2017-ЖЫЛЫ БИЗДИ ЭМНЕЛЕР КҮТӨТ?

Мезгил билинбей өтүп маймыл жылы менен коштошуп, тоок жылын тосуу алдында турабыз. Келечекте эмне боло тургандыгы ар дайым кызыгуу туудуруп келет. Андыктан саясат талдоочу, астролог, парапсихологдун божомолдорун угуп көрдүк.

КЫРГЫЗСТАНДА

Саясатта, экономикада

Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу:
– 2017-жылы жаңы президентти шайлайбыз. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бийлигин тынчтык жолу менен өткөрүп берет. Президенттикке 50дөн ашык адам өз талапкерлигин коёт. Алардын арасында Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаев, Бакыт Төрөбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбековдун мүмкүнчүлүгү жогору. Март айында митингдер болушу мүмкүн. Төңкөрүш болбойт. Демократиянын казаны кайнайт. Доллардын курсу өсөт. Орусия АКШ менен алакасын жакшыртса, анда рублдун курсу бекемделип, бизге оң таасирин тийгизет. Элдин жашоосу азыркы калыпта болуп, өзүн-өзү багат.

Коом, саясат, кырсыктар...

Индира Исманкулова, астролог, парапсихолог:
– 2017-жылы адамдар алдыга чоң максат коюп, ага жетүүгө тырышпаса, иш жана каржы жаатында ийгиликтерди багынтуу кыйын.
Саясатка келсек, саясий лидерлердин таасирлери артып, оппозиция күчүнө кирип баратат. Төңкөрүш уюштурууга барышы мүмкүн. Өлкө башчысынын тегерегинде агрессивдүү, эки жүздүү адамдар көп. Эгер президент абалга убагында туура баам берип, чечкиндүү аракеттерди көрбөсө, мөөнөтүнө чейин иштебей калуусу мүмкүн. Жаңы президент оппозициядан келиши ыктымал. Премьер-министр иште өзүн көрсөтө албай, жыл ортосуна чейин кызматтан кетиши мүмкүн.
Жыл ичинде сырттан келген товарлар жана бензин (4 сомго чейин) кымбаттайт. Түшүм начар болот, дыйкандар жана багбандар көп эмгек сарпташпаса банкротко учурайт.
2017-жылы сыртка чыгып иштеп келүү кыйындайт. Чек арадан кирип-чыгуу мурдагыдан да катуу көзөмөлдөнөт. Элге билим берүү системинде текшерүүлөр өсөт.
1-январдан 13-февралга чейин коомдо криминалдык тирешүүлөр жана кылмыштуулук, авантюралар көбөйөт. Февраль-март табигый кырсык, митинг, саясий маселелердин курчушуна жана саясий өзгөрүүлөргө жакын ай.
15-январдан 15-майга чейин жаңы долбоор, идеялардын үстүндө жана так, туура иштегендерди ийгилик коштойт.
Ноябрда элдин өкмөткө карата нааразычылыгы өсүп, баш аламандыктар жаралат. Жыл ичинде инфекциялык оорулар көбөйөт.

Дилдара Буларкиева, айтымчы:
– Эл менен бийликтин ортосунда ажырым күчөйт. Күзүндө митингдер болуп, оппозициялык топтор биригишет. Президент өлкөдөгү өзгөрүүлөрдүн таасиринен улам бийлигин жанында жүргөн 3 адамдын бирине өткөзүп берүүгө аргасыз болот. Өкмөт алмашат. Күзгө чейин бийликтегилер арасында аңдышуу, касташуу көбөйүп, айрымдары атышууга чейин барышат.
2 саясий лидердин өмүрүнө кол салуу болушу мүмкүн.
Кыш, жаз, жайында Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында майда жер титирөөлөр күтүлөт. 2 ирет теракт уюштурулуп (Чүй, Ош облусу), бири ишке ашпайт. Жазында алдын албаса суу сактагычтардын бири жарылуу коркунучуна кептелет. Жайында түрмөдөн массалык качуу күтүлүүдө.
Аба ырайы. Январдын ортосунда суук катуу болот. Февралдын башынан ортосуна чейин күн жылыйт да, кайра температура кескин төмөндөп, айдын аягында күн жылыйт. Март айы суук болуп, апрель жылуу тартат. Жазында жаан-чачын күчөйт. Жай кургакчыл болот. Күз жылуу болгону менен, кыш эрте түшөт.

ДҮЙНӨДӨ

  • Орусия дүйнөлүк саясатта кылдат иш алып барбаса, каршылаштарын көбөйтүп, аскерий кагылышууларга туш болуусу ыктымал.
  • Прибалтика өлкөлөрү куралдуу кагылыштардын аймагына айланышы мүмкүн. Мунун себепкери НАТО алдында каржылык милдеттерин толук аткарбагандыгы болушу ыктымал.
  • Каталонияда Испаниянын курамынан чыгуу процесси башталышы мүмкүн.
  • Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөрүлө турган V Азия оюндарында террористтер жардыруу уюштурууга аракет кылышат.

АСТРОЛОГ ЖАНА КӨЗҮ АЧЫКТАРДЫН АЙТКАНДАРЫНАН

  • Нострадамус Иран менен Түркиянын ортосунда кагылышуулар болушу мүмкүндүгүн белгилеген.
  • Ванга дүйнөдө согуштук аракеттерден улам экономикалык кризис курчуп, айрым өлкөлөрдө ачкачылык орноп, көп өлкөлөрдө элдин жашоо деңгээли төмөндөөрүн айткан.
  • Астролог Павел Глоба АКШнын дүйнөгө тийгизген таасири начарлай берерин белгилейт. Скандинавия өлкөлөрү (Швеция, Норвегия, Дания) Прибалтика (Литва, Латвия, Эстония жана Орусиянын Калининград облусу) менен биригет, ал эми Франция, Италия жана Испания Түштүк Европа өлкөлөрүнүн союзун түзөт.

ӨТКӨН ЖЫЛЫ ТУУРА КЕЛГЕН БОЖОМОЛДОР

Кыргызстанда

Божомол
: Рублдун курсунун сомго тең болуп жатышы, оң рулдуу автоунаалар менен жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салуу, сырттан келип жаткан товарлардын кымбаттыгы, доллардын курсунун өсүп баратышы, айыл чарба продукцияларынын сыртка сатылбай жатышынан элдин жашоосу кыйындайт.

Тактасак
: Бул божомол туура келди. Элдин жашоосу кыйындады.

Божомол
: Саясатчылардын арасында тирешүүлөр күчөйт.

Тактасак
: "Ата Мекен"партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин ортосунда тирешүү күчөдү.

Божомол
: Январдын башында жана февралда коомдо чыр-чатактуу кырдаалдар көп түзүлөт. Аталган айларда жана жаз, күздө өлкөдө күчү 3-6 баллга жеткен жер титирөөлөрдүн болушу ыктымал.

Тактасак
:

  • 9-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Көпүрө аймагынын Өзбекстан менен такталып бүтө элек бөлүгүндө кайрадан чыр чыгып, ок атышуу орун алды. Кыргыз жарандарынын биринин бутуна ок тийген.
  • 9-январь күнү Ош облусунун Араван районундагы Кум-Бел аймагында 4 белгисиз адам кыргыз жарандарынын 332 кой-эчкисин уурдап, Өзбекстандын аймагына айдап өтүп кетишкен. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин 10-январда өзбек чек арачылары 146 кой-эчкини кыргыз тарапка өткөрүп берди.
  • 16-апрелде өлкө аймагында жер титирөө катталды. Жер титирөөнүн күчү Теңги, Сумсар айылдарында 5 балл, Ала-Бука айылында 4 балл, Кербен, Таш-Көмүр шаарларында 3-4 балл, Баткен, Кызыл-Кыя, Ош шаарларында 2-3 балл болгон.

Божомол: 28-июль-29-август аралыгында да түрдүү кырсыктар орун алат.

Тактасак:

  • 27-августта Бишкек-Ош унаа жолунда (Жайыл району) 2 машина кагылышып, 9 адам каза тапты.

Божомол: Өзбекстан чек арасын жайында убактылуу жабат.
Тактасак: Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын 15-июндан 25-июнга чейин жапты.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
2017-жыл: Атамбаев президенттикке талапкерлигин коёбу?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Alibek-0001
2017-01-04 22:36:02
Кудайдан башка эч ким билбейт эртен эмне болушун! Ишенбегиле буларга!
+3
agent0072609
2017-01-05 03:30:54
Alibek-0001, туура айтасын бир гана Алла Таалам билет кандай болушун. Бул айтылгандарга ишенбегиле
+3
Nurdan1112
2017-01-04 23:10:28
Бир гана кудайга ишениш керек
+2
Zvezda.KGKG
2017-01-05 04:48:25
Мамлетет жок болуу коркунучунда дегендей кылып койуптурго, эгер ушу бийлик утса анда олдук анын бетин ары кылсын кыргыз карызга батып жок болбосок болду оо квдай
-2
karlygach
2017-01-05 17:18:09
2016 жыл кудайга шугур жакшы жыл болду,президентибиз Атамбаевге чын дилимден ыраазычылык бидиргим келет, анткени ажобуз бул жылы мамлекетти стабилдуу, бир калыпта башкарып турду, жылдын аягында кадимкидей корунуп турду го элдин жашоосу оногонун, супемаркет базарларга барсан конулдуу баштыктарын толтуруп аткандар болду. Аман болсун Атамбаев, сизге Аллахым чын ден соолук берсин, сиздей эле президент келсе онолмокпуз!
+3
azamat.k
2017-01-05 19:43:48
Бир гана Аллахым билет эмне болоорун,силер озунорчо божомол кыла бербегиле.
+2
Kairylbaimyn..
2017-01-06 09:59:45
Биринчи оздорунун жолун ондоп алышсынчы козу ачыктар закта олтурбай
0
Rian
2017-01-06 12:11:57
Бир гана АЛЛА ТААЛА билуучу ишенбегиле буларга тем более козу ачык деп озун атап алган, али козу ачыла элек адамдарга.
+3
dobrajelatel
2017-01-06 18:04:33
Аллах озу сактасын.
+1
Gulumkanbu
2017-01-07 14:28:37
Болот,болот деп эле аябай суйлоптурсунор го.Кудайдын буйруганы болот.
0
jazgul.kg.ru
2017-01-07 16:50:50
Бир да жакшылык жөнүндө жокко
0
gulperi.kg
2017-01-07 20:44:24
Жалган ишенбейм.Бир жараткан озу билет
0
salamat93
2017-01-07 23:14:29
Бир кудайга ишениш керек!!!
0
Manasbek08kg
2017-01-08 18:43:29
Эртен жамгыр болот деп менделе айтам,энер кун буркоо болсо
0
Akmatov1990
2017-01-09 09:21:18
аллахым гана билет, аллах баарын жаратуучу
0
uluk92kg
2017-01-10 07:22:59
Кал жазат бары откон жылда айтылганында кайсы БТР мамилекет дениздин астына Шаар курат туркия мн италя урушуп ага башка мамилекетер кошулуп чон урушка айланып аны Россия токтотот деген еле
0
№ 739, 30-декабрь- 05-январь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан