«Ура-аа! Жанымдай көргөн жалгыз бир тууганым Жаркоша Германиядагы окуусун аяктады. Мен ал үчүн өтө кубанычтамын жана сыймыктанам»,- деп жазды Жийдеш Идирисова интернеттеги баракчасына. Ырчынын инисин туугандары Жаку, Жаркош, достору Жака дешет экен. Эми биз азан чакырылган аты Жаркынбек деп кайрылалы. Жаркынбек эжеси Жийдеш тууралуу кенен токтолот.
БИР ТУУГАН ИДИРИСОВДОР
Жийдеш Идирисова – 31 жашта, ырчы
Жаркынбек Идирисов – 28 жашта. Германиянын Линген шаарындагы медициналык колледжди аяктады.– Жаркынбек, Жийдештин кичине чагын эстегенде эмнелер көз алдыңа келет?
– Эжемдин кичине кезин эстесем, анын мага караганда бир нерсени бат өздөштүргөнү, кандай тапшырма берилбесин тез түшүнүп, тез аткарганы көз алдыма тартылат. Ал кичинесинен эле тың болчу. Үйгө конок келгенде кимисин жакшы тааныса, ошонун кулагына бир нерселерди шыбырай берчү. Анан ал киши «Ажар, кызың бизге ырдап бербейби, ыя?» деп калчу. Көрсө, эжем «мени ырдат деп апама айтыңызчы» дечү экен. Эжем дароо столго чыга калып ырдап кирчү. Анан да көчөнүн балдарын чогултуп, күйүгүп калганча чуркап концерт уюштурганы азыр да эсимде. Мектеп, район аралык сынактарга дайыма катышкан шайыр кыз эле.
– Улуулук кылып сени башкарчу беле?
– Мен эжем эмне айтса ошону аткарып жүрө берген бала болчумун. Бирок кээде уруша да кетчүбүз. Андайда апама даттанып барчумун. Мен күнөөлүү болсом да апам эжемди урушуп, сабап койчу. Ал менин айымдан көп таяк жеди. Апам күндүз жумушта да, мени эжеме каратып койчу. Кээде экөөбүз тең оюнга алаксып тамак ичпей калсак же мен жыгылып кийимдеримди булгап алсам да эжем күнөөлүү болор эле.
Мен кичинекейимде коркок болсом керек, ал кумурска, ар кандай курттарды кармап алып мени коркутканга маш эле. Анан да кичирээк кезимде мени сиңдисиндей кылып ээрчитип алчу. Өзүнүн көйнөктөрүн кийгизип, бетиме упа сүйкөп, көзүмдү, кашымды, оозумду боёп, чачыма бантик тага берчү. Кийин чоңоюп калганда боётпой качып калдым.
– Үй жумуштарын жасаганда бөлүшүп алчу белеңер?
– Эжем дайыма үй шыпырчу, мен пол жуучумун. Кээде эжем менин үй тапшырмаларымды аткарып берсе, мен анын ордуна үй да шыпырып, пол да жуучумун. Көп кабаттуу үйдө жашачу элек. Апам кээде көчөгө ойнобойсуңар деп сыртыбыздан бекитип кеткенде ийнеси жок шприцтерге суу толтуруп, суу болбойлу деп баштарыбызга целлофан баштык кийип алып бири-бирибиз менен атышып ойночубуз. Экөөбүз тең бала экенбиз да, башыбыз суу болбосо эле болду деп кийимдерибизди, үйдү ойлобоптурбуз.
– Мектепти аяктаган соң борбордо чогуу жашадыңарбы?
– Мектепти бүткөндөн кийин Бишкек Гуманитардык университетинде окуп калдым. Эжем ал кезде Кыргыз улуттук консерваториясында окучу. Ошол убакта чогуу жашап калдык. «Мага 10 эле сом жетет, ашыкча бербей эле коюңуз» десем болбой, «тыныгуу учурунда тамак алып жейсиң, адашып калсаң үйдү таап келгениңе да акча керек болот» деп күнүгө 30-50 сом берчү. Анда маршруттук таксилер 5 сом эле. Үйүбүз окуу жайга жакын болгондуктан жол киреге деле акча кетчү эмес. Кийин «башка студенттердей болуп кафеде официант болуп иштеп акча табам» деп чыктым. «Сен иштегени эмес, окуганы келдиң. Окууну гана ойлошуң керек» деп иштетпей өзү бакты.
– Эжеңдин мүнөзү кандай?
– Нарында бизге окшогондорду орус чалыштар деп коюшчу. Мактанбайын, айтканыбызды аткарган, сөзүбүзгө турган, убагы менен жүргөн адамдарбыз. Эжем кичинесинен эле шайыр, ачык, түз эле бетке айтат, тиги адам таарынып калабы иши деле жок. Анан да боорукер. Нарында жүргөндө жер тамда да жашап калдык. Үйүбүз электр жылыткычы менен жылычу. Ал жакта кыш укмуш катуу болот эмеспи. Үйүбүз суук эле, экөөбүз тең эртең менен окучубуз. «Ким биринчи турса ошол электр жылыткычынын жанына туруп кийинет» деп сүйлөшүп алганбыз. Көп учурда эжем менден эрте турчу, кыскасы, кышы менен ошол жылыткыч үчүн күрөшчүбүз. Кээде мага боору ооруп жылыткычтын жанында кийинүүгө уруксат берчү.
Эжемдин келбетин апама окшоштурам, меникине караганда экөөнүн көзү чоң. Аны элдин көбү корей же монгол кыздарына окшоштурушар эле.
– «Немис кызды алып ошол жакта калып калба» дейби, же каршы деле эмеспи?
– Эркек досторумдун көбү «немис кызды эле алып ал» дешсе, кыз досторум «кыргыз кызын эле ал» дей беришет. Эжем мага «эң негизгиси бактыңды тап, сен кимди тандаба мен сени колдойм, сенин сүйүүңө каршы чыкканга укугум жок» дейт. Тигил улуттан ал, же кыргызга үйлөнөсүң дебейт. Жадакалса менин Германияда калышыма деле каршы эмес. Кыргызстанда немис тилинен котормочу адистигин бүтүрүп, жумуш таппай канча жүрдүм. Азыр бул жакта медициналык колледжди аяктадым.
Кыргызда уул бала ата-энени карайт эмеспи. Мен Германияда болгонум менен, апам азыр Нарында жалгыз эмес. Эжемдин кызы Севара менен жашайт, туугандарыбыздын баары ошол жакта. Эжем апамды өзүнүн жанына Бишкекке алып келем деп канча аракет кылды, бирок такыр көнбөй койду. «Ысык Бишкегиңерге барсам кан басымым көтөрүлүп, башым ооруйт»,- дей берет.
– Маегиңе рахмат!
Сүйүн Кулматова
star@super.kg