ДОЛЬФ ЛУНДГРЕН ОРУСИЯНЫН ЖАРАНЫ БОЛУШУ МҮМКҮН
Дагы бир Голливуд жылдызы Орусияда жашагысы келип жаткандыгы тууралуу айтты. Ал 1985-жылы "Рокки" тасмасына тартылып жылдызы жанган актёр Дольф Лундгрен. Анын бул кадамына АКШнын президенти болуп Дональд Трамп шайланганы түрткү болгон. Жакын арада Дольф Орусиянын жараны болуу үчүн аракет көрүшү толук мүмкүн экендиги тууралуу АКШнын массалык маалымат каражаттары жазышууда.
Актёрдун айтымында, Орусиянын мамлекет башчысы Путин Дональд Трампка салыштырмалуу тажрыйбасы көп саясатчы.
Эске салсак, буга чейин Стивен Сигал, Жерар Депардье, спортчулар: Рой Жонс, Жефф Монсон сыяктуу белгилүү адамдар Орусиянын жараны болушкан эле.
ОРЛАНДО БЛУМ МЕНЕН КЭТИ ПЕРРИ ҮЙЛӨНҮШӨБҮ?
Мындан бир ай мурун актёр Орландо Блум менен ырчы Кэти Перринин сүйүү мамилесине чекит коюлганын чет элдик басылмалар жазып чыгышкан эле. Өнөрлүүлөрдүн махабатынын өр албай калышына ырчынын турмушка чыгып, балалуу болуу кыялы бар экенин, бирок ага Орлондо Блум даяр эместигин кошумчалашкан. Бул кабарды ырчы менен актёр төгүнгө чыгарды. Анткени жакында эле Лос-Анжелес шаарындагы балдардын ооруканасына Орландо Блум аяз ата, Кэти Перри аяз кыз болуп кийинип келишип, оорулуу балдарды Рождество майрамы менен куттуктап, алар менен чогуу ырдап кетишкен. Экөөнүн жарашканын байкаган чет өлкөлүк басылмалар жакын арада той болуп калышы мүмкүн экендигин жазышууда.
Нуркыз Курманбекова
star@super.kg