Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

8-9 АЙЛЫК БАЛДАР – МЫКТЫ ИЗИЛДӨӨЧҮЛӨР

№738 23-декабрь- 29-декабрь, 2016-ж


Эсиңизде барбы, сиз баланы төрөт үйүнөн алып чыгып жатканда ал кандай эле? Сутканын көп бөлүгүн уктап өткөргөн чүрпө эле. Ошол чүрпөңүз күн сайын жаңы нерселерди өздөштүрүп, кылыгы чыгып, эмгектеп, бир нерсени чукулап көрүп, таанып-билип мыкты изилдөөчүгө айланып чыга келди. Бул курагында балага кантип кам көрүү керек? ЮНИСЕФтин колдонмосуна көз жүгүртөлү.

8 АЙЛЫК БАЛА

Физикалык өнүгүүсү

  • 8 айлык бала салмагына 300 граммдан ашык кошуп, бою 2 сантиметрге өсүп, башы жана көкүрөгү жарым сантиметрге чоңоёт.
  • Боюн толук кандуу кармап, кадимкидей отурат. Анын эмгектөөсү өөрчүйт. Бала чалкасынан жаткан кезде кайра оодарылып, ичи менен да жата алат.
  • Бала 8 айында абдан эле активдүү болуп калат. Колуна оюнчук алып, эки колуна тең кармай алат.
  • Баланы аркасынан колтугунан алып тай-тайласаңыз кадимкидей жерге турган абалы ишенимдүү болуп калганы байкалат. Бирок бул нерсенин азырынча аз эле болгону дурус.

Психикалык өнүгүүсү

  • Бала тегерегиндеги адамдардын сөздөрүн түшүнө баштады. “Кел-кел” деп чакырса тааныган адамына барат. Лексиконунда жаңы сөздөр пайда болот. Муундап сөздөрдү айтып, чоң адамдар аны менен маектешкенди сүйөт. Ал жаңсоо, кыймыл-аракет, үндөрдү пайдаланып башкалардын көңүлүн өзүнө бурат.
  • Баланын көрүүсү жакшырып, майда нерселерди жазбай таанып, көрөт. Жылтырак, ачык түстөгү нерселер, оюнчуктар адаттагыдай эле баланын чоң кызыгуусун жаратат.
  • Бул курагында бала оюнчуктарды бөлүктөргө ажыратып, ыргытып, сындырууга аракет кылат. Ошол себептен бышык же болбосо ажыратып, кайра чогултканга ылайыктуу оюнчуктарды тандаган оң. Ошол эле учурда оюнчуктун майда элементтерин жутуп албашына көз салыңыз. Бардык нерсени оозуна салып изилдеп жаткан соң оозул болуу коркунучу бар. Андыктан оюнчуктар убак-убагы менен жуулуп турушу шарт. Мүмкүн болсо балага жыгач оюнчуктарды алып берген оң. Жумшак оюнчуктардын жүнүн бала тиштеп жулуп, кылдары оозуна кирип кетиши толук мүмкүн.

    9 АЙЛЫК БАЛА

Физикалык өнүгүүсү

  • Салмагы, бою, башы, көкүрөгү мурдагы айлардай эле болуп өзгөрөт.
  • Бул куракта балдар ары-бери, алдыга-артка эмгектей алат. Кандай болбосун эмгектеп бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө бара алат.
  • Эки колунан сүйөсө, бала бутуна бекем тура алат. Ал бутун көтөрүп бир-эки кадам басышы да ыктымал. Демек, баланы тай-тайлачу күндөр да алыс эмес!
  • Бала тең салмактуулукту сактай алат. Колунда бир нерсе кармап турса да денесин түз кармай алат. Бирок бул учурда да баланы жалгыз калтыра көрбөңүз. Негизи ар бир баланын кыймылы айырмаланып турат. Кээ бир балдар жалкоо болот. Алар кыймылдап, бир нерсени аңдап карагысы келбейт. Алар тескерисинче, бир орунда ойногонду жактырышат. Буга балдардын гени да чоң таасир берет, кээ бир бала табиятынан жоош, момун болот. Ал эми кээ бирлери ыкчам, сергек, шамдагай, бир орунда отура албаган изилдөөчү болушат.

Психикалык өнүгүүсү

  • Балдар үн чыккан булакты дароо карашат. Мисалы, эшик ачылса, телефон шыңгыраса ал шак эле эсине тутуп алган жакка көңүл бөлөт.
  • Ашканадагы шкафтардын эшигин ачып-жапканды, андагы нерселерди чачканды жактырат. Таштанды салынган чаканы да аңтарып салышы ыктымал. Ошол себептен сак болуу керек.
  • Бала азыр эч нерседен коркпойт. Учтуу нерселер баланын жолунда болбошу шарт. Ал азырынча жаман-жакшы, коркунучтуу нерсе эмне экенин түшүнө бербейт. Ошондуктан бала жүргөн жер коопсуз болушу керек.

БАЛАНЫН ТИШИНЕ КАМ КӨРҮҮ


Дени соо баланын биринчи тиштери (эки астыңкы кашка тиш) 6-8 айында, 8-10 айында үстүнкү 4 кашка жана бир жашка чыкканда эки астыңкы кашка тиши чыгат. Эгерде биринчи тиши 8 айда чыгып жатса сарсанаа болууга себеп жок. Ар бир баланын өөрчүүсү ар башкача. Организми алсыз, өзгөчө итий болгон баланын тиштери кеч чыгат.

Төрөлгөндөн 1 жашка чейинки балдар

1. Биринчи тиштери чыкканга чейин баланын оозун эртең менен жана кечинде таза, жумшак гигиеналык салфетка менен этият сүртүңүз.
2. Алгачкы тиштер адатта баланын 6 айынан тарта чыга баштайт. Тиштерди кичинекей жумшак щётка менен жууңуз. Кыймыл тиш этинен, чыгып келе жаткан тиштердин четинен жуу менен башталышы керек.
3. Бала шире, сүт жана таттуу суусундук бар бөтөлкө менен уктап калбоосун байкаңыз.
4. Балага суусундуктарды чыныдан ичириңиз.

1 жаштан 7 жашка чейинки балдар

1. Баланын тишин суу менен кичинекей жумшак щётка менен жууңуз.
2. Бала шире, сүт жана таттуу суусундук бар бөтөлкө менен уктап калбоосун байкаңыз.
3. Балага суусундукту чыныдан ичүүгө уруксат бериңиз.
4. Ар бир 6 ай сайын үзгүлтүксүз тиш доктурдун текшерүүсүнөн өтүп туруңуз.

Урматтуу ата-энелер! Эсиңиздерде болсун! Балдар cиздерди туурайт. Ошондуктан өз убагында тиштерди дарылаңыздар, тиш гигиенасын өзүңүздөр сактаңыздар.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(13)
28.12.2016. 11:59 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
08-02-2016
Соӊку аракети:
07-08-2018 03:42
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Ашказан жарасын жазгылачы админ!!!
28.12.2016. 12:07 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5911
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+1
Lion., саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди. Буга окшогон сунуштарды kenesh@super.kg дарегине жөнөтүңүз.
28.12.2016. 16:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
575
Катталган:
08-02-2015
Соӊку аракети:
21-09-2018 21:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кызым замогу бар кийим кийсен ошол замок козуно биринчи корунот . колуна кармап оозуна тартат
28.12.2016. 18:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
19-12-2012
Соӊку аракети:
09-01-2017 19:39
Жынысы:
Белгисиз
0
8айлык баламыкы баары туура келет экен бирок оюнчуктарды ажыратып кураштыралбайт го.
28.12.2016. 21:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
08-09-2016
Соӊку аракети:
04-01-2018 00:24
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз пока жете элекпиз азырынча)))
28.12.2016. 22:30 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
23-10-2016
Соӊку аракети:
24-01-2017 23:55
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин балам 7 айга толду устунку тиши эми корунуп жатат жакшы кенештерди жазышыптыр жаш энелерге сабак болот
29.12.2016. 00:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
10-01-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 14:22
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кызым тогуз айлык эми тиши чыгып жатат эмиле корунду чон балдарымдын тиштери оз убагындале чыккан еле бул кызым корунушуда да кичинекей бирок чыйрак ананле кеч ормолоду тиши кеч чыгыпатат педиатрыбыз витамин Д бергиле деди
29.12.2016. 03:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 22:19
Жынысы:
Белгисиз
0
Аии сонун кеп кенештер мен озумдун беш балам бар,кудайга шугур бирок барибир педиатрдын кеп кенешин созсуз угам.Азыр кичине кызым торт жарым айлык кудайым ден соолук омур берсе баары жакшы болот.
29.12.2016. 15:52 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
27-12-2016
Соӊку аракети:
05-01-2017 11:15
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенештер учун рахмат
29.12.2016. 18:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
13-03-2012
Соӊку аракети:
21-09-2018 19:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+1
Бул жазган нерсеге дал келбесе деле балдарыбыз оорубасынчы.
03.01.2017. 11:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
19-10-2016
Соӊку аракети:
24-02-2017 13:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Rahmat! jakwy kenesh eken!menin kyzym 7aidan awyp baratat emi 2chi tiwi 4yga bawtady birok kyinaltat i4i otup temperatura alyp.aryktap ketti ki4inekeiim
03.01.2017. 23:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
28-11-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 13:35
Жынысы:
Белгисиз
0
менин балам алдыда да экен...бул жакшы менимче...9 айлыктан оттук 6 тиши бар, акырын озу 5,6 кадам таштап басып жатат.
07.09.2018. 09:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
18-04-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 13:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Менин балам 9 ай болду, дагы эле тиши чыга элек? Эмне кылса болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: