Майрамдык дасторкондун көркүн салаттар, закускелер, суусундуктар гана ачпастан, ысык тамактар да ачарын билебиз. Дайыма өзгөчөлүк киргизип, жаңы даамдарды сунуштап, келгендердин көңүлүн алуу кожойкелердин милдети. Анда алар үчүн ысык тамактарды жасоонун жеңил түрлөрүн сунуштайбыз. Баса, тоок жылын жакшы тосуп алайын десеңиз, канаттуулардын этинен даярдалган тамактарды жасоодон алыс болгонуңуз туура.
ЭТ РУЛЕТИ (6 порция)
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Пиязды майдалап туурайбыз.
2. Чуңкур табакка фаршты, пиязды, жумуртканы, туз жана татымалдарды кошуп аралаштырабыз.
3. Андан кийин сулп этти жалпак кылып кесип алабыз. Анын үстүнө орточо калыңдыкта фарштан салып оройбуз.
4. Баарын ороп бүтүп мискейге тизебиз. Үстүнө артып калган соустан куябыз.
5. Электр мешинде 170 градус температурада 1 саат бышыруу керек.
6. Даяр болгондон кийин тарелкага салып, ашкөктөр менен кооздоп дасторконго коюңуз.
СЫР КОШУЛГАН ШОРПО (5 порция)
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Нанды кубик формасында туурап, каймак майга кызарта кууруп алабыз.
2. Сырдын бардыгын өткөргүчтөн өткөрүп, алдын ала дайындап коёбуз.
3. Этти да бир нече бөлүккө бөлүп алып, жумшарта кайнатабыз. Туз салууну унутпайбыз.
4. Даяр болгондон кийин шорпого каймак майды кошуп акырын аралаштыруу керек. Анан дароо оттон алып, майдаланган сырды да кошуп аралаштырабыз. Сыр ысык шорподон эзилип калат. Татымалдарды кошуп, ашкөктөрдү туурап үстүнө себелейбиз. Сыр кошулган шорпобуз даяр!
БӨДӨНӨ ЖУМУРТКАСЫ ЖАНА ЭТТЕН ДАЯРДАЛГАН КЕКС
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Бөдөнөнүн жумурткасын 10 мүнөт кайнатып, бышырып алабыз. Алдын ала аарчып коюу керек.
2. Пиязды майда туурап, майга кууруйбуз.
3. Эми фаршка тооктун жумурткасын, туз, нандын күкүмүн жана куурулган пиязды кошуп аралаштырабыз.
4. Андан кийин атайын кекстер үчүн калыпты майлап, фарштан салабыз. Ортосуна бөдөнөнүн жумурткасын коюп, үстүн кайрадан фарш менен толтурабыз.
5. Калыпка салынган фарштын үстүнө майонез сүйкөйбүз. Эң соңунда сырды өткөргүчтөн өткөрүп чубурта салып чыгабыз.
6. Электр мешинде 180 градус температурада 30-40 мүнөт бышырабыз. Муну сууга бышкан күрүч менен ысык тамак, же закуске катары муздак кылып берсеңиз да болот.
Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg