SUPER.KG’ден Күнсереп

SUPER.KG порталындагы "Күнсереп" рубрикасында күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

29-декабрь:
ДЕПУТАТТАР ЧИНОВНИКТЕРДИ БЕЛЕКСИЗ КАЛТЫРЫШТЫ

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары "Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө" мыйзамды кабыл алышты. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлерге, саясий, административдик жана атайын кызматтарды ээлеген адамдарга 1 миң сомдон жогору бааланган белектерди алууга тыюу салынат. Мыйзам долбоорду 2015-жылы өкмөт демилгелеп чыккан. Акыркы айларда жогорку кызматтагы адамдар жеке компаниялар берген унааларды пайдаланып жатышканы коомчулукта нааразычылык жараткан соң депутаттар аталган мыйзам долбоорун карап, акыры жактырышты. Эскерте кетсек, быйыл октябрь айында Замирбек Айдаров транспорт жана жол министри болуп турганда кытайлык "Сhina Road and bridge corporation" компаниясына тиешелүү Лексус LX 570 үлгүсүндөгү жол тандабасты пайдаланып жүргөнү ачыкка чыккан. Буга байланыштуу "тендерде кытайлык компаниянын кызыкчылыгын коргогонбу?" деген шек жаралган. Министрлик аталган унааны келишимдин негизинде колдонуп жатканын маалымдаган. Бирок коомчулук "Айдаров кытайлык компаниянын кызыкчылыгын коргоп, ага ыраазычылык иретинде жол тандабасты белекке беришкен өңдүү" деп күмөн санаган бойдон калды. Министр унааны компанияга кайтарып, кечирим суроо менен гана кутулган. Ошондой эле Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев Кытайдын консулдугу тарабынан берилген Тойота Ленд Крузер 200 үлгүсүндөгү жол тандабасты минип жүргөнү коомчулукта сынга алынган. Буга Кадырбаев "бул унаа жеке мен үчүн эмес, мэрияга белек катары берилген" деп жооп кайтарган. Быйыл бир гана чиновниктер эмес, депутаттар да сынга кабылышты. Аларга жаңы креслолорду кайсы демөөрчү сатып бергени бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Расмий түрдө айтылбаса да, Кыргыз жергесинде жеке компаниялар, ишкерлер мамлекеттик кызматта иштегендерге пара бермейинче тендерди утууну же керектүү чечимдин кабыл алынышын элестете алышпайт. Акыркы жылдары айрым чиновниктердин пара менен кармалуусу коррупциянын жаңы жолун жаратты. Бүгүнкү күндө параны таза кандуу күлүк, батир, дача, жол тандабас жана башка ушул сыяктуу кымбат белектер менен алууга өтүштү. Эми белек алууга тыюу салынса, мамлекеттик кызматты бизнес катары пайдаланган чиновниктер пара алуунун кандай ыкмасын ойлоп табышар экен?..

30-декабрь:
БЕКЕР АВТОБУС УБАДА КЫЛГАНДАР БИШКЕКТИ БАШКАРЫШАТ

Жаңы шайланган Бишкек шаардык кеңешинде көпчүлүк коалиция 3 фракциядан түзүлдү. КСДП, "Республика-Ата Журт" жана "Кыргызстан" фракциялары (жалпы 30 мандат) биригип, шаардык кеңештин төрагалыгына "Республика-Ата Журт" партиясынын депутаты Канатбек Мүзүралиевди шайлады. "Өнүгүү-Прогресс" жана "Мекеним Кыргызстан" партиялары оппозицияда калышты.
Шайлоо алдында КСДП шаарга асма жолдорду курууну, "Республика-Ата Журт" "Тез жардам" кызматы чакырууга 7 мүнөттө жетип баргыдай шарт түзүүнү, "Кыргызстан" жүргүнчүлөрдү бекер ташуучу автобустарды ишке киргизүүнү убадалаган. Бул 3 партия бүгүн шаарды башкаруу укугун алышты, эми убадалардын өтөсүнө чыгууга кезек келди. Эл ошол убадалардын аткарылышын күтөт...

3-январь:
ТҮРКИЯ ТЕРАКТКА КАЙРАДАН КЫРГЫЗ ЖАРАНЫН ШЕКТЕП ЖАТАТ

Түркиянын маалымат каражаттары Жаңы жылдын түнүндө Стамбул шаарында 39 адамдын өмүрүн алган терактка шектүү Орто Азиядан, тагыраак айтканда, Өзбекстан же Кыргыз мамлекетинен чыккан жаран болушу мүмкүн деп жазып жатышат. Бул маалымат азырынча далилдене элек. Ошентсе да мамлекеттин аброюна терс таасирин тийгизбей койбойт. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ММКларда айтылган маалыматтарды териштирүүнү өлкөнүн Стамбулдагы консулдугуна тапшырды. Көп өтпөй Ирак жана Леванттагы "Ислам мамлекети" (ИГИЛ) террордук уюму бейкүнөө адамдардын өмүрүн алып кеткен кылмышты ишке ашыргандыгын жарыялап, клубдагы жарандарга автоматтан ок аткан адамды "халифаттын жоокери" атады.
Кылмышка шектүү деп аталып, паспортунун сүрөтү интернетке тарап кеткен Кара-Суу районунун тургуну Йахье Машраповду УКМКнын кызматкерлери бүгүн суракка алышты. Шектелген жаран Жаңы жыл түнү Кыргыз жеринде болгонун, аталган терактка эч кандай тиешеси жоктугун билдирүүдө.
Расмий маалыматтарга таянсак, Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөн Кыргыз мамлекетинин жарандарынын саны 600дөн ашты (2016-жыл боюнча). Булардын ичинен 70 адам аталган аймактан окко учуп каза тапкандар. Акыркы жылдары террордук чабуулдардын бутасына айланган Түркияда кыргыз жарандарынын терроризмге шектелип кармалып жатышы, кыргыз-түрк мамилесинин начарлашы, диаспоралардын кеңселеринин жабылышы аталган өлкөдө жашаган кыргыздардын абалын оорлотууда. 2016-жылдын 28-июнунда Түркиянын "Ататүрк" аэропортунда эки жардыруу болуп, Түркия тарап анда дагы кылмышка шектүүлөрдүн бири кыргыз жараны болушу мүмкүн деген жоромол айткан. Бул маалымат далилденбегенин көп өтпөй Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлиги ырастаган эле.
Кыргыз жеринен Сирияга агылгандар боюнча абалды жакшырды деп айтуу мүмкүн эмес. Буга согуш талаасына аттанып кеткен адамдардын санынын өсүп жатышы далил, 1 жыл ичинде алардын саны 100дөн ашык адамга көбөйдү. Бул 3-4 күндө 1 кыргызстандык Сирияга кетип жатат дегендик. Жакында Жалал-Абад облусунда Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келген адам 13 жылга эркинен ажыратылды. Ысык-Көлдөн Сирияга кеткен үй-бүлөнүн 25 мүчөсү ошол жакта каза болгону жарыяланды. Мындай фактылар агымды токтото албай жатканы көрүнүүдө. 2016-жылы орусиялык телеканалдар Кыргыз өлкөсүн "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрүн даярдоочу жай" деп атап, эфирден кыргыздардын террордук уюмга азгырылып жатышы тууралуу сюжет кетиришкен. Анда телеканал баяндамачысы кыргыздар жакырчылык жана диний сабатсыздыктан улам Сириядагы согуштук аракеттерге азгырылып жатканын айтат. Бул окуя кыргыз коомчулугунда катуу сындалып, телеканал аталган материалдын темасын өзгөрткөн. Сириядагы кырдаал, терроризмдин күч алышы улуттук деңгээлдеги көйгөйгө айланды. Жогорку Кеңеш терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондорду жарандыктан ажыратууга жол берген мыйзам кабыл алып, ага президент кол койгон. Мыйзамдын күчүнө киргенине жарым жылга жакындап калды, бирок мындай радикалдуу чара азырынча эч бир адамга карата колдонула элек...

4-январь:
КЫМБАТТАГАН ТАМЕКИНИН ОРДУН АРЗАН НАСЫБАЙ БАСАБЫ?

Бүгүндөн баштап Кыргыз жеринде 1 куту чылым 40 сомдон арзан сатылбайт. Өкмөттүн тийиштүү токтомуна ылайык, тамекиге акциздик салыктын наркы көтөрүлүп, муну менен мамлекеттик казынага кошумча 200 миллион сом түшөрү күтүлүүдө. Албетте, тамекинин баасы кымбаттаган үчүн эле адамдар чылым тартуудан баш тартышат деп ишениш кыйын. Акчасы аз тамеки чегүүчүлөр арзан варианттарды издей башташат. Мындан улам арзан тамекилер аткезчилик жолу менен ташылып келери күтүлөт. 40 сомдук тамеки сатып алууга чамасы жетпегендер насыбайга өтүшү мүмкүн.
Жарандардын ден соолугун тамекинин зыянынан коргоого багытталган мыйзамдын автору, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин айтымында, 2017-жылдын февраль айына чейин 1 куту чылымдын баасы орто эсеп менен 5 сомго жогоруламакчы. Эми кыргыз жергесинде эң арзан "Классик" тамеки кутусу 20 сомдон эмес, 40 сомдон сатылып баштайт. 2018-2019-жылдары жыл сайын кутунун баасын 5 сомдон жогорулатып туруу пландалууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга сунушталды. Демилгечилердин бири депутат Бекешев "эгер кутунун эң арзан баасы 40-50 сом болсо, өспүрүмдөрдүн тамеки сатып алуусун кыйындатат" деп түшүндүрөт.
Эл аралык изилдөөлөргө ылайык, тамеки чегүү менен күрөшүүдө тамекинин баасын жогорулатуу эң эффективдүү деп эсептелинет. Коомдук жайларда чылым тартууга тыюу салуу жана тамекиге каршы багытталган иш-чаралар (Саламаттык сактоо министрлигинин эскертүүсү, кутудагы коркунучтуу сүрөттөр) мынчалык эффект көрсөтпөгөнүн жазышат изилдөөчүлөр. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, тамекинин баасы 10 пайызга көтөрүлгөн сайын бай өлкөлөрдө чылым тартуунун көрсөткүчү 4 пайызга кыскарууда. Өнүгүп келе жаткан жана жакыр өлкөлөрдө бул көрсөткүч 8 пайызды түзөт. Ал эми бизде жакшы ой менен жазылган мыйзам өлкөдө тамеки чегүүнү кыскартабы же салыктан түшчү каражатты көмүскө рынокко, чөнтөктөргө бурган документ болуп чыгабы, убакыт көрсөтөт...

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 740, 06-январь-12-январь, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан