SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

8-декабрь:
БИЙЛИКЧИЛ ДЕПУТАТТАР ЖАКУПОВАДАН КУТУЛАБЫЗ ДЕП КУБАНЫШУУДА

Интернетке эки адамдын WhatsApp аркылуу жазышуусу тарап, КСДПнын депутаттарынын жазышуулары деп талкууга алынууда. "СДПК 6" деген топто Эльвира Сурабалдиева жана Евгения Строкова деп сакталган колдонуучулар референдумдан кийин "Бир бол" фракциясынан кесиптеши Чолпон Жакупованын мандатын тапшырарына сүйүнүп жатышат. "Референдум өтөт. Жогору жакта отурган аял менен коштошуу мен үчүн өкүнүчтүү эмес. "Эгер референдум өтсө мандатымды тапшырам" деп убадалаган. Эми сөзүнө турсун. Кыскасы, кетсин!"- деп жазат Сурабалдиева. "Аял айттыбы, аял аткарсын. Салтанаттуу түрдө коштошууну уюштуруп берели",- деп жооп берет Строкова.
Евгения Строкова жергиликтүү маалымат каражаттарына WhatsApp'тагы жазышуу интернетке чыгып кеткенин тастыктады.
Чолпон Жакупова эгер референдум өтчү болсо, каршылык ишараты катары мандатын тапшырарын айткан. Мындай билдирүүдөн кийин аны депутаттык кызматтан кетпөөгө чакыргандар да, сөзүнө турсун дегендер да чыккан. Жакуповага ишеним мандатын бийлик эмес, эл тапшырган. Мындай сабаттуу, тайманбас эл өкүлдөрү учурдагы Жогорку Кеңешке аба менен суудай керек...

9-декабрь:
ОРУСИЯЛЫК КОМПАНИЯ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИН СОТКО БЕРГЕНИ ЖАТАТ

Орусиянын "РусГидро" компаниясы Кыргыз мамлекетин сотко бермекчи. Компания башчысы Николай Шульгиновдун айтымында, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу долбоорлорун токтотконуна байланыштуу короткон каражатын өндүрө албаса, анда эл аралык арбитраждык сотко чейин кайрылышат. Инвестордун сарптаган акчасынын көлөмү 37 миллион доллардын тегереги. Аны келишим боюнча ушул жылдын август айына чейин кайтарып берүү керек болчу.
Эске салсак, 2012-жылы кол коюлган Орусия жана Кыргыз өлкөсүнүн өкмөттөр аралык макулдашуусуна ылайык, Жогорку Нарын ГЭСтер каскады тең үлүштө курулуп жана пайдаланууга берилмек. 2014-жылы курулуш иштери башталып, бирок каржылануу жагы кечиктирилген. 2015-жылдын аягында президент Алмазбек Атамбаев Орусия аталган долбоорду ишке ашыра албай турганын айткан. Кыргыз тарап макулдашуудан бир тараптуу чыгып, денонсациялоо тууралуу мыйзам ушул жылдын август айында күчүнө кирген.
"РусГидро" короткон каражатка келсек, эки тарапта тең сөз көп болуп, кыргыз парламентинде депутаттык комиссия да түзүлгөн. Комиссиянын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов текшерүүдө көп объекттердин курулуш баасы жогорулатылганы аныкталганын, болжол менен баа эки эседен ашуун көтөрүлгөнүн билдирген...

11-декабрь:
РЕФЕРЕНДУМ ӨТТҮ, КЕЗЕК "МАКУЛ" ЖАНА "КАРШЫЛАРДЫ" САНООДО

Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңешке депутаттар шайланды жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өттү. БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова референдумга шайлоочулардын 42 пайызы катышканын билдирди (саат 22:00гө карата). Мыйзамга ылайык, референдум өттү деп таанылды. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 2 аптанын ичинде жарыяланууга тийиш.
Бул жолку шайлоого жарандар пассивдүү катышты. Бул пассивдүүлүк жарандарда бийликке ишенимдин жоктугунун же "менин добушум эмнени чечмек эле?" деген кайдигерлигинин белгиси.
Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарындагы №5-кесиптик лицейде добуш берди. Бюллетень таштагандан кийин өлкө жетекчиси шайлоонун жыйынтыгына божомол айтты. Президент Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо КСДП жана "Республика-Ата Журт" жеңиши мүмкүн экенин билдирди. Бийликтин оппоненттери бул билдирүүнү тийиштүү органдарга эскертүү катары баалап, "президент шайлоонун жыйынтыгы кандай чыгышы керектигин алдын ала айтып жатат" дешти.
Көнгөн адат калабы, шайлоодо жарандардын добушун сатып алуу аракеттери жүрдү. ИИМдин маалыматына таянсак, добуштарды сатып алуу боюнча республикада 5 факт катталды. Бирок бул "акчалуулар" кайсы партиялардын өкүлдөрү экени айтылган жок. Сунушталган акчаны кимдер алып, кимдер баш тартып жатканы белгисиз. Белгилүүсү – эгер шайлоочулар добушун акчага, аракка бааласа, тааныш-билиштик, туугандык кызыкчылыктардан арыла албаса, анда алардын жашоо жакшырбай жатканын айтып даттанууга моралдык укугу жок. Эл партиялардын 500 сомуна эмес, сунуштаган программасына, идеясына карап тандай баштаса партияларда жоопкерчилик жогорулайт. Арзыбаган акчага добуш алмашуу адаты улана берсе, жашоонун жакшырышы кыйын...

12-декабрь:
КОНСТИТУЦИЯ 9-ИРЕТ ӨЗГӨРТҮЛДҮ. ЭМИ ЖАШОО ОҢОЛОБУ?

Бийлик менен оппозициянын тирешүүсүн күчөткөн Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум алдын ала жыйынтыкка ылайык көпчүлүктүн колдоосун тапты. Жалпы элдик добуш берүүгө 1 миллион 190 501 адам катышкан, бул жалпы шайлоочулардын 42 пайызга чукулун түзөт. Демек, добуш берүүгө укуктуу ар экинчи адам гана жарандык милдетин аткарууга келди. Ошондой эле бул референдум добуш берүүчүлөрдүн катышуусу жагынан алганда эң пассивдүүсү катары эсте калат. 2010-жылы Июнь окуясынан кийин өткөн жалпы элдик референдумда шайлоочулардын 72 пайызы катышкан. Пассивдүүлүк бул жолку референдумга биометрикалык маалыматын тапшырган шайлоочулар гана катышкандыгына да байланыштуу. Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдумга келген Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын 79,7 пайызы "макул", 15,4 пайызы "каршы" деп добуш беришти. Пайыздык ченде "макул" деп көп добуш берген аймак Ысык-Көл болсо, "каршы" деп добуш бергендердин көбү Бишкектин тургундары болду. Демек, Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан топтун үгүттөөсү борбор менен чектелген.
9-ирет көйнөгүн алмаштыра турган Конституция өлкөнү жакынкы жылдар ичинде кандай нукка бурушу мүмкүн? Бийликти бөлүштүрүү маселеси боюнча караганда, премьер-министрдин бийлигин бекемдейт. Демек, ким президенттик тактыга келгенине карабай өлкөдөгү негизги бийликти парламентке көп добуш алып келген партия менен, ал партиянын атынан өкмөт башына келген адам жүргүзөт...

13-декабрь:
ТУРИСТТЕРДИН ҮНҮ ӨКМӨТКӨ ЖЕТТИ

"The Guardian", "Euronews", "Al Jazeera" өңдүү дүйнөлүк массалык маалымат каражаттары аркылуу берилген макалалар жана сюжеттерден улам Кыргыз жергесин көрүүнү эңсеп келген чет өлкөлүктөр ыңгайсыз абалга туш болушууда. Быйыл октябрда Жогорку Кеңеш Кыргыз мамлекетинин босогосун аттаган чет элдиктер (орусиялыктардан тышкары) 5 күндүн ичинде милдеттүү түрдө каттоого турушу керектигин талап кылган мыйзам кабыл алган. Демилгечилер "мыйзам терроризм менен күрөшүүгө багытталган" деп түшүндүрүшкөн эле. Аталган документ 2016-жылдын 5-ноябрында күчүнө кирген. Жарандык коом мындай мыйзам кабыл алуу менен өлкө өнүгүү жолунда артка кадам таштаганын айтып, каршы чыгышкан. Бирок алардын пикири менен эсептешүү болгон эмес.
Деген менен өкмөт бул мыйзамды жүзөгө ашырууга даяр эместиги бат эле билинди. Чек арадан өткөн чет жердиктер өлкөдө жаңы мыйзам иштеп баштаганын, 5 күн аралыгында каттоого туруу зарылдыгын эскерткен эч ким болбогонун айтып жатышты. 5 күн ичинде каттоого турганы барган чет жердиктер болсо жаңы тоскоолдуктарга туш болушту. Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери кыргыз-орус тилдеринен башка дүйнөлүк тилдерди билишпейт, ал эми котормочу деген штат жок.
Каракол шаарынын тургундары бүгүн президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту. "Мыйзам Кыргыз өлкөсүнүн жана туризм тармагынын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратууда. Башка өлкөлөр туристтердин келишине шарт түзүшсө, биз кайра артка кетип жатабыз. Бул мыйзам укук коргоо органдарында коррупциянын өсүшүн шарттап жатат",- деп айтылат кайрылууда. Муну өкмөт да моюнга алууга аргасыз болуп, 90 өлкөнүн жарандары Кыргыз Республикасында 5 күндүн ичинде каттоого туруу милдетинен бошотула турганын, ал өлкөлөрдүн тизмеси 19-декабрда бекитилерин ырастады. Туризм акырындап өнүгүп келе жаткан өлкө үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды көбөйтүүчү мындай мыйзамдар ашыкча...

14-декабрь:
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИ ЕВРАЗИЯЛЫК БИРИМДИКТИН ПАЙДАСЫН КАЧАН КӨРӨТ?

Казакстан чек арадан ветеринардык көзөмөл качан алынарын дагы эле ачыктабай жатат. Бул маселени акыркы жолу 2016-жылдын 16-ноябрында Москва шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ортого салган. Казакстандын премьери маселе боюнча акыркы жоопту казак өкмөтү 2016-жылдын 30-ноябрына чейин бере турганын айткан эле. Ага карабай абал өзгөрүүсүз калып жатат.
Кыргыз Республикасы аталган альянска 2015-жылдын 12-августунда толук мүчө болгон. 2016-жылдын апрель айында премьер Жээнбеков өлкөдө ветеринардык лабораториялар курула баштап, кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык текшерүү 1-августта жоюларын билдирген. Бул сөз баарынан мурун мал чарбасында иштегендерге жаккан, бирок алардын үмүтү актала элек. Казакстандын каршылыгынын бир себеби – Кыргыз жеринде эл аралык стандартка жооп берген лаборатория жоктугу. Ушул шылтоо менен коңшулар кыргыз тараптын эт, сүтүн өзүнүн аймагына киргизбей жатат. Ошондой эле Кыргыз жеринде 2014-жылы катталган шарп ылаңын жүйө келтирип, эл аралык эпизоотикалык бюронун талабы боюнча мындай ылаң катталган өлкө үчүн ветеринардык көзөмөл 2 жылга чейин сакталышы керектигин бетке кармоодо. Кыскасы, Кыргыз Республикасы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга даяр эмес деген пикирде. Жайында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн эксперттери келип, Кыргыз Республикасындагы ветеринардык кызмат биримдиктин талаптарына жооп берет деген корутунду чыгарган. Ага карабай бул маселеде казактар коңшулук, боордоштук тилектештигин көрсөтүүгө шашылган жок. ЕАЭБ түзгөн мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бизге өздөрү өндүргөн продукцияны кеңири сатып жатат. Жогорудагы шылтоолордун негизинде бизден өндүрүлгөн продукцияны өздөрүнө киргизбей бууп турат. Экономикалык блокадага алды десе болот. Президент Алмазбек Атамбаев муну "сырдуу блокада" деп атап келет. Бирок эң негизги маселе – бир жарым жылдан бери эл аралык талапка жооп берген лаборатория кура албай жаткан кыргыз бийлигинин алсыздыгында...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 737, 16-декабрь- 22-декабрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА