Тоок – жаңылануунун, жаңы башаттын, күтүүсүз ийгиликтердин символу. Демек, бул жылы жашоодо чоң бурулуштар болот. Бул үй канаттуусу өзүнө кам көрүүдө эч нерседен аянбайт. Ошондуктан сиз дагы буюмдарыңызды жаңыртып, Жаңы жылга кам көрүүнү баштаңыз. Үйдү тазалоодо алгач узак убакытка сакталган буюмдардан арылуу керек. Мындай ыкма менен убакытты гана үнөмдөбөстөн, минимализм менен жашоого да үйрөнөсүз.ФЭН-ШУЙ БОЮНЧА ҮЙДҮ ТАЗАЛОО
ЖУУНУУЧУ БӨЛМӨ. Андагы эски бет аарчы, кир жуучу каражаттарды, жышынгыч, эскилиги жеткен тиш жуучу щёткаңызды да ыргытууну унутпаңыз.
АШКАНА.
Кертилген, жаракасы бар фарфор идиш-аяктарды, колдонулбай калган буюмдарды аныктап алыңыз. Үйдү тазалоодо жылдар бою сакталып, бирок колдонулбаган керексиз буюмдардан баштаңыз. Эгерде ыргытууга көңүлүңүз кыйбай жатса, туугандарыңызга же тааныштарыңызга бериңиз. Ал эми ачылгандан кийин артып калган татымалдарды дароо ыргытыңыз. Муздаткычтын ичи таза болуп, андагы азык-түлүктөр да жаңы болушу шарт.
УКТООЧУ БӨЛМӨ.
Эскилиги жеткен шейшептерди, жаздык каптарды колдонуудан чыгарыңыз. Эски буюмдарды жок кылмайын ордуна жаңысы келбей турганын эске алыңыз.
ГАРДЕРОБ.
Кийим-кечелерди иргеп, кийилбеген, бирок жөн эле орун ээлеген кийимдерди муктаж болгон адамдарга жардам катары берсеңиз болот. Гардеробуңузда күнүмдүк кийген кийимдер гана калсын. Бул гардеробдун жаңылануусуна, үйүңүздү терс энергиядан арылтууга жана Жаңы жылды жакшы маанай менен тосуп алууга жардам берет.
КИТЕП.
Жараксыз китептерди башкаларга тартуулап же макулатурага өткөзүп жибериңиз. Жаңы китеп жаңы идеяларга сугарат.
ЖАН ДҮЙНӨНҮ ЖАНА ОЙДУ ТАЗАЛОО
Өткөн окуяны эстөө экинчи ирет ката кетирбегенге жардам берет. Негативдүү ойлор психиканы бузуп, ар түрдүү ооруларды (мисалы, кан басымдын жогорулашы, инсульт, невроз, рак) чакырат. Ойду тазалоо үчүн бир жыл бою башыңыздан өткөн негативдүү учурларды кагазга жазып, өрттөп салыңыз. Муну менен терс эмоциялардан арыла аласыз. Эми жаңырган жылда жасай турган иштериңиздин схемасын түзүп, аны көрүнүктүү жерге илиңиз. Тизмедеги иштердин аткарылып жатканына көз салып туруу менен, максатсыз кыялдардан арыласыз.
КИЙИНКИ КАДАМ.
Артык баш буюмдардан арылгандан кийин бөлмөлөрдү жууп-тазалоого киришиңиз. Үй тазалоодо жыл бою топтолгон терс энергия чыгат. Ошондуктан эринбестен бөлмөлөрдүн ар бир бурчун жууп-тазалап чыгыңыз.
ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ЖӨРӨЛГӨЛӨР
Жыл жаңырар алдында карыз сурагандарга акча бербеңиз. Эгер сиз карыз болсоңуз Жаңы жылга чейин кутулууга шашылыңыз. Болбосо жыл бою карыздан башыңыз чыкпай калышы ыктымал.
Каражат жаатында тартыштык болбосун десеңиз катуу кагаздан кыркып алып, «байлык» деген сөздү жазып, капчыгыңызга салып жүрүңүз. Бөлмөнүн төрт бурчуна темир тыйындарды бастырып коюңуз. Жаңы жыл күнү чөнтөгүңүзгө акча салсаңыз, бир жыл бою чөнтөгүңүздөн акча үзүлбөйт.
Ийгилик үчүн – кайсы гана сувенир болбосун үй-бүлө мүчөлөрү чогулган бөлмөнүн чок ортосуна коюңуз. Эгерде бардык баштаган иштериңизден ийгиликтин жылмаюусун кааласаңыз бакыт бамбугун алыңыз. Ал сөзсүз 21 бутак болушу керек. 21 – фэн-шуй боюнча ийгиликтин саны деп саналат.
СААТТЫН ЖЕБЕСИ 12НИ КАККАНДАН КИЙИН...
Жаңы жылдык дасторконду аянбастан толтуруп салганыңыз жакшы. "Тамактын баары желбей калат" деген ойдон качыңыз. Болбосо жыл бою үнөмдөп тамак жасап калуу коркунучуна дуушар болосуз.
Жаңы жылдын биринчи күнүндө эле дос-туугандардыкына барууга, белек-бечкектерди тартуулоого шашылбаңыз. Анткени сиз өзүңүз менен кошо жакшы нерселерди алып чыгып, башкаларга тартуулаган болосуз.
Жаңы жылга саналуу мүнөттөр калганда ар кандай каалооңузду бир нече кагазга жазып ("машиналуу болгум келет" же "жаңы үйдө жашагым келет" жана башка), жаздыгыңыздын алдына коюп коюңуз. Эртең менен карабай туруп жаздыктын алдынан бирди сууруп чыгыңыз. Сиз алган кагазда кайсы каалоо жазылса, ошол сөзсүз орундалат.
Жыл жаңырган күнү кир кийимдериңизди жуубаңыз, таштандыны сыртка төкпөңүз. Болбосо үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине кыйынчылык жаралышы ыктымал.
Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg