ПЛАСТИК ИДИШТЕГИ ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТТАН АРЫЛУУ
Баарыбыз эле тамак-аш салынуучу пластик контейнерлерди колдонуп жүрөбүз. Кээде бул буюмдар узакка колдонулбай, жагымсыз жыттанып калат. Ал үчүн жууп-тазалоонун кажети жок. Болгону сиз алдын ала чара колдонуңуз. Ар бир пластик идишке туздан сээп койгонуңуз жетиштүү.
МИКРОТОЛКУНДУУ МЕШТЕ КАРТОШКА КАЛДЫРКАНЫН ДАЯРДОО
Үй шартында картошка калдырканын (чипсы) даярдоо абдан машакаттуу иш. Бирок дайыма иштин оңой жолун таап кетсе болот. Дегенибиз, эми картошка калдырканын казанга салып куурубай эле, микротолкундуу меште бышырса болот. Ал үчүн картошка, татымалдар жана туз керектелет. Картошканы ичке кесип, туз жана татымалдарды кошуп, бир аз коюп коёбуз. Мештин табасына пергамент кагазын төшөп, кесилген картошканы тизип, үстүн өсүмдүк майы менен майлайбыз. Андан соң микротолкундуу мешке салып, 3-5 мүнөткө иштетип коёбуз.
ПИРОГДУН ТҮБҮ ЖАБЫШЫП КАЛСА...
Эгерде үй шартында пирог жасап, түбү жабышып калса эмне кылуу керек? Дароо эле аны кескилеп, сыйрып алууга ашыкпаңыз. Болгону кол аарчыны муздак сууга малып нымдап аласыз да, электр мешинин табасын 5 мүнөткө ороп коюңуз.
Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg