөлгөнүн таап чыкканы айтылды. Бизге кайрылган жаран үйүндө интернетке "Кыргызтелекомдун" кызматы аркылуу кирерин айтат. "УКМКнын кызматкери менин оппозициянын позициясын колдоорумду айтты. Оппозициядагылардын жаңылыгын окусам эле аларды колдогон болуп калбайм да",- дейт ал. Былтыр социалдык тармакта жазган пикири үчүн активист Мавлян Аскарбеков да УКМК тарабынан чакырылып, суракка алынган.
УКМКнын негизги милдети – өлкөнүн бүтүндүгүн, республикадагы 6 миллион жарандын коопсуздугун сактоо. Социалдык тармакта бийликке жакпаган билдирүүлөрдү жазганы үчүн жарандарды куугунтуктап баштаса, мекеменин майдаланып баратканынын белгиси. Терроризм, экстремизм өңдүү коркунучтардын алдын алуучу органдын кызматкерлери интернетте жарандардын жазышуусун, кайсы саясатчыны колдоп, кайсынысына каршы сүйлөп жатканын аңдып отурганы "УКМКнын кыларга иши жок калганбы?" деген суроону жаратат. Өлкөдөгү жана Жакынкы Чыгыштагы абалды эске алсак, УКМК жасай турган иштер абдан көп. Кечээ маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын аймагынан Орусиянын аскер базасы чыгарыла турганын айтты. Буга жооп кылган Орусия парламентинин депутаты Владимир Жабаров Борбор Азия аймагында башкы коркунуч терроризм экенин эскертип, эгерде Орусиянын базасы чыгарылса, анда Кыргыз Республикасы террористтер менен жалгыз күрөшүүгө аргасыз болорун айтты. Базанын тагдыры башка маселе. Маселе – өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга чекисттердин конторасынын даярдыгында. Жакында УКМКнын өлкөнүн гана эмес, президенттин тагдырына да көбүрөөк тынчсызданып жатканын көрсөткөн бир окуя болгон. Жогорку Кеңеште жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоору каралып жатканда айрым депутаттар ЖМКларда, интернетте президентти мазактап жазгандар көбөйүп кеткенин айтып, буларга УКМК кандай чара көрөрүн сурашты. Жооп катары УКМК өкүлү чектен аша жазгандар боюнча чекисттер комплекстүү иш жүргүзүп жатканын айткан эле. Ысык-Көлдүн тургунун суракка алуу ошол комплекстүү иштин алгачкы жыйынтыктарынан эмеспи? Интернеттеги социалдык тармактарда болобу, жөн гана көчөдөбү, жарандардын жеке пикирин, позициясын билдирүүсү чектелбеши керек...
5-декабрь:
КСДП КИЙИНКИ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ КИМДИ ТАПТАП ЖАТАТ?Кыргыз жергесинин саясий аренасында орун алып жаткан акыркы окуялар, өлкөдөгү аздыр-көптүр кадыр-баркы бар саясатчылар келерки президенттик шайлоого кызуу даярдык көрө баштаганын көрсөтүүдө. 30-ноябрь күнү Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров бириккенин жарыялашкан. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруунун негизги максаты – президенттик шайлоого баруу экенин алар жашырышкан жок. Үчөө тең президенттик жарышка ким аттанарын жар салуу эртелик кыларын айтышканы менен, булардын ичинен Адахан Мадумаровдун президенттикке талапкер катары чыгуусу чындыкка жакыныраактай. Аталган саясатчы буга чейин атайын маалымат жыйын аркылуу 2017-жылы өтүүчү президенттик жарышка катышарын билдирген болчу. Ал арада экс-премьер Темир Сариев менен "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев да күчтөрүн бириктирип, президенттик жарышка даярдык көрө башташканы тууралуу сөздөр айтыла баштады. Темир Сариевдин жергиликтүү маалымат булактарына "Өнүгүү-Прогресс" тууралуу жылуу пикирин билдирип, аталган партия үчүн үгүт сөзүн айтып баштаганы жогорудагыдай божомолдорду бекемдеп койду.
1-декабрда президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын куруп, өзүнөн кийин мураскер калтырбасын дагы бир жолу айтты. Анткени менен ажо негиздеген КСДП президенттик орунду ээлеп калууга мүмкүн болгон аракетин жумшаары түшүнүктүү. Учурда бийликтегилердин командасынан мамлекет башчылыкка ат салышчулар катары Сапар Исаков, Сооронбай, Асылбек Жээнбековдор, Иса Өмүркулов, Чыныбай Турсунбеков жана башкалардын ысымы айтылып келет. SUPER.KG порталында "Эртең президенттик шайлоо болсо, кимге добуш бермексиз?" деген сурамжылоодо Сапар Исаковдун көрсөткүчү президенттик команданын башка мүчөлөрүнө салыштырмалуу жогору болгон. Исаковдун рейтингинин күчтүү делген А.Салянова, Т.Сариев, К.Ташиев сыяктуу саясатчылардын катарынан орун алышы анын "мураскер" болуу мүмкүнчүлүгүнүн жогору экенин айгинелейт. Сапар Исаковду Мадумаров, Бабановдун рейтинги менен салыштыруу мүмкүн эмес. Эгер Ак үй Исаковдун талапкерлигине токтолуп, өз ресурстарын иштете турган болсо, анын мүмкүнчүлүгүнүн геометриялык прогрессия менен өсүшүндө күмөн жок. Сапар Исаковдун дагы бир "көзүрү" – анын жаш курагы. Кезинде Исхак Раззаков мамлекет жетекчилигине 40 жашында дайындалган. Андыктан эл эски саясатчылардан чарчап турган чакта, келерки жылы 40 жашка чыгуучу Исаковдун жылдызы жанып кетиши толук мүмкүн.
Президенттик жарышка аттанчу саясатчылардын арасында "Республика-Ата Журттун" лидери Өмүрбек Бабановдун мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Азырынча президенттик шайлоо боюнча анчейин сөз козгобой отурган Бабанов кези келгенде кырдаалга жараша күчтүү саясатчыларды айланасына чогулта билүү таланты менен негизги талапкерге айлануусу толук мүмкүн. Бабанов мындай кыла аларын эки парламенттик шайлоодо далилдеди. Демек, алдыда дагы саясий биригүүлөр, ажырашуулардын болушун күтсөк болот...
6-декабрь:
ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ УБАДАЛАР "ЖАРМАНКЕСИ"
Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого жана Конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүүгө 5 күн калды. Элге таанымалы да, аты-жыты белгисизи да жер-жерлерде жолугушууларды уюштуруп, элдин жашоосун оңдоого 11-декабрда өтүүчү шайлоо гана жетишпей жаткандай, шайлоо өтсө эле жашоо оңолуп кетчүдөй убадаларды берип, добуш алуунун амалын көрүп жатышат. Бул шайлоонун табияты, бирок кеп талапкерлер тарабынан айтылып жаткан убадалардын канчалык реалдуу экендигинде. XIX кылымда Германияны башкарган "темир канцлер" Отто фон Бисмарктын шайлоо тууралуу пикири бүгүнкү күндө да актуалдуу: "Адамдар үч учурда эң көп алдашат, – бул согуш маалында, аңчылыктан кийин жана шайлоого чейин".
Бул жолу партиялар "Бишкекте коомдук унаада жүрүүнү бекер кылабыз, унаа тыгындарын жоёбуз, автоунаага төлөнчү салыкты жоюп салабыз",- деп убадаларды беришүүдө. Эптеп добуш жыйноо үчүн элдин калың катмары туш келген кыйынчылыктарды бетке кармоо адаты күч алып баратат. Бир шайлоодон экинчи шайлоого чейин саясий партияны же саясатчыны сыноого убакыт жетиштүү. Жашоонун өзгөрүшүн каалаган ар бир жаран добуш берүү күнү артка кылчайып, убадалар аткарылдыбы же жокпу эске салып, ошонун негизинде добуш берсе, балким, жашообузда өзгөрүү болот. Бирок кыргыз коомчулугунда добуш сатуу, сатып алуу адаты жоюла элек. Аны өзгөртүү элдин колунда...
7-декабрь:
САЛЮТСУЗ АСМАН – ЭКОЛОГИЯНЫ КОРГООГО КАРАЙ БИР КАДАМКыргыз жеринде пиротехникалык каражаттарды (петарда, фейерверк, салют жана башкалар) сатууга жана колдонууга тыюу салынды. Бул чечимин Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы кыш мезгилинде пиротехникалык заттардан жабыркагандардын көбөйүшү менен түшүндүрүп, талапка баш ийбегендерге 50 миң сом айып салынарын эскертти.
Жаңы жылдын алдында денелерин күйүккө алдырып, олуттуу жаракат алгандар болот. Мисалы, былтыр Жаңы жыл майрамында пиротехникадан 24 адам ар кандай жаракат алган. Пиротехника буюмдарынын коркунучу айтылып жүргөнү менен, сатууга атайын тыюу салына элек болчу. Анын үстүнө мындай каражаттар кышкысын өрт кырсыктарынын да себепчиси болуп келет. Мисалы, 2015-жылдан 2016-жылга өткөн түнү эле жергебизде салют, фейерверктерди туура эмес пайдалануудан 19 өрт чыгып, ири суммада зыян алып келген.
2011-жылы Кытайдан Кыргыз жерине 385 тонна пиротехника буюмдары киргизилип, суммасы 892 миң долларды түзгөн (тийиштүү органдардан соңку жылдардын статистикасын тактоо мүмкүн болбоду). Бул кыргызстандыктардын аз эмес акчасы жаңы жылдык салюттарга жумшалат дегендик. Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан пиротехника буюмдарын чыгарган Кытайдын өзүндө бул каражаттарды колдонууга чектөөлөр бар. 2016-жылдын башындагы маалыматтар боюнча Кытайдын Шанхай баш болгон 138 шаарында салют жана фейерверк аттырууга уруксат жок. Максаты – экологияны коргоо. Кыргыз жеринде азырынча экология жөнүндө сөз боло элек, бирок Жаңы жыл түнү Бишкектин үстүн бир топко чейин түтүн каптап турарын бийик жерден көрүүгө мүмкүн. Бишкекте автоунаалардын саны нормадан эки эсе көп экени айтылып жүрөт, демек, алардан бөлүнүп чыккан зыяндуу газдын өлчөмү да ошого жараша. Бир кезде "жашыл шаар" аталган Бишкектин дарактарынын жалбырагын жайында курт жеп, куураган дарактар шамалда сынып түшүүдө. Жазындагы ишембиликтерди эске албаганда, эски дарактын ордуна жаңы көчөт отургузуу ишин Бишкек мэриясы комплекстүү иш катары жолго сала элек. Демек, экологияны сактоо темасы Бишкек үчүн да жакынкы жылдары башкы көйгөйгө айланып калышы мүмкүн...