«Жашоодо жакын адамдарыңдан айрылуу кандай гана азап. Жаныңда жадырап күлүп, алдына койгон максатына умтулуп, эл көзүнө көрүнүп калганда ажалдын колдон сууруп кеткенине айла жок тура. Сиңдимди сүзүп өлтүрүп кеткен айдоочу дагы деле табыла элек. Балким, муну окуса, абийири ойгонгон айдоочу күнөөсүн сезип өзү келер»,- деген Айнура Салиева кеңсебизге келиптир.
«КҮБӨЛӨР СҮЗГӨН УНАА ВМW Х5 БОЛЧУ ДЕП АЙТЫП ЖАТЫШАТ»
– Биз Баткен облусунун Лейлек районунан болобуз. Үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, 2 кыз, 2 уул. Сиңдим Жумакан экинчиси эле, ал 2001-жылы туулган. Быйыл ал 9-классты, мен 11-классты бүтүрүп, экөөбүз тең Бишкекке окууга тапшырганы келгенбиз. Бирок ата-энеме каралашуу үчүн ал кайра айылга кете турган болгон.
Менин окуум башталганча «Мадина» базарында иштеген туугандарыбыз ошол жерге жумушка экөөбүздү тең киргизип койгон. Ал жерде жакшы эле иштеп жүргөнбүз. 30-июль күнү Жумакан жумушка чыккан эмес, ал ошол күнү эс алмак. Мен жумушта жүрсөм кечке маал келип калды. Чачын кырктырып, жаңы кийимдерин кийип, сулуу болуп алыптыр. «Эмнеге келдиң?» деп сурасам, «силерди көргүм келди» деп койду. Ошентип кечки 8де жумуштан Жумакан, мен, дагы бир эжем болуп чогуу чыкканбыз. Кечки саат 9дарда маршруттук такси менен барып, Ала-Тоо конушуна бурула турган бурулуштан түшүп калдык. Жолдун аркы тарабына өтүшүбүз керек эле. Ал жерде жол чырак бар, бирок биз андан 40 метрдей алыс турганбыз. Жолдун ортосундагы сызыкта үчөөбүз тең кол кармашып турганбыз. Ошол убакта Жумаканды бир машина сүзүп кетти. Биз ал машинанын кайсыл жактан келгенин деле байкабай калдык. Билгеним, Бишкектен Сокулук тарапка бара жаткан багытта болчу. Жумаканды машина сүзгөндө ал 10 метрдей алыс ыргып кетти. Мен аны сүзгөн машинаны карабай да калыптырмын. Болгону сиңдиме чуркап барып, анын башынан сүйөп «Жумакан» деп эле кыйкыра бердим. Анын үстүнө мен жетип барганча дагы бир машина бутун да тебелеп кетти. Жумаканды машина сүзгөндөн кийин сыртынан денесинин бир да жеринде жаракат жок болчу, болгону оозунан кан чыгып, өзү ээси ооп калгандай болуп эле жатып калган.
Кырсык болгон жерге жакын дүкөндөр, кафелер бар болгондуктан, ал жактагы адамдар чуркап чыга калышты. Алардын айткандары боюнча сиңдимди сүзгөн машиналар кубалашып келе жатышыптыр. Сүзгөн унааны ошол жердегилер чала көрүп калышып, «BMW Х5 автоунаасы болчу» деп айтышты. «Тез жардам» чакырсак Сокулуктуку келбей коюп, көпкө күтүп калдык. Бир убакта «Тез жардам» келип, дарыгерлери Жумаканды көрүп «эчак эле каза болуптур» деп кетип калышты. Эч кандай жардам берели дешкен жок. Кийин уксак, ал «Тез жардам» сиңдимди сүзгөн машиналар андан алыс эмес жерден дагы бирөөнү сүзүп, ошого келишкен экен, анан ал жактагылар бизге жиберишиптир.
Мен таякелериме телефон чалып чакырдым. Алар келгенден кийин сиңдимдин сөөгүн Сокулуктун ооруканасынын өлүкканасына алып барып, экспертизадан өткөрүштү. Экспертизадан «жүлүнү үзүлүп кетип каза болгон» деген жыйынтык чыгарышты. Эртеси сөөктү чыгарып алып, айылга алып барып жерге бердик.
«МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ БОЛОМ ДЕП КЫЯЛДАНЧУ»
– Жумакан мектепте жалаң «5» деген баага окуп, 9-классты жакшы аяктаган. Ал андан тышкары музыкалык мектептин аккордеон бөлүмүн да бүтүргөн эле. Бийге, ырдаганга аябай кызыккандыктан, көп убактысын ошолорго кетирчү. Мен үйдүн улуусу болгондуктан, мага таянып көп деле үй иштерине аралашчу эмес. Мүнөзү эркек балдардыкына окшош болгондуктанбы, айтор, «милиция кызматкери болом» деп кыялданчу. Биз дагы окуса мындан бир нерсе чыгат деп ал эмне менен алектенсе каршы болчу эмеспиз. Шаарда иштеп жүргөндө мага «айылга барсам сен жок кантип оокат кылам? Ошон үчүн кир жуугуч машина алалы, аз да болсо жардам болот» деп эле айта берчү. Экөөбүз удаа төрөлгөндүктөнбү, аябай жакын элек. Мен ага сырымды айтсам, мага кеңеш бергенге жарап калган эле. Аны жоготуу мен үчүн аябай оор болду. Акыркы күндөрү менден «жакшы адамдар эрте өлөт дейт, ошол чынбы?» деп сурап калган.
«АЗЫР «12-24» ДЕГЕН НОМЕРДИ ИЗДЕЙ БЕРЕМ»– Ошол окуядан бери 5 ай өттү. Биз ошондо эле Сокулук РИИБине арыз жазганбыз, кызматкерлери «издөө иштери жүрүп жатат» деп айтышкан, бирок күнөөлүү айдоочу дале табыла элек. Сентябрь айында тергөөчүлөр бизди чакырып, кайрадан арыз жаздырышты. Биринчи жазган арызды жоготуп алышканбы же такыр эле карашкан эмеспи, билбейбиз. Жакында чакыртканынан барсак, «бул ишти Чүй облустук ИИББине өткөрүп бердик» дешти. «Новопавловка айылынын кичи базары менен унаа базардагы коюлган камераларды карасак, ошол учурда BMW Х5 автоунаасы өтүптүр, бирок номери көрүнбөй калыптыр» деп жатышат. Аны бизге көргөзгөн жок, милиция кызматкерлери гана көрүштү. Мен сиңдимди коюп кеткен унааны көрбөй калгам, бирок ал унаанын артынан келип сиңдимдин бутун тебелеп кеткен Мерседес унаасы экенин даана билем.
Жумакан каза болгондон бери түшүмө көп кирет. Түшүмдө деле аны издеп, таппай жүргөн болом. Машина сүзүп, аны өлүкканага алып кеткен түнү Жумакан түшүмө кирип, мени карап күлүп, «мен баары бир аларды тынч койбойм» деп кетип калды. Анан «12-24» деген мамлекеттик номердеги машинадан бир аял чыга калып дүкөнгө кирип, ал жактагы элге «менин курбума телефон чалып берип койгулачы. Мен бирөөнү сүзүп алдым» деп айтып жатыптыр. Ошол түштөн кийин мен аял киши сүзгөнбү деп ойлой берем. Ал номердеги машинанын айдоочусу күнөөлүүбү же жокпу билбейм, бирок кайсы жерде жүрбөйүн «12-24» деген номерди издей берем.
Окуума бара жатканда дайыма сиңдимди машина сүзүп кеткен жерден өтөм. Ошол жерге келгенде башым чымыратып ооруп, муунум бошоп, ыйлап жиберем. Балким, "Супер-Инфо" гезитинен ошол сүзгөн айдоочу окуп калып, абийири ойгоноттур, кайрылып келип, күнөөсүн моюнга алып, татыктуу жазасын алар деп үмүттөнөм.
Окуя боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурбек Токтосуновго кайрылганыбызда, ал дагы деле издөө иштери жүрүп жаткандыгын, азырынча эч кандай майнап чыкпай жаткандыгын билдирди. Ошондой эле анын айтымына караганда, ошол убакта Жумакан Камчыевадан башка кишини унаа сүзүп кеткени боюнча маалымат түшкөн эмес. Сокулук райондук ооруканасынын "Тез жардам" бөлүмүнөн да ошол маалда жана ал аймакта бир гана Жумакан Камчыеваны унаа сүзүп кеткен боюнча "Тез жардам" барганын билдиришти.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg