"Кара жорго" ырына жан берип, тойлордо майын чыгара бийлеп жүргөн Анэль деген ырчыны таанысаңыз керек. Ырчы кыз "Таба албайсың" деген чыгармасы менен да элге тааныла алды. Сахнада энергиясы толуп-ташкандай көрүнгөн ырчыны мен тарсылдаган, эркек мүнөз деп элестетип алыптырмын. Анэль жашоодо абдан назик, баёо кыз экен. Маектешип жатып анын сахнадагы образы менен жашоодогу образын дал келтире албай отурдум.
АНЭЛЬ ТУУРАЛУУ
Толук аты-жөнү – Асем Эрнст
Туулган жылы – Жашын сыр тутат
Туулган жери – Тогуз-Торо району, Казарман айылы
Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетин бүтүргөн
Репертуарында – 10дон ашуун ыры бар
Хоббиси – Асем, зер буюмдарды чогултуу
Кыялы – Мыкты обон, текст жазганды үйрөнүү
– Куш келипсиң, Анэль, сени биз "Кара жоргону" ырдап жүргөнүңдөн бери билебиз.
– Саламатсыздарбы, "Кара жоргону" негизи биринчилерден болуп казактар алып чыгышкан экен. Кийинчерээк бул ыр кыргыздарга да тиешелүү экенин биздин тарыхчылар таап, кызуу талкуулар болду. Ал эми мага аталган чыгарманы ырдап чыгуу сунушун апам киргизген. Апам Ажар Эсенбаева музыка жаатында билими күчтүү, бир нече аспаптарда кол ойноткон адам. Мени ырчы кылам деп сүйрөгөн да апам. "Кара жоргону" кыздар арасында биринчилерден болуп мен ырдап, бийлеп чыктым десем болот.
– Казакстандык ырчы Алишер Каримовдун "Таба алмайсың" деген ырын кыргызчага которуп ырдап жүрөсүң, бул чыгарманы кантип аткарып калдың эле?– Бул чыгарманы биринчи жолу 2013-жылы укканда аябай жагып калган. Авторун карасам аткаруучу Алишер Каримов деп эле жазылып туруптур. Башка сайттардан да сөзү, обонунун авторун издеп көрдүм, тапкан жокмун. Авторун табарбыз, ырдай берейинчи деп эле "Таба албайсыңды" жаздырып салгам. Жакында эле мага социалдык тармактардын биринен Алишер Каримовдун менеджери Азамат Ишматов жазды. Мен ага "ырдын авторун сурап сиздерге кайрылайын деп жүргөм, убакыт-сааты чыкпай калды" деп абалымды түшүндүрдүм. Андан ырдын сөзүнүн, обонунун автору Алишер Каримов өзү экенин билдим. Соңунда сүйлөшүп, келишип, Алишер агам менен чечишип алдык. Ал мага "кыргыздын кыйын ырчысы, кыргыз эл артисти бол" деп батасын берди. "Сонун, жүрөк түпкүрүнө жеткире, бул ыр менен жашагандай ырдаптырсың" деп мени мактады. Экөөбүз сүйлөшкөндөн 2-3 күндөн кийин социалдык тармактагы баракчаларына 1 куплет өзүнүн ырдаганына 1 куплет менин ырдаганымды кошуп видеосун жүктөп коюптур.
– Өзүң тууралуу да кыскача айтып өтсөң? Канча жаштасың, кичи мекениң, таттуу балалыгың дегендей...
– Мен Казарман айылында төрөлгөнүм менен, кичинемден Бишкекке келе бергенбиз. Борбордогу №33 мектепти бүтүрдүм. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз, байкем, эжем бар. Эжем Асыл Батырбекова да чыгармачылыкка жакын адам, кезинде диктор болуп иштеп жүргөн. Өзүм музыкага секелек кезимден кызыгам. Апам чачымды айран менен жууп, катуу кылып өрүп берип койчу, мен тыпылдап ырдап, бийлеп, үйгө туугандар конокко келсе жомок айтып берчү экенмин. Ал эми жашымды сыр тутам. "Кыздын жашын сурабайт" деп коюшат го.
– Жаш курагын айткысы келбеген ырчынын жүрөгү бошпу?
– Жүрөгүм бош. Сөз айткан, таанышкысы келген мырзалар бар, бирок бирөөсүнө да көзүм түшө элек. Болочоктогу өмүрлүк жолдошумду тандоодо апама ишенем. Апам ырды мыкты тандайт, күйөө баласын деле элегинен өткөрүп өзү тандап алат болуш керек (күлүп). Жакында эле казак композитору Алтынбек Коразбаевдин "Менин бир ак куум" деген ырын өзүнөн уруксат алып ырдап чыктым. Аталган чыгармада "менин да бир ак куум бар чыгар" демекчи, менин да маңдайыма бир түгөй жазылган чыгар.
– Анэль бул өзүңдүн атыңбы же сахнадагы псевдонимби?
– Анэль сахнадагы псевдонимим. Өзүмдүн аты-жөнүм – Асем Эрнст. Мен эстрадага жаңы кадам таштаганда Асем деген ырчы бар болчу, атыбызды окшоштуруп адаштырып албасын деген максатта Анэль деген ат менен чыгайын дедим. Анэль деген атка көбү көнүп калышты, айрым туугандарым да Анэль деп чакыра башташты.
– Социалдык тармактар учурда көпчүлүк үчүн маанилүү, интернетте активдүүсүңбү?
– Өтө активдүүмүн дебейм. Мага караганда апам активдүүрөөк. Менин баракчамды текшерип, жаңы сүрөттөрдү жүктөп, кээде "канча күндөн бери сүрөт жүктөй элексиң, жүктө" деп урушуп калат. Байкем бош болсо ал да кирип баракчамды жаңылап турат. Мен бир аз жалкоо окшойм, апам түрткүлөбөсө жүрө берем.
– Маегиңе чоң рахмат!
Лунара Бекиева
star@super.kg