КСДП Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун кызматта калуусун же кетүүсүн талкуулады. Бул тууралуу 11-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдирди. Ал КСДП көп мандат менен шаардык кеңешке өтсө да, калган партия депутаттарынын ою эске алынарын кошумчалады. Шаар башчысы жаңыдан шайланып келген депутаттар кайрадан колдоп добуш бербесе, анда кызматтан кетерин белгилеген. Ибраимов ушул жылдын февралында 42 депутаттын колдоосу менен мэрликке келген болчу.
11-декабрда болуп өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоосунун алдын ала жыйынтыгына ылайык, Бишкек шаардык кеңешине КСДП (13 мандат), "Республика-Ата Журт" (12), "Өнүгүү-Прогресс" (8), "Мекеним Кыргызстан" (7) жана "Кыргызстан" (5) өткөн. КСДП буга чейинки шайлоодо Бишкек шаардык кеңешинде 21 мандат алса, бул жолу 13 мандатка ээ болгону турат. Көпчүлүккө аты анча тааныла элек "Мекеним Кыргызстан" партиясына Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, жакын адамы Икрамжан Илмияновдун тиешеси бар деген сөздөр учурда айтылууда. 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында түзүлүп, Жогорку Кеңешке келе алган "Кыргызстан" партиясын коомчулук КСДПнын клону, башкача айтканда, бийликтин долбоору катары атап жүрүшөт. Бул сөздөрдүн чындыгы бар болсо, анда КСДПга коалициялык көпчүлүк курап, Албек Ибраимовду кызматта калтыруу көп кыйынчылык жаратпайт. Маалымат үчүн: Бишкек шаардык кеңешинин курамы 45 мандаттан турат.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg