БОРБОР АЗИЯЛЫК ПРЕЗИДЕНТТЕР ЭМНЕ ҮЧҮН ТАКТАН КЕТҮҮНҮ КААЛАШПАЙТ?

Мезгил үнү

Орто Азия мамлекеттери жана Казакстан эгемендик алгандан бери 20 жылга жакын убакыт өттү. Ал арада Кыргызстанда 2005-жылы бийлик алмашса, Түркмөнстанда С.Ниязовдун дүйнөдөн кайтышы ажонун алмашуусуна алып келди. Калгандарында 20 жылдан бери ошол эле адамдар такта отурат. Андыктан «азиялыктар тактыдан кетүүнү каалашпайбы?» деген суроо туулат.

АСКАР АКАЕВ
Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев 1944-жылы 10-ноябрда Кемин районунда төрөлгөн. 1967-жылы Ленинграддагы Так механика жана оптика институтунун инженер-математика бөлүмүн аяктайт. Ойдо жок жерден президент болуп калган Акаев 14 жыл Кыргызстанды башкарды. Анын убагында улуттук валюта кабыл алынып, башкаруу формасы баштапкы жылдарда демократиялык принциптерге жооп берген. Бирок жубайы, кызы жана уулу мамлекеттик башкарууга кийлигише башташты. Баш мыйзамды өзгөртүп, президенттикке 3 жолу ат салышкан Акаев 4-жолу максатына жетпеди.
Үй-бүлөлүк башкарууга чыдабай калган эл 2005-жылы 24-мартта революция жолу менен Акаев бийлигин кулатууга жетишти. Москвадан келип президент боло калган Акаев 14 жылдан кийин кайра эле Москвага качып кете берди.

КУРМАНБЕК БАКИЕВ
Акаев бийлигинин кулашына түздөн-түз салымын кошкон, аким, губернатор, ЖКнын депутаты, премьер-министр кызматтарын аркалаган Курманбек Бакиев 2004-жылы “Кыргызстан элдик кыймылынын” төрагалыгына шайланган.
2005-жылдын 24-мартында элдин каалоосу менен бийлик алмашты. Акаев бийлиги кулатылып, элдин колдоосу менен президенттикке Курманбек Салиевич Бакиев шайланды. 5 жылдык мөөнөтүн аяктаган соң экинчи мөөнөткө шайланган Бакиев Кыргызстанды өнүктүрүү жолунда бийлик бутактары менен тил табышып, өлкөдө саясий туруктуулукту орното алды. Эл аралык саясатта бир тараптуу эмес, көп тараптуу иш алпарып, Кыргызстандын кызыкчылыктарына жооп берген мамлекеттер менен кызматташууга жетишти. Кыргызстанды өнүктүрүү максатында өлкөгө инвестицияларды тартууга шарт түзүп берди. Экинчи мөөнөткө шайланган Бакиев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип, үчүнчү мөөнөткө барбасын ачык айтып, бийликти эл шайлаган президентке өткөрүп берерин жарыялаган.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ
1940-жылы 6-июлда Алматы облусуна караштуу Чемолган айылында төрөлгөн. Назарбаев өзүнүн саясий карьерасын Компартиянын облустук бөлүмүнүн 2-секретары болуу менен баштайт. 1984-жылы Казак ССРинин Министрлер Кеңешинин төрагасы, 1990-жылы Казак ССРинин президенти кызматына шайланат. Союз тарагандан кийин 1991-жылдын декабрында жалпы элдик шайлоодо Казакстандын биринчи президенти болуп шайланат. 1999-жылы, андан соң 2005-жылдагы шайлоолордо жеңишке жетет. Ал эми 2007-жылы Казак парламенти Нурсултан Назарбаевди өмүр бою президент деп жарыялаган токтом кабыл алат.
20 жылдан бери Казакстандын жашоо деңгээли өсүп, КМШ ичинде тез өнүгүп келе жаткан мамлекетке айланды. Канчалык сындар айтылбасын, Нурсултан Назарбаев көзү өткөнгө чейин бийликте турары анык болуп калды.

ИСЛАМ КАРИМОВ
72 жаштагы Ислам Каримов да коммунисттер мектебинде тарбия алган. Балдар үйүндө өскөн Каримовду «нукура өзбек эмес, тажик каны бар» деп сөз кылып жүрүшөт. 1989-1991-жылдары Өзбекстан ССРинин Компартиясынын биринчи секретары кызматын аркалаган Каримов 1991-жылдын 31-августунан баштап эгемен Өзбекстандын биринчи президенти болуп шайланат. 1995-жылкы элдик референдумда Каримовдун президенттик ыйгарым укуктары 2000-жылга чейин узартылат. 2000-жылдын 9-январындагы президенттик шайлоодо Каримов добуштардын 90 пайызын алып, экинчи мөөнөткө президент болот.
2002-жылы жалпы элдик референдум өт­көрүлүп, анда президенттин ыйгарым укуктары 5 жылдан 7 жылга чейин узартылат. 2007-жылдагы президенттик шайлоодо кайрадан жеңишке жетишкен Ислам мырза эми 2014-жылга чейин Өзбекстанды башкарары анык. Мураскер катары тун кызы Гүлнараны даярдап жатканы айтылат.

ЭМОМАЛИ РАХМОН
Тажикстандын президенти учурда 58 жашта. 1992-жылы Тажикстан Жогорку Советинин төрагасы болуп шайланган Рахмон жарандык согуш убагында оппозиция менен келишип, Тажикстандагы согушту токтотууга жетишкен. 1994-жылы ал Тажикстандын президенти болуп шайланат. Кийинки шайлоо 1999-жылы болуп, анда 5 жыл эмес, 7 жылдык мөөнөткө президент болуп шайланат. Ал эми 2003-жылы жалпы элдик референдум өтүп, президентке дагы эки мөөнөткө шайлануу укугу берилет. Тактап айтсак, эгер 2013-жылдагы шайлоодон утуп чыга алса, Рахмонго 2020-жылга чейин Тажикстанды башкарганга мыйзам жол берет.
7 кыз, 2 уулдун атасы болгон Э.Рахмон балдарынын саны боюнча да кесиптештерин алдыга чыгарбайт. Жакында эле экинчи кызы Озоданы Тышкы иштер министринин орун басары кызматына дайындап, «мураскерин даярдап жатат» деген сынга кабылды.

САПАРМУРАТ НИЯЗОВ
Түркмөнстандын биринчи президенти С.Ниязов 1940-жылы 19-февралда Ашхабадда төрөлгөн. 1985-жылы Түркмөн ССРинин Коммунисттик партиясынын биринчи секретары кызматына дайындалып, 1992-жылы эгемен Түркмөнстандын биринчи президенти болуп шайланат. 1994-жылы жалпы элдик референдум менен Ниязовдун президенттик ыйгарым укуктары 2002-жылга чейин узартылат. 1999-жылы Түркмөнстандын Элдик Кеңеши (парламент) Ниязовдун өмүр бою президент болушуна токтом кабыл алат. Бирок Түркмөнбашы 2006-жылдын 21-декабрында жүрөгү токтоп, мезгилсиз дүйнөдөн кайтат.
Ал ажо катары өзүнүн тышкы жана ички саясатын Түркмөнстан – эл аралык деңгээлдеги тарапсыз өлкө” деп жарыялоо менен баштаган.
Ниязовдун уулу учурда Венада жашаса, кызы апасы менен Москвада жашаары айтылат.

ГУРБАНГУЛЫ БЕРДЫМУХАММЕДОВ
Ниязов каза болгондон кийин анын ордуна Гурбангулы Бердымухаммедов 2006-жылдын декабрь айында президенттин милдетин аткаруучу, ал эми 2007-жылдын февралындагы президенттик шайлоодо Түркмөнстандын экинчи президенти болуп шайланат. «Гурбангулы Бердымухаммедов Ниязовдун мыйзамсыз төрөлгөн баласы, жеке дарыгери болчу» деген маалыматтар айтылып жүрөт. Тиш доктур кесибинин ээси Г.Бердымухаммедов Ниязовдун айрым указдарын жокко чыгарды. Ал президент болгондон баштап Түркмөнстанды жаңылоо боюнча кабыл алган чечимдери азырынча аны реформатор катары көрсөтүп келет.

Айбек Кочкоров
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

КЫРГЫЗСТАНДА ДЕМОКРАТИЯ БАРБЫ?

Адилет,
20 жашта, студент:
– Саналуу адамдар үчүн гана демократия. Азыр эл эки катмарга бөлүнүп баратат. Бирөөлөр демократиянын жолуна жакшы түшүнүп, пайдаланып жатышса, дагы бирөөлөр демократия эмне экенин билишпейт. Бизде адам укугу тебеленген учурлар өтө көп.

Айнура,
55 жашта, китепканачы:
– Демократия бар. Бирок ар ким аны ар кандай түшүнүп алып, баш аламандыкты жаратууда. Кээ бирөөлөр демократия деп эле өз билгенин жасап жатышат. Муну биз бир нукка салбасак, өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Союз учурунда демократиясы жок эле эл бейкапар жашачу.

Алтынбек,
25 жашта, студент:
– Демократиялык өлкө деп аталганы эле болбосо максатына толук жетпей, ара жолдо калды. Карапайым элдин ичинде демократияны туура эмес түшүнгөндөр да көп. Мыйзамга туура келбес иштерди деле демократияга такагандар бар. Туура багыт ала албай жатабыз. Буга кандайдыр бир иш-чараларды жүргүзүү керек.

Алина,
28 жашта, ашпозчу:
– Менимче, демократия болбосо жеке ишкерлер көбөймөк эмес. Демократияны колго алгандан бери элдин көбү бутуна туруп калды. Байкалбаганы менен, Кыргызстанда Өзбекстан, Казакстан деген өңдүү өлкөлөргө караганда демократия бар. Мисалы, бийликти каалашынча эле сындап жатышат. Ал эми сөз эркиндиги демократия эмес, эмне?

Раимбек,
57 жашта, айдоочу:
– Кайдагы демократия?! Демократияга шылтоолоп, өз билгендерин жасашууда. Бир чиновник электр энергиясын кымбаттатып, дагы бирөө жер сатып эле байып жатышат. Демократиянын негизги шарттарынын бири – мыйзамдуулук. Ал эми азыр мыйзам бузуулар көбөйдү.

Чынара,
62 жашта, пенсионер:
– Демократия бар. Мына буга чейин социализм, коммунизм деген доорлорду деле басып өттүк. Ал эми демократиянын өлкөбүзгө орногону жакшы эле болду. Биринчиден, эл буга ишениши керек. Ишеним болгондо гана демократия жакшы жолго түшөт.

Бакытбек,
48 жашта, ишкер:
– Демократиялык өлкө деп жарыялангандан кийин аны жок деп айтыштын өзү туура эмес. Кыргызстанда демократия толук кандуу багытын таап кете албай жатса да, башаты бар деп айта алам. Учурда демократия деп эле «каалаганымды кылам» дегендер көбөйдү.

Бахияна Сатылганова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Alibek
2010-03-29 09:01:51
Тузотуунузго рахмат, текст ондолду.
0
aizita
2010-03-31 05:06:23
Kyrgyzstanda demakratia JOK...
0
jyza
2010-03-31 18:30:22
Кыргызстанга Путиндей бир киши керек,башкага жемин жедирбей,элин танап тонотпой,элинин кызыкчылыгын коргоп,оркундоп-осуусун каалаган,озунункамын ойлобой.Бакиев сыяктуу киши менен алдыга умтулуп,оркундоп осо албайбыз
0
italia
2010-03-31 20:02:44
Карасанар Казакстан,Озбекстан кандай бутуна турушту а Кыргыз байкуш мынтип отурсак биз жакын рада бутубузга туралбайбыз,айлык акынын баасы 3000сомдон ашпаса светин баасы бул болсо мындан ары кандай жашоо болот айткылачы?
0
№ 386, 26-март - 1-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан