Манасчы Ширин Сарыгулова ВВС басылмасынын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү эң таасирдүү жана шыктандыруучу 100 аялдын катарына кирди. ВВС телеканалы атайын Англиядан келип II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жүрүп жатканда манасчы айымыбыз тууралуу жарым сааттык даректүү тасма даярдап кеткен. Тартуу процесси Кырчын жайлоосунда уюштурулган. Ширин айым Кыз Сайкал менен Манастын чабышы, кыргыздар көчүп-конуп жүргөн маалдагы баатыр аялдын образын, ошол учурдагы жашоо шартты чагылдырып берген. "Бул тасма чет элдик каналдардан көрсөтүлүптүр. Биздеги ВВС аркылуу кыскача беришкен. Ошондон кийин башка дүйнөлүк каналдардан кызыгуулар пайда болуп байланышышкан. Дүйнөдөгү таасирдүү 100 аялдын катарына кирүү мен үчүн сыймык",- дейт толкунданган Ширин Сарыгулова.