ЖАҢЫ МИНИСТР МИЛИЦИЯ КЫЗМАТЫНЫН КАДЫР-БАРКЫН КӨТӨРӨ АЛАБЫ?

Апта башында Бишкекте милиция кызматкерлери менен таксисттердин ортосунда жаңжал орун алып, абал ок атууга чейин жетти. Териштирүү учурунда "милиция кызматкерлери өз милдеттерин аткарышкан" дешсе, такси кызматынын өкүлдөрү милиция кызматкерлеринин орой мамилесине арызданышууда.

ЧЫР ЭМНЕДЕН ЧЫККАН?

6-декабрга караган түнү Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунда таксисттер менен милиция кызматкерлеринин ири мушташы катталды. Чырдын чоо-жайы боюнча ИИМ төмөндөгүдөй билдирүү таратты: "Иш үстүндө жүргөн аймактык инспекторлорго жолдун четинде токтоп турган унаа шек жаратып, аны текшерип көрүүнү чечишкен. Унаада айдоочу менен бир адам болгон. Алардан документтерин көрсөтүүнү сураганда Урмат Э. уулу документин көрсөткөн, ал эми унаа ээси Мирлан Т. милиция кызматкерлерине баш ийбей койгон. Көп өтпөй ал жерге "Жорго такси" кызматынын 200дөй айдоочусу чогулуп келген. Аймактык инспектор документин сурап кайрылган айдоочу аталган кызматтын таксисти болгон. Айдоочу кесиптештерине "милиция мени сабады" деп айтып, ири жаңжал келип чыккан. Абалды жөнгө салуу максатында аймактык инспектор асманга ок атууга мажбур болгон".
Чырдан улам таксисттер милиция кызматкерлерин таш менен урушкан. Бул аралыкта патрулдук милиция кызматкерлери келип, абалды жөнгө салышат. Качууга аракет жасаган унаа ээси Мирлан Т. менен Урмат Э. уулун милиция кызматкерлери кармап, наркологиялык текшерүүдө Урмат Э. уулунун баңгизат колдонгону аныкталганын Бишкек ШИИББден билдиришти. Ал эми ушундай эле текшерүүдөн милиция кызматкерлери таза чыгышканы маалымдалды. Бир аймактык инспектор жаракат алып, анын мээси чайкалган. Учурда бул окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "бийлик өкүлүнө кол көтөрүү" жана "бейбаштык" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Унаа ээси Мирлан Т. убактылуу кармоочу жайда болсо, Урмат Э. уулуна баңгизат колдонгону үчүн деп административдик протокол түзүлдү.

"ИЛИКТӨӨЧҮЛӨР АДИЛЕТТҮҮ ЧЕЧИМ ЧЫГАРСЫН"

Бул окуя боюнча "Жорго такси" ЖЧКсынын башкы директору Алтынбек Каримов укук коргоо кызматкерлеринин адилет иликтөөсүнөн күмөн саноодо. Анын версиясында чырдын келип чыгуу себеби башкача. "Такси айдоочусу кардарын Көк-Жарга жеткирген соң досуна жолугуп калат. Экөө машинада сүйлөшүп отурушканда милиция кызматкеринин формасы эмес, кадимкидей кийинген 2 адам келип документтерин көрсөтүүнү жана машинадан чыгууну талап кылышкан. Күбөлүктөрүн көрсөтүү өтүнүчүн аткарышкан эмес. Таксист машинадан чыкканда документ сураган адамдар арыраак басып, абага ок чыгарган. Айдоочу ошондо гана кесиптештерин чакырган. Бизге түшкөн аудио-материалда кызматкерибизди милиция кызматкери кыйнап жатканы жазылган. Анда "коё бериңиз, тийбеңиз дейм" деген сөздөр жазылып калган. Бул иш боюнча териштирүүчүлөр эки тарапты тең угуп, адилеттүү чечим чыгарса деген ойдобуз",- дейт Алтынбек Каримов. Анын айтымында, ушул сыяктуу таксисттерге кол салган окуялар көп болот. Эскерте кетсек, Бишкекте жакында эле 200 сом үчүн такси ээси өлтүрүлгөн факты катталган болчу.
Интернетке тараган видеого байкоо салсак, "милиция кызматкери болсо эле ар кимди ура бериш керекпи?" деп таксисттерге жан тарткан, ошол эле учурда тартип сакчыларынын азыркы абалына кейиген комментарийлер жазылууда.
Акыркы жылдары милиция кызматкерлерине жарандар тарабынан кол көтөрүү, погондорун жулуп салуу, машинанын капотунда сүйрөп кетүү өңдүү орой мамиле жасалган окуялар көп катталууда. Мындай окуялардын келип чыгышына укук коргоо системинин коррупцияга батканы, кызматкерлеринин деңгээли, калктын алдында сый-урматын жана кадыр-баркын жоготкону себеп болуп жатат. Ички иштер министрлигине жаңы дайындалган башчы Улан Исраиловдун аталган ведомстводо реформа жүргүзүүгө жана милиция кызматкерлеринин "авторитетин" кайтарууга эрки жетер болду бекен?..

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 736, 09-декабрь-15-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан