Тарых жана маданият жылынын урматына бир катар маданият кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча жарлык чыкты. Сыйлыкка татыган атактуулардын айрымдарын белгилеп өтсөк: III даражадагы "Манас" ордени менен акын, жазуучу Анатай Өмүрканов, тарыхчы Кыяс Молдокасымов, мурунку маданият министри Алтынбек Максүтовдор сыйланышты. КВНдин Жогорку лигасында чемпион болгон "Азия MIX" командасына "Данакер" ордени ыйгарылды. "Даңк" медалы алпаруучу Гүлшан Молдоева, режиссёр Мирлан Абдыкалыковго берилди. Ал эми Кыргыз Республикасынын Эл акыны наамы акын, жазуучу Кыялбек Урманбетов менен акын Меңди Мамазаировага ыйгарылды. Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына актёр Эгемберди Бекболиев, опера ырчысы Замира Мавлянова ээ болду. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына болсо ырчылар Жамиля Муратова, Майрамбек Осмонов, Кенжегүл Кубатова, Юлия Руцкая, Гүлжигит Калыков, куудул, актёр Бакыт Мукул жана башкалар татыктуу болушту. Ошондой эле ырчылар Арсен, Омар, Урмат Усенов, режиссёр Сүйүн Откеев, алып баруучу Нурзат Токтосунова Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланышты.
27 жашында Эмгек сиңирген артист наамын алган Гүлжигит Калыков: "Бул сыйлыкка татыганымды досторумдан уктум. Мен үчүн күтүлбөгөн окуя болду. Cыйлыкты президенттин колунан алгандан кийин гана сезимдерим менен бөлүшпөсөм, азыр эч нерсе айта албай турам",- деген жообун айтты.