Интернет булактарында кытайлык атактуу актёр Жет Ли өлүм алдында экендиги тууралуу маалымат тарады. Дүйнө сүйгөн кино жылдызынын мындай акыбалда болушу көпчүлүктү капалантканы шексиз. Өзгөчө өспүрүм курактагы балдардын жүрөгүнөн орун тапкан Жеттин өмүр таржымалын баяндайбыз.
Оорунун алдында баарыбыз бирдей экенбиз. Мага дарыгерлер майып болосуң дешкен. Андыктан карьерамды таштасам да, таштабасам да бир тең. Акыры келип бир күнү майыптардын катарын толуктайт экенмин.Ошондуктан мен иштей берем деп чечтим.
АТАСЫ ЖОК ӨСКӨНЖет 1963-жылы 26-апрелде Пекиндеги орто жашаган үй-бүлөдө жарыкка келген. 5 бир туугандын кичүүсү. Жет үчүн кабатырлана берген апасы ага жадакалса велосипед тептирчү эмес. Мектепке Ли 8 жашында барган. Ашыкча шоктонбогон, токтоо бала мугалимдердин сүймөнчүгү эле. 1-классты бүткөндө келечектеги актёр классташтары менен спорт лагерине барат. Ошол жактан Жетке ушу менен машыгууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кийин атайын спорт мектепте окуусун улантат. Ал күндөрүн актёр "Мектепте жекшемби күнү гана үй-бүлөбүз менен көрүшүп келүүгө уруксат беришчү. Калган күндөрү машыгуучу залдан чыкчу эмеспиз. Ошентип 10 жыл ошол мектептен эч жакка чыкпай машыктым",- деп эскерет.
РЕЖИССЁРЛОР ЖЕТ ЛИНИ 2-БРЮС ЛИ КЫЛМАКЧЫ БОЛУШКАН
Ли 17 жашына чейин Кытайдын спорт боюнча мамлекеттик курамында жүрүп, АКШга ушу боюнча таймашка барган. Анда анын талантына режиссёрлор гана эмес, АКШнын ошондогу президенти Ричард Никсон да суктанган. Жаш Жет Лиге дароо тасмага тартылуу боюнча сунуш түшөт. "Режиссёрлор мени 2-Брюс Ли кылабыз деп убада беришкен" дейт актёр.
Ошентип алгачкы жолу анын катышуусундагы "Храм Шаолиня" аттуу тасма 1982-жылы жарыкка чыгат. Анын чеберчилиги тууралуу атак алыска кетип, киного тартылуу үчүн түшкөн сунуштардын аягы тыйылбай баштайт. Актёр "Матрица" киносуна тартылуудан баш тартууга жетишиптир. "Себеби тасмада компьютердик эффекттер көп болчу, анда менин чеберчилигимдин эмне кереги бар деп баш тарттым".
ЖЕКЕ ЖАШООСУНДА СӨЗГӨ БЕКЕМ
Алгачкы жолу актёр 1987-жылы кытайлык спортчу кыз Хуан Цюянга баш кошот. Ал экөө "Храм Шаолиня" тасмасына чогуу тартылып, 4 жылдан соң 2 кыздуу болгондо ажырашып кетишкен.
1999-жылы Жет экинчи ирет үйлөнөт. Бул жолку анын тандоосу гонконгдук актриса Нина Ли Чиге түшкөн. Актёр экинчи жубайын катуу сүйгөнбү? Айтор, ага берген сөздөрүнө бекем турат деп айтылат. Мисалы, ал кош бойлуу убагында дайыма жанында болууну убадалап, бир нече атактуу тасмаларга тартылуу боюнча түшкөн сунуштарды четке каккан. Алардын катарында "Крадущийся тигр, затаившийся дракон" фильми дагы бар. Учурда Нина менен бир уул, бир кызды өстүрүшүүдө.
ТАСМАГА ТАРТЫЛЫП ЖАТЫП АЛГАН ЖАРАКАТТАРЫ ЗЫЯНЫН ТИЙГИЗҮҮДӨ
Актёрдун өлүм алдында экендиги тууралуу "Дорамакун" сайтына жарыяланган маалымат анын күйөрмандары үчүн каттуу сокку болду. Буга чейин 2010-жылы Жет Ли тасмага тартылып жүрүп алган жаракаттарынан улам жүлүнү жабыркап, ошого аябай арыктап баратканын, ал эле эмес майып болуп калуу коркунучу бар экенин айткан болчу. Ошол себептен жылына 1 гана киного тартылам деген чечимин кабыл алган. Учурда актёр дагы деле тасма талаасында өтө кыйын трюктарды аткара албай келет. Жакында анын интернетке жарыялаган сүрөттөрүн көрүп кабатырланган күйөрмандарынын суроосуна актёр "Мен өлүмгө жакынмын" деген жооп кайтарып, алардын тынчсыздануусун ого бетер күчөттү.
Эске салсак, актёрдун өлүмү боюнча маалымат 2004-жылы дагы тараган. Анда Жет кызы менен Мальдив аралдарында эс алып жүрүп, жер титирөөдөн улам пайда болгон цунаминин алдында калган делген. Бирок кийин ал аман калып, болгону кызын куткарып жатып бутунан жаракат алгандыгы тастыкталган.