Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 5-декабрда эмгек өргүүсүнө чыкты. Кайра качан жумушка чыгары айтылган жок.
Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматты жоюу тууралуу токтомго өкмөт башчы кол койду. Кызмат укук коргоо органдарын РЕФОРМАЛООНУН максатында жоюлду.
Кыргыз мамлекети КМШ жана Европа өлкөлөрүнүн ичинде ЖОЛ КЫРСЫКТАРЫНДАГЫ өлүмдөрдүн саны боюнча 2-орунду ээледи. Биринчи орунда Казакстан турса, үчүнчү орунда Орусия турат.
Жогорку Кеңештин депутаты АЙСУЛУУ МАМАШОВА 4-декабрда турмушка чыкты. Эскерте кетсек, Айсулуу Мамашова "Дасмия" комплексинин негиздөөчүсү Турусбек Мамашовдун кызы.
Бишкек шаарында быйылкы жылы БАЛАТЫ БАЗАРЫ Ботаникалык бакта иштеп баштады. Баалар 1 миң сомдон 8 миң сомго чейин.
Бир ИТТИ АТУУГА 270 сом сарпталат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалым кылды.
Кыргыз мамлекетине келген чет өлкөлүк жарандарды 5 КҮНДҮН ИЧИНДЕ каттоого турууга милдеттендирген токтомду жоюу тууралуу чечимди өкмөт кабыл ала элек.
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун айтымында, 2017-жылдын сентябрь айында МАРШРУТТУК каттамдар токтотулат. Калаага 300дөй автобус алынмакчы.
БИШКЕК дүйнөдөгү 420 борбор шаардын ичинен жашоо деңгээли эң төмөн 27 калаанын катарына кирди. Мындай рейтингди "Merser" уюму чыгарган.
Кар көчкүдөн улам жабылган БИШКЕК-ОШ УНАА жолу 8-декабрь күнү саат 15:20да бир тарапка ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабындагы көрүстөндө орун калбагандыктан, шаардан 20 чакырым алыстыктагы Гроздь айылы тараптан жаңы жай бөлүндү. ЖАҢЫ КӨРҮСТӨН 2017-жылы иштей баштайт.
Ош шаарында Лексус RX-300 үлгүсүндөгү унаанын Э.К. аттуу айдоочусу мас абалында 57 жаштагы Марипат Эрманбетованы унаасы менен СҮЙРӨП ӨЛТҮРҮП алган. Айдоочу Эрманбетова түшө электе унааны айдап жиберген. Айдоочу кармалып, камакка алынды.
Мамлекеттик миграция кызматынын маалымдашынча, өлкөдө 11 ай ичинде 11 751 ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК жаранга иштөөгө уруксат берилген. Алардын жарымына чукулу Бишкек шаарында эмгектенишет.
9-декабрда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ орнотулат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.