"Сүйүп калдым, кантейин?", "Сагындырба" деген ырлар эсиңизде болсо керек. Ал чыгармаларды аткарган ырчы Эрлан Андашев АКШнын Огайо штатында жашап-иштеп жатканына 4 жылга чукул убакыт өттү. Андан бери ырчынын жашоосунда эмне өзгөрдү, мындан ары эмнелерди күтөбүз?..
– Салам, Эрлан. Эл-жериңизден алыс, океандын ары жагында жашап-иштеп жүрүп, жакынкы күндөрү чыгармачылыкка билек түрө киришкениңизди билдирдиңиз...
– Салам. Ооба, жакында эле Элмирбек Иманалиев агабызга таандык "Жалгыздык" деген чыгарманы жаңылап ырдап, ага Нью-Йорк шаарында клип тартууга жетиштик. Буюрса, клип жаңы жылга жакын элге тартууланат деп турам. Бул ырды мурдатан эле жактырып ырдап жүрчүмүн. Андан тышкары "Сүйбөс болдум" деген аталыштагы дагы бир чыгарманын үстүнөн иштеп жаткан кезим.
Бул жакка келгениме 4 жыл болуп калды, ошол аралыкта бир дагы ыр жаздырган жокмун. Анан кыргыз бар жерде той да бар экен (күлүп), бул жакта деле кыргыз туугандардын жакшылык, тойлоруна чакырылып ырдап жүрөм. Нью-Йоркто, Чикагодо тойлор көп болот, Таласка, Караколго барып ырдап келгендей эле каттап калдык. "Сүйүп калдым, кантейин?", "Сагындырба" деген ырларымды ырдай берип акырында өзүм уялып бүттүм. Тойго барсам да башка эле орусча, англисче ырлардан ырдап койчу элем. Жаңы ырларды тойлор үчүн жаздырып жатам дегенден деле алысмын, 10 жылдап ушул жаатта билим алып, аздыр-көптүр бул тармакта иштеп калган соң таптакыр таштап койгон болбойт го.
– Албетте, АКШда ыр жаздырууда сапаты жактан да, акысы жактан да чоң айырма болсо керек.
– Орусиялык атактуу ырчылар Кристина Орбакайте, Авраам Руссо үн жаздырган студиядан жаздырдык. Ооба, акысы жактан алда канча эле кымбат болот экен, ошентсе да өзүңө жаккан иш менен алектенүү ар дайым ырахат тартуулайт эмеспи. Сапаты да сонун. Үндү абдан тунук берет, өзгөрбөйт, чоюлбайт, кысылбайт. Ал эми аранжировкасын Кыргызстандан Азамат Такырбашев жасады.
– Бөтөн элдин жашоо шартына, баалуулуктарына, өзгөчөлүктөрүнө көнүп калган чыгарсыздар?
– Ооба, көндүк. Антип-минтип документтерибизди жайына келтирип, бир нукка түшкүчө эле жылдар өтүп кетти. Азыр баары жакшы, орун-очок алып отурукташып калдык. Буюрса, жакында бул жактан үй алалы деп турабыз. Кызыбыз Раяна ушул күнгө чейин чоң апасы менен Кыргызстанда болчу, жакында АКШга келип калат деп чыдамсыздык менен күтүп турган чагыбыз. Бул жакта балдарга абдан жакшы шарттар түзүлгөн. Мектепке балдар 5 жашынан баргандыктан Раяна келсе эле мектеп босогосун аттайт.
Андан тышкары Кыргызстандагыга караганда жашоо ыргагыбыз да өзгөрдү десем болот. Бир да мүнөттү текке кетиргиң келбейт, ар дайым бир нерсе менен алек болуп туруу керек. Мисалы, бош убактыбызда залга барып ден соолукка кам көрүп турабыз. Адамдарга болгон ишеним күч алды. Ишенчээк болуп, өзүм да айткан сөзүмө турганга көндүм. Анткени бул жактагылар айткан сөзүнө турат, алдабайт жана мыйзамга баш ийишет.
– Ал жакта эмне менен алектенип жатасыздар?
– Келинчегим Перизат окуп жатат. "Убактыңды, күчүңдү, энергияңды окууга гана жумша" дегем, анткени анын билим алып жакшы бир кесиптин ээси катары иш тапканга эрки жетет, а менин андайга эрким жетпейт экен. Өзүм келгенден бери эле бир кафеде музыкант болуп иштеп келем, андан тышкары азыр жүк ташуучу унаа айдап алыскы жолдорго чыгып жатам. Мурда андай унааларды көргөндө сүрүнөн, чоңдугунан эле чочулап, "унаалардын узундугу эле 22 метрди түзсө кантип айдашат?" деп таң кала берчүмүн. Адам баласы үйрөнсө баары эле колунан келет экен. Окуп, үйрөнүп айдоочунун күбөлүгүн алгам. Бул жакта мендей болуп алыскы каттамдарга жүк ташуучу машиналарды айдаган кыргыздар көп. Анан да бул иш өтө оор деле эмес. Мындан бир канча жылдар мурун ушинтип унаа айдайм деп ойлогон эмес экенмин. Чыгармачыл адамга өз алдыңча ойлонгонго алыскы жолго чыккан деле жакшы экен.
– Алыс жолдо жүргөн айдоочуларга атайын шарттар каралып, жолдору да абдан жакшы болсо керек?
– Жолдору эң сонун. Ар бир 50 чакырым сайын атайын жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары үчүн аялдамалар бар. Анда бекер душка түшүп, эс алсаң болот. Бирок унаалардын ичинде деле бүт шарты бар. Кадимки бир бөлмөлүү батирдей эле. Эки кабат керебети, муздаткычы, айтор, өзүңдү үйдө жүргөндөй эле сезесиң.
– Алдыга койгон пландарыңыз тууралуу кеп кылсаңыз.
– Кыргызстанды көрсөм дегенде эки көзүм төрт, ал жөнүндө айтсам ыйлап калам (күлүп). Баарын сагындым, буюрса, жаз алды менен барып сагынычымды таратып келсем деп пландап жатам. Бирок азырынча биротоло кайтпайм го. Ал эми чыгармачылык жаатында болсо пландар көп. Жаңы чыгармаларды жаратып, клиптерди тартууга кириштим. Эми сынактарга барууга жол издейм. Мисалы, Американын "The Voice", Орусиянын "Голос" деген музыкалык шоу сынактары.
– Алдыга койгон максаттарыңыз орундалсын. Маегиңизге чоң рахмат!
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg