Волейбол боюнча улуттук курама команда 22-27-декабрь аралыгында Бангладештин Дакка шаарында Азия борбордук зонасынын чемпиондугуна катышты. Анда кыргыз спортчулары Ооганстан, Непал, Бангладеш жана Мальдив аралдары менен ойноду. Курамында 8 оюнчусу менен барган волейболчуларыбыз тайпалык оюндарда биринчи орунду камсыздап, экинчи орун алган Бангладеш менен финалда кез келди. Кызуу өткөн беттеште үй ээлери алгачкы партияны 25:22 эсебинде, экинчи партияны 25:23 эсебинде утуп алышты. 3-партияда кыргыз спортчусу жаракат алып калды. Улуттук курамыбызда 6 гана оюнчу калып, жобо боюнча командага техникалык жеңилүү жазылды.
Жыйынтыгында волейболчуларыбыз күмүш медаль тагынышты.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg