Балаңыздын төрөлгөнүнө 6 ай болду. Чүрпөңүз жарым жашка толуп, кадимки кичинекей адамга айланды. Буга чейин ал сиз колуна берген нерселерди таанып-билип келсе, эми аларга өзү умтулат. Бул куракта балага кантип кам көрүү керек, ЮНИСЕФтин Балдар фондунун колдонмосуна назар салалы.
6 АЙЛЫК БАЛА
Физикалык өнүгүүсү
ПСИХИКАЛЫК АБАЛЫЖакын адамдарга көңүл бурат (жылмаят, энесине, тааныш адамга умтулат). Ишенүү жана позитивдүү өз ара аракеттенүүнүн атмосферасын түзүү үчүн бала менен көбүрөөк сүйлөшкүлө, жылмайгыла, тамашалуу ырларды ырдагыла, "жаша-жаша" деп алакан чапканга үйрөткүлө, "Буудай куур" сыяктуу оюндарды ойногула.
Бейтааныш адамга көңүл бурат, таң калат, коркот, качат жана башка сезимдерин билдирет. Баланын коркуусуна түшүнүү менен мамиле кылгыла, аны кучактагыла, колуңарга алгыла. Бала сиздин жаныңызда өзүн корголгондой сезүүсү керек.
Башка балдарга көңүл бурат, аларды көрүп жылмаят, кубанат. Бул учурда башка балдарга кошуп ойноткула. Өзүнүн атына, үндөргө көңүл бурат. Андыктан баланы өз атынан чакыргыла.
Эскертүү! Эгерде 6 айга чейинки бала буюмдарга жетүүгө аракет кылбаса, оодарыла албаса, анда сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек.
7 АЙЛЫК БАЛАФизикалык өнүгүүсү
ПСИХИКАЛЫК ӨНҮГҮҮСҮБала шылдырак менен шылдыратат да, бир аз күтүп үндү анализ кылат, анан кайра шылдыратат. Баланын эске тутуусу өөрчүй баштады. Бул учурда дене бөлүктөрүн көрсөтүп, кол, бут, баш деп атап үйрөтө баштоо керек.
Мурдагыдай кыска сөздөрдү айтып, эмоционалдуу билдире алат: "ба-ба-ба", "ме-ме-ме", "а-па", "а-та" сыяктуу кыска муундарды айтат. Үнүн бирде бийиктетсе, бирде басаңдатат. Сүйлөшкөндө алар сүйлөй алган сөздөрдү орду менен пайдаланып, баланын тилин тууроо, тилди чайнап, сөздү бузуп сүйлөө жарабайт. Баланын тили бара-бара такталып, так сүйлөөгө үйрөнөт.
Кашыктан тамак жей алат, тамакты көргөндө оозун ачып, сугунат. Чайнап жегенди үйрөнө баштайт.
Ары-бери жакшы оодарыла алат. Бир нерсени кармап тура алат. Оюнчуктар менен ойнойт, аларды чачат, ыргытат, оозуна салат. Баланын оюнчуктарга жана коопсуз буюмдарга жетүү аракетин жана аларды оозуна салуусун колдогула, анткени ал дүйнөнү даамдоо жана жыттоо аркылуу тааныйт.
Бейтааныш жана тааныш адамдарды биле баштайт. Бейтааныш адамдарга барбай чочуркап ыйлаганы башталат. "Болбойт" деген сөзгө түшүнүп, ага жооп кыла алат. Мындан сырткары ар кандай жаңсоолорду түшүнө баштайт.
Күзгүдөн өзүн көрүп талпынат, сөздү түшүнө баштайт, былдырап сүйлөйт, "отур", "тур", "жат", "алакан чап" дегендерди аткара алат.
БАЛАНЫ ТУУРА ТАМАКТАНДЫРУУ
Бала канча сураса, ошончо жолу эмчек эмизиңиз, суткасына жок дегенде 6 жолу.
6 айынан баштап кошумча тамактандырсаңыз болот. Ал тамак өтө жумшак болушу шарт. Күрүчтөн, акшактан же гречкадан жасалган коюу буламык, 1 чай кашык каймак май же өсүмдүк майы кошулган камыр же эзилген картошка. Сууга бышырылып, майдаланган эт, айрыкча боор, балык, жумуртка, буурчак азыктары сунушталат.
Түрдүү жашылча-жемиштерди, көк чөптөрдү, майдаланган жаңгак бериңиз.
Бир берген тамак 150 миллилитр (6 айында), 180 миллилитр (7-8 айында) жана 225 миллилитрден (9-11 айында) кем болбошу керек. Эгер бала эмчек эмсе, күнүнө 3 жолу тамак берип, 2 жолу шам-шум жедириңиз. Эмчек эмбесе, күнүнө 5 жолу тамак жана 1-2 жолу шам-шум берүү туура.
Эскертүү! Бала 9 айга толгуча нак сүт, айран, кефир бербеш керек. Себеби алар баланын ичеги-карынына жана бөйрөгүнө доо келтириши мүмкүн жана аз кандуулук менен аллергиянын өөрчүшүнө өбөлгө түзөт. Сүттү 6 айлыгынан баштап буламык (суу кошуп) даярдоодо колдонсо болот.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg