АЛЫКУЛ ОСМОНОВДУН КӨЗҮ КЫЛЫЙ БОЛУП КАЛГАНЫ ҮЧҮН ЖАҢЫ АКЧА СЫНГА КАБЫЛДЫ

2017-жылдын 1-январынан тарта жүгүртүүгө чыгарыла турган жаңы 200 сом номиналындагы банкноттун сүрөтү боюнча интернетте нааразычылык пайда болду. Нааразычылыктарга банкнотто акын Алыкул Осмоновдун көзүнүн кылый болуп калганы себеп болгон. Улуттук банк аталган жагдай боюнча төмөнкүдөй аныктама берди: "2016-жылы чыгарылган өркүндөтүлгөн 200 сом номиналындагы Алыкул Осмоновдун портретинде 2010-жылы чыгарылган IV сериядагы 200 сомдук банкноттогу эле сүрөт пайдаланылган. Улуттук валютадагы бардык банкноттордун портреттери эч кандай өзгөртүүгө дуушар болгон жок". Улуттук банктын маалыматы боюнча, акча жасоо технологиясындагы жаңы ыкмалар колдонулгандыктан, бул банкноттор мурункусуна салыштырмалуу даана жана көркөмдүү иштелип чыккан. Ал эми портреттеги инсандардын азыркы көрүнүшү 2008-жылы президенттин буйругунун негизинде кабыл алынган.
Маалымат үчүн: Жаңы жылдан тартып өлкөдө улуттук валютанын IV сериясындагы жакшыртылган 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкноттору жүгүртүүгө чыгат. Мындай чечимди 2010-жылдагы банкноттун портретинин даана көрүнбөгөнүнөн улам кабыл алышкан.
Интернеттеги дизайнер Никита Тарасенконун демилгеси менен #НарисуйтеНормальныеДеньги хэштеги астында флешмоб жүрүп жатат.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 736, 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан