22-декабрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары "10-январга чейин электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилет" деген маалыматты тактоо суроосун көтөрүштү. "Жаңы жылды эл жарык менен тособу же караңгыдабы, тиешелүү кызматтагы адамдар маалымат беришсин" дешти эл өкүлдөрү. Эске салсак, 15-декабрда Токтогул ГЭСинде 2-гидроагрегатты иштен чыгарган авария катталганы маалым болду. Мындай маалымат "Электр станциялары" ААКсынан 6 күн өткөндөн кийин гана ырасталды. Ишкана буга чейин электр энергиясын колдонууга чектөө киргизилбей турганын айтып келген. Өлкөнүн ири электр энергиясынын булагы болгон Токтогул ГЭСинде буга чейин да 2015-жылы ошол эле агрегатта авария катталган болчу. Ал 3 аптадан кийин орусиялык адистердин жардамы менен ишке берилген. Бектур Токтоноев
politika@super.kg